Жапаров мамлекеттин тышкы карызын “жашыл” долбоорлорго алмаштырууну сунуштады
Кабар: Президент Садыр Жапаров өлкөнүн тышкы карызын “жашыл” долбоорлорго алмаштыруу боюнча демилгелерди карап чыгууну тапшырганын билдирди. Жапаров бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Албетте, биз тышкы карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелерибизди толук аткарып келе жатабыз жана мындан ары дагы аткарабыз, ага толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Болгону, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана аны менен дүйнөлүк экологиялык кырдаалды жакшыртууга чогуу-чаран салым кошолу деген демилгени көтөрүүдөбүз”, – деди ал.
Анын айтымында, Кыргызстанга карыз берген мамлекеттер жана каржылык уюмдар өлкөдөгү энергетика объектилеринин курулушуна жана “жашыл” экономика объектилеринин “лентасын” кесүүгө катышуусу мүмкүн.
О.э. Кыргызстанда 4,2 миллиард доллар тышкы карызды төлөө боюнча бардык милдеттенмелерди аткаруу үчүн “бардык мүмкүнчүлүктөр” бар экендигин, өлкөдө чакан жана орто 50 ГЭС курулуп жатканын билдирди.
“Кыргызстан гидроресурстарга бай өлкө. Суу ресурстарынын башында турганыбызга карабастан, эгемендүүлүк жылдарында жаңы ГЭСтерди кура албай, кышында электр энергиясын импорттоого аргасыз болгонубузду өкүнүч менен белгилейм. Эгемендиктин отуз жылында мазут, көмүр жана буга чейин болгон ГЭСтерден эле күчүбүздү чыгарып келгенбиз. Учурда биз гидроэнергетикалык дараметибиздин 10%га жакынын гана пайдаланып жатабыз”, – деди Жапаров.
Комментарий: 6-январда Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын энергетика министрлери “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун талкуулап, жол картасына кол коюшту. Анын курулушуна болжол менен 3 млрд доллар жумшалары күтүлүүдө. Кыргызстан эле эмес, Өзбекстан менен Казакстандын да карызга батып турган азыркы экономикалык абалында мындай ири долбоор үчүн каражат бөлүү мүмкүнчүлүгү жок. Башка тараптан, бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карызынын эң ири бөлүгү Кытайдын Экспорт-импорт банкына туура келет. Белгилүү болгондой, кыргыз өкмөтү бир нече жолу суранган соң Кытай өкмөтү карызды төлөө мөөнөтүн 4 жылга узартууга ыраазы болгон. Бул тууралуу ошол кездеги премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков 2020-жылы 25-ноябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө билдирген.
Ошондо Новиков: “Кытай карызды кайтаруу мөөнөтүн транштарга бөлүп төрт жылга узартууну сунуштап жатат. Мындай мөөнөттү узартуу үчүн пайыздык ставка 2 пайыз болуп белгиленди. Сунуш өкмөт тарабынан жеңилдиктер боюнча белгиленген параметрлерден ашпайт. Бул сумманын ашыкча төлөмү 2,9 миллиард сом (34 миллион 118 миң доллар) болот”, – деген эле.
Мындан тышкары, июнь айында Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башчылыгындагы өкмөт мүчөлөрү өлкөдөгү акыркы социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымат берген.
Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы тышкы карызды төлөө маселеси бюджеттин чыгашалар бөлүмүндө өзгөчө орун ээлешин белгилеп, эгер Кыргызстан карызды өз убагында төлөбөсө, бир нече объектилерди башкаруу бөлөк бирөөлөрдүн колуна өтүп кетиши мүмкүн экендигин айткан.
“2023-жылдан 2028-жылга чейин 400 миллион доллардан кем эмес, айрым учурларда 460 миллион долларга чейин тышкы карызды төлөйбүз. Мамлекеттик карызды тейлөөгө алдыдагы беш жыл катары менен биз 35 миллиарддан 50 миллиард сомго чейин каражат жумшап турушубуз керек. Тышкы карыздын 50% ашыгын Кытайдын Эксимбанкына төлөйбүз. Коркуткан сөз эмес, бирок төлөй албай калсак Бишкек Жылуулук электр борборунун, Датка-Кеминдин, түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун башкаруусу бөлөк бирөөнүн колуна өтөт”, – деген эле Акылбек Жапаров.
Демек, президент Жапаров сунуштап жаткан “жашыл” долбоорлордо негизги инвестор Кытай болушу мүмкүн. Эгер Кытай бул долбоорлорго да “инвестор” боло турган болсо, кен-байлыктарыбызга ээлик кылып, талап-тоноп келе жатканы аздык кылгансып, суу жана жайыттарыбызга да ээ болуп калат.
Бүгүнкү күндө дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан капиталисттик түзүмдө сүткордукка негизделген экономикалык мамилелер жакыр мамлекеттерди ого бетер жакырдантып, карызга батыруу негизине курулган. Бул түзүм турган кезде экономикасы айыл чарбасына негизделген “үчүнчү дүйнө” мамлекеттери эч качан эркин дем ала албайт. Эл аралык түзүм мындай мамлекеттердин карыздан толук кутулушуна, экономикалык өнүгүүнүн негизи болгон оор өнөржайга ээ болушуна эч качан жол бербейт. Мындай мамлекеттер көптөгөн жылдар бою алынган карыздардын үстөк пайызын жана алынган карыздын өзүн төлөй албай калышып, дагы кайрадан карыз алууга жана кекиртегине чейин карызга батып, акыры карызын жерлер жана кен-байлыктар эсебинен төлөөгө мажбур болушат.
Абдурахман Адилов