Аллахтын нусрат жөнүндөгү убадасы жүзөгө чыгышынан мурун келе турган сыноолор жана нусрат белгилери (Экинчи бөлүм)

677
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Аллахтын нусрат жөнүндөгү убадасы жүзөгө чыгышынан мурун келе турган сыноолор жана нусрат белгилери

(Экинчи бөлүм)

 Устаз Мухаммад Жамиъ (Абу Айман)

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы

расмий сүйлөөчүсүнүн жардамчысы

Шексиз, нусрат Аллах Тааланын нусрат жана жардам беришине терең ишенген сабырдуу пенделерине берилет. Алар сыноо жана кыйынчылыктар канчалык оор болбосун, Аллах Субханахунун жарык күндөрү жакын экенине жана аларга белгилүү бир убакыттан кийин болсо да шексиз жардам беришине ишенишкендиктен таптакыр ачууланышпайт. Алар балээ, мусийбат жана кыйынчылыктарга учурашса да моюн сунушпайт. Кызыкчылыктарына канчалык зыян жетпесин, өз принциптеринен баш тартышпайт. Себеби, алардын түпкү кызыкчылыгы – Роббинин ыраазылыгына жетүү жана Ислам өкүмдөрү жана шарияты колдонула турган заманда жашоо. Алар муктаж болуп калышса да, бир үзүм нан тапканга чейин канчалык кыйынчылык жана азаптарга туш болушса да, жолдон азгыруучу жана чалгытуучу нерселер канчалык көп болсо да, өз маселелери туурасында эч качан соодалашпайт. Ушунча кыйынчылыктарга карабастан, бекем турушат жана өздөрүнүн тагдырий маселелерине жардам берүү үчүн күндү түнгө улап аракетти улантышты. Эсиңерде болсун, алардын тагдырий маселелери – Роббинин өкүмү жана шариятын колдонуп, Ислам байрагын көтөрүп чыга турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Аллахка кулдук кылуу. Мына ошолор, шексиз, нусраттын кушкабары берилгендер жана ийгилик-утушка жеткендер. Аллахым, бизди да ошолордон кылгын, я Роббал аламин.

Бүгүн дүйнө бойлоп мусулмандарга каршы кафирлердин ачык чабуулдарын көрүү бизди кайгыга салат. Исламий өлкөлөрдөгү өкүмдарлар кафирлер менен уялбай ашкере тил бириктиришүүдө. Алар Ислам жана мусулмандарга каршы согушта кафирлер менен бир сапта турууну тандашты. Аллахтын бизге болгон мээрими себептүү биздин сап алардан бөлүнүп турат. Бирок, бул күрөштө калыс момундарга сыноо дагы да күчөп, кайраттуулукка болгон муктаждык ушул баскычта дагы да көбөйүүдө. Албетте, бул кайраттын артынан Аллах Субханахунун уруксаты менен фатх жана ачык-айкын нусрат келет. Мына, яхудийлер Фалестин калкына каршы душмандык жана кол салууну күчөтүп жатышат. Көчүп келип жайгашкан яхудийлердин тобу Акса мечитине бастырып кирип, мечит харамда курмандык жана ибадаттарын аткарууларын күндө жарыя кылышууда жана (израиль) аскерлеринин коргоосунда, каалаган ишин провокациялык түрдө ишке ашырышууда. Алар менен Мисир, Иордания, Сирия жана Түркия сыяктуу исламий өлкөлөрдүн өкүмдарлары тил бириктиришүүдө. Эмираттар яхудийлердин бул кылмыштарына тукуруп жаткан болсо, Сауд үй-бүлөсү режими шаръийлик түсүн берип келишүүдө. Судан сыяктуу калган мусулман өлкөлөрүнүн өкүмдарлары болсо, итааткөйлүк көрсөтүп, жашыруун жана ашкере сапар кылышууда. Кээ бир мусулман уламалары сүкүт кылууну жана көз жумууну туура көрүп жатышкан болсо, кээ бирөөлөрү диди жана дин жолунда төгүлгөн кандарды о.э. намыстарды урматтабай, бетпактык жана намыссыздык позициясын карманып, баскынчыларга моюн сунууга жана алар менен мамилелерди нормалдаштырууга чакырып жатышат!

Эки тараптуу стандарттарды карагыла: бир тараптан Фалестиндеги кылмыштарга сүкүт кылынса, экинчи тараптан Украинадагы согушка көңүл айтышууда… Бул дүйнөлүк эки жүздүүлүктөн башка нерсе эмес!

Дал ушундай көрүнүштү Кытайдагы уйгур мусулмандарына карата мамиледе да көрүүгө болот. Мисалы, БУУнун адам укуктары боюнча бөлүмү тарабынан 2022-жылы 3-августта чыгарылган отчётто «Кытайда адам укуктары олуттуу тебеленип жатканы, Чыгыш Түркстан мусулмандарына каршы жасалып жаткан айрым операциялар адамзатка каршы кылмыш даражасына көтөрүлгөнү» айтылат. («Ал-Жазира», 2022-жыл, 9-сентябрь).

БУУнун адам укуктары боюнча комиссиясынын 2018-жылы августтагы отчётуна ылайык, Кытай миллиондон ашуун уйгур мусулмандарын Чыгыш Түркстан вилаятындагы жашыруун лагерлерге камаган. Кытай 1949-жылдан бери ээлеп келе жаткан бул вилаятта уйгур мусулмандарын «реабилитация лагерлеринде» кармап келүүдө. Муну менен бирге, аларга карата мажбурий эмгек жана мажбурий стерилизация (тукумсуздук) операцияларын колдонуп жатат. Австралия Стратегиялык саясий институтунун отчётуна ылайык, Чыгыш Түркстанда Кытай өкмөтүнүн саясаты себептүү 2017-жылдан бери Чыгыш Түркстанда болжол менен 16 миң мечит буздурулган же зыян жеткирилген.

Мусулман өлкөлөрүндөгү арамза өкүмдарлар Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүп жаткан душмандардын тарабында турууну абзел көрүшү өкүнүчтүү да, аянычтуу дагы. Мына, 2021-жылы Кытайдын уйгур мусулмандарына карата кылмыштарын 62 мамлекет – алардан көпчүлүгү исламий өлкөлөр жана Африка өлкөлөрү – туура деп коргогон. Бул 62 мамлекет кол койгон билдирүүдө айтылышынча, бул мамлекеттер «адам укуктары шылтоосунда Кытайдын ички иштерине аралашууга о.э. жалган маалыматтарга жана Кытайга каршы саясий себептерге негизделип Кытайды каралоого» каршы экендиктерин билдиришкен.

Шексиз, бүгүнкү күндө Ислам Умматы башынан өткөрүп жаткан абал кайгылуу. Ислам Умматын бириктире турган түзүм жок болгондуктан бардык адамдар ага каршы жырткычтардай кол салышууда. Ошондуктан, мусулмандарды коргой турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн кайрат менен туруп, өзгөрүүгө аракет кылуу керек.

Нусрат бекем туруу жана сыноолорго сабыр кылуунун артынан келиши туурасында көптөгөн аяттар келген. Алардын катарында Аллах Тааланын ушул аяты:

﴿وَلَنَبْلُوَنَّكُمْ بِشَيْءٍ مِنَ الْخَوْفِ وَالْجُوعِ وَنَقْصٍ مِنَ الْأَمْوَالِ وَالْأَنْفُسِ وَالثَّمَرَاتِ وَبَشِّرِ الصَّابِرِينَ * الَّذِينَ إِذَا أَصَابَتْهُمْ مُصِيبَةٌ قَالُوا إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ * أُولَئِكَ عَلَيْهِمْ صَلَوَاتٌ مِنْ رَبِّهِمْ وَرَحْمَةٌ وَأُولَئِكَ هُمُ الْمُهْتَدُونَ﴾

«Жана албетте силерди кооп-коркунуч, ачкалык, мал-жан жана мөмө-чөмөлөрдү азайтуу сыяктуу нерселер менен сынайбыз. (Эй Мухаммад) бирер мусийбат келгенде: Албетте биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте биз Ага кайтуучуларбыз, деген сабыр кылуучуларга кушкабар бергин. Дал ошолорго Роббилери тарабынан салават (магфират) жана рахмат бар. Мына ошолор акыйкат жолду табуучулар»                                                          [2:155-157]

Аллах Таала Ислам жолунда кымбат нерселерин эле эмес, ал тургай, жандарын берген сахабаи кирам розияллаху анхумдар жөнүндө Ахзаб сүрөсүндө айтат:

﴿مِنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُم مَّن قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُم مَّن يَنتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلاً﴾

«Момундардын арасында Аллахка берген убадасында бекем турган кишилер бар, алардын айрымдары өз убадасында турушту (т.а. шейит болду), айрымдары болсо (шейит болууга) ынтызар, алар (мунафыктарга окшоп Аллахка берген убадаларын) өзгөртүшкөн жок» [33:23]

Түпкүлүгүндө, ыйман ээлеринин оор сыноо учурунда карманган бул позициясы – ыйман ээлери өз ыйманын үстөм кылуу жана адамдарга акыйкатты жеткирүү жолунда канчалык мусийбаттарга туш келбесин, албетте нусратка жетишет, деген мазмунда жер жүзүндөгү ар бир тогутка жолдонгон кайрылуу. Ооба, алар батылга «жок», залимге «зулумду токтот» дешкени үчүн нусратка жетишет. Момундардын карманган позиция мына ушундай. Алардын кээ бирөөлөрү уламалар, кээ бирөөлөрү аскерийлер, дагы бирөөлөрү катардагы адамдар. Муну аларга үйрөткөн –бул пайгамбары, жетекчилери – Мухаммад ﷺ. Ал бекем туруп, даъватта соодашашкан жок, маселелеринде жагынышкан жок. Негизи, соодалашуунун миң түрү бар эле, кыйынчылык оор, басымдар катуу, жардамчы жана көмөкчү адамдар өтө аз эле, Аллах Тааладан башка жардамчы жок эле. Ооба, кудуреттүү Аллах абдан туура айткан:

﴿وَاللَّهُ يَعْصِمُكَ مِنَ النَّاسِ﴾

«(Эй Мухаммад) Аллах сени адамдардан сактайт»                                                    [5:67]

﴿إِنَّ اللَّهَ يُدَافِعُ عَنِ الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّ اللَّهَ لا يُحِبُّ كُلَّ خَوَّانٍ كَفُور﴾

«Албетте, Аллах момундарды коргойт, албетте, Аллах бардык кыянатчы жана куфрону ниъмат кылуучуларды жакшы көрбөйт»                                                                      [22:38]

Бүгүн биз Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Исламды жер жүзүндө үстөм кылуу ишинде кайратка өтө муктажбыз. Биз Роббибизге ыйман келтирген, ушул ишибиздин туура экенине ынанган, убада-шертибизде күчтүү, кайратыбыз сынбай турган, намысыбыз дайыма бийик абалда бекем турушу керек. Чечими күчтүү болгон момунга эмнеге Аллах нусрат бербесин?!

(Уландысы бар).

 

Роя гезити, №416, 2022-жыл, 9-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here