Кыргызстанда жаштардын 89 пайызы чет өлкөгө кетүүнү каалайт
Кыргызстанда жаштардын 89% чет өлкөгө барып иштеп же билим алууну каалайт. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун жардамы менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурулган сурамжылоодо белгилүү болду. “Кыргызстандагы жаштардын 2022-жылга карата бакубатчылык жана өнүгүү индекси” деген сурамжылоонун жыйынтыгы 5-январда жарыяланды.
Маалыматка ылайык, ага катышкан жаштардын 13,3% миграцияга кеткенден кийин кайра Кыргызстанга кайтып келүүнү пландабай турганын айтышкан. 30% өздөрү же үй-бүлө мүчөлөрү буга чейин эмгек миграциясында болгонун айтып беришкен. Сурамжылоого Кыргызстандын бардык аймактарынан 14-28 жаштагы улан-кыздар катышкан.
Мындан белгилүү болгондой, келечек муундун өкүлдөрү өлкөнүн келечегине үмүт артпайт. Сурамжылоодогу билим берүү жана миграция маселесине өз-өзүнчө токтолуп өтмөкчүбүз.
Жаштардын чет өлкөдөн билим алууга умтулушунун негизги себеби, мектеп курагынан тарта эле аларга Батыш сакофаты таңууланып окутулганында. Тагыраагы, капиталисттик идеологиянын тарыхы, мыйзамы, адабияты жана тили окутулат. Натыйжада, Ибн Касир, Ибн Исхак, Ибн Хишамдын тарых китептери эмес, демократ жана социалисттердин тарыхынан таасирлене турган болушту. Исламдын кыямат күнүнө чейин чечим бере турган кеңири фикх-мыйзамчылыгынан кабарсыз калып, демократиянын эркиндик беткабын кийген мыйзамдарын туу тута турган болушту. Пайгамбарлардын, сахабалардын жана мусулмандардын эрдигин чагылдырган адабияттарды эмес, Батыштын бузукулук жайган адабияттары окууга мажбур болушту. О.э Куран тили болгон араб тилинен алыстап, Батыш сакофатын жаюу куралына айланган англис тилине жабыша турган болушту. Буга кошумча, көпчүлүк балдар окуган мамлекеттик окуу жайлары сапаттуу билим бере албайт, мугалимдердин маянасы аз, ал мектептердин техникалык базасы начар. Бир ууч капиталисттердин балдары болсо менчик сапаттуу мектептерде окуп, ушул сакофаттан терең билим алышат жана окууларын чет элдик университеттерде улантышат. Анан алар мамлекетибизге илимий ачылыштарды же ойлоп табууларды эмес, демократиялык сакофатты импорттошот. Сакофат болсо, ар кандай коомду колония кылууда негизги орунду ээлейт. Ошондуктан, бүгүнкү жаштар Батышка барып билим алууну, ал жерде жашоону жетишкендик катары баалай турган болуп калды.
Ал эми, чет өлкөгө миграцияга кетүү маселесине келсек, өлкөдөгү бир ууч капиталисттер бийликти да, кирешелүү тармактарды да ээлеп алган. Алар калкты татыктуу жумуш менен камсыздоо үстүндө башын да оорутпайт. Калктын абалын шайлоо учурунда гана эстешет. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, калкты жумуш менен камсыз кылуу кызматтарындагы 1 бош орунга 28 адам талапкер болгон. Ошону менен катар сурамжылоого катышкандардын 72,8% жумушсуздукту учурдагы эң актуалдуу көйгөй деп аташкан. Мамлекеттеги жумушсуздук боюнча статистикалар чыныгы абалды көрсөтпөйт. Анткени, алар акыркы үч ай ичинде жумуш издеген адамдарды гана бул катмарга кошушат. Ал эми, үйүндө отургандар, мезгилдүү иштегендер жана акыркы үч ай ичинде жумуш издебегендер бул статистиканын сыртында калып кетет. Мунун каршысында, бийлик – жакырчылык жана жумушсуздук көйгөйлөрүнүн чечими катары – көптөгөн чет өлкөлөргө жарандарыбызды эмгек мигранты кылып чыгарып жиберүүнү айтып олтурат.
Түпкүлүгүндө, жумушсуздуктун бирден-бир себеби – бул бүткүл дүйнө боюнча, анын ичинде Кыргызстанда, капиталисттик система өкүм жүргүзүп жатканында. Капитализмдеги экономикалык системага ылайык, пайдалуу казылмалар, жерлер, жайыттар “менчиктештирүү” аркылуу чиновник-капиталисттер колуна өтүп кеткен. Тышкы соода жана ички кызмат көрсөтүүнү да алар монополия кылып алышкан. Ошондуктан, автоматтык түрдө алар жумуш берүүчүлөр болуп калышкан. Капиталисттик «пайда» көз карашынан келип чыгып, бул жумуш берүүчүлөр – өздөрү үлкөн пайдаларга жетишүүлөрү үчүн – өз өндүрүштөрүнө мүмкүн болушунча аз жана арзан жумушчу күчүн жалдап алышат. Мунун натыйжасында жумушсуздар армиясы жаралууда.
Капитализмдин ана башы болгон Батыш мамлекеттери – капитализмди жаюунун тарыйкаты болгон империализм аркылуу – үчүнчү дүйнө өлкөлөрүн колониялар кылып алышкан. Инвестор маскасы артында кирип келген алардын компаниялары иш орундарын түзүү жана мамлекетке пайда келтирүү тууралуу айтышса да, бирок, алардын максаты башка. Алар элибизди арзан жумушчу күчү катары эзип иштетип, байлыктарыбызды ит бекер ташып кетүү үчүн келишет. Ошондуктан, дүйнө үстүнөн капитализм өкүм жүргүзүп турганда, эч качан биздин өлкөлөр жумушсуздук жана жакырчылык баткактарынан чыга албайт.
Буга кошумча, колонизатор мамлекеттер Кыргызстанга окшогон “үчүнчү дүйнө” өлкөлөрүн айыл чарбасы, мал чарбачылык жана жеңил өнөр-жай менен гана алектенүүсүнө уруксат берет. А түгүл, дүйнөлүк уюмдар да карыз жана кредиттерди ушул багытта гана колдонууга уруксат берет. Колонизатор мамлекеттер эч качан үчүнчү дүйнө мамлекеттерине оор өнөр-жай, аскердик өнөр-жай же машина куруучулукту өнүктүрүүгө жол беришпейт. Бириккен Улуттар Уюму ушул мамлекеттер кызыкчылыгына кызмат кылуу үчүн түзүлгөн. Ал эл аралык мыйзамдар аркылуу бул мамлекеттерди көзөмөлдөп турат. Бул мамлекеттер жетекчи мамлекеттер үчүн сырьё базасы болуп эсептелишет о.э. булар айыл-чарба тармагына чектеп коюлган. Айыл-чарбасы үчүн зарыл болгон техникалар болсо ошол колонизаторлордун колунда.
Мунун каршысында, Исламдагы экономикалык саясат: бардык жарандардын негизги мухтаждыктарын кандыруу жана жогорку керектөөлөрүнө шарт жаратып берүүнү көздө тутат. Негизги мухтаждыктары кандырылган адамдар жакыр болбойт жана алар жумушсуз калуудан коркпойт. Бирок, алар өздөрүнө жүктөлгөн нафакаларды өтөш үчүн иштешим важиб деп, Аллахтан корккон абалда иштөөлөрү керек, эгер антпесе, мамлекет аларды иштөөгө мажбурлайт. Эң оболу, Ислам иштөө важиб болгон бардык жарандарын жумуш менен камсыздоону мамлекет мойнуна жүктөйт. Капитализмдеги өкмөттөр мындай жоопкерчиликти алышпайт. Мамлекет жарандары жеке компаниялар иш берсе жумуштуу болот, алар айдап салса жумушсуз калат. Ал эми Исламда адамдар жумушсуз калса, аларга жумушчу ордун түзүп берүүгө мамлекет милдеттүү болот.
Исламда жалпы элдик (умумий) мүлк деген мүлктүн түрү бар. Пайдалуу казылмалар ушул түргө кирет. Капитализмдегидей болуп ага жеке адамдар же мамлекет ээлик кылбайт. Анын пайдалары өзүнө ылайык жолдор менен мамлекеттин ар бир жаранына жетип барышы керек. Андан адамдар пайдалануусу үчүн, аны иштетүүгө мамлекет милдеттүү. Демек, кендердин пайдасы жетип баруу менен адамдар жакырланбай жашайт, мамлекет кендердин өндүрүшү үчүн завод-фабрикалар куруп иштетүү менен жарандарга үлкөн жумушчу орундарын түзүп берет.
Мамлекет адамдарды жерди иштетүүгө шыктандырат жана дыйкандарга каржы жана техникалык кайтарымсыз бекер жардамдарды берет. Ага кудуретсиз болуп турса, файызсыз карыздарды берет. Жердин ижарага берилишине тыюу салат. Үч жыл катарынан иштетилбеген жерди алып, иштетүүчүлөргө берет. Булардын баары өз кезегинде кошумча жумушчу орундарын жаратат. Жайлоо жана жайыттар да жалпы элдик мүлккө киргендиктен, аларды бир ууч адамдар энчисине басып жата албайт.
Капиталисттик коомдо көпчүлүк адамдарды пайдадан куру калтырып, бир ууч адамдар байлыкты топтоп ала турган дагы бир нече түрткүлөр бар. Мисалы, сүткордук, монополия, байлыкты казына (канз) кылып басып жатуу ж.б. Ислам булардын бардыгын арам кылат.
О.э. жогоруда айтып өткөнүбүздөй, мамлекет алгач ишке жарамдуу жарандарын иш орундары менен камсыздайт. Кимдир бирөө ошондон кийин да нафакасын таба албаса, анын нафакасы ага мураскор болгон бай туугандарына жүктөлөт. Эгер мындай да болбосо, ага байтулмалдын зекет бөлүмүнөн берилет. Зекеттен жетпесе, мамлекет өз мойнуна алат. Мындай камкордук адамдарды жакырчылыктан коргойт.
Мындан сырткары, азыр капитализмде мамлекет элден жыйылган салык эсебинен жашайт, салыктын түрлөрү көп жана алардын оор жүгү элдин желкесине жүктөлгөн. Исламда зарыл учурларда бай эсептелген жарандардан гана салык алынат. Кембагалдар, ал тургай ыктыярдуу түрдө берсе да кабыл алынбайт.
Мына ушул өкүмдөрдүн колдонулушу табийгый түрдө жакырчылыкты жойот, жакырчылыктан коопсуз болгон адамдар жумушсуздуктан да коркпойт. Ошондуктан, жеке ишкерлер – капиталисттер сыяктуу – адамдарды жумушсуздук менен коркута алышпайт.
Бул өкүмдөрдүн бардыгы Исламдын экономикалык түзүмүн колдонуу менен ишке ашат. Бирок, бул экономикалык түзүм Исламдын башка түзүмдөрүнөн айры, башка куфр системаларынын колтугунда ишке ашуусу мүмкүн эмес. Демек, бул экономика Исламды толугу менен колдонгон Ислам мамлекетинин саясында гана ишке ашат.
Кыргызстандагы Хизб-ут-Тахрирдин маалымат бөлүмүнүн мүчөсү
Мумтаз Маверанахрий