Япониянын жаңы коргоо стратегиясы

1582
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Cуроо-жооп

Япониянын жаңы коргоо стратегиясы

Суроо:

Япония жаңы коргоо стратегиясын кабыл кылды. Бир нече күн мурун жарыяланган бул жаңы стратегия коргоо бюджетин сезилээрлик даражада көбөйтүүнү өз ичине алат. Бул Япониянын Экинчи дүйнөлүк согуштан мурунку аскерий кубатын кайра тикелешин түшүндүрөбү? Бул жаңы стратегиядан эмне максаттар көздөлгөн? Бул стратегия Япониянын өз алдынча чечимиби же тышкы таасир астында, өзгөчө АКШнын таасири астында кабыл алынган чечимби?

Жооп:

Ооба, Япония өкмөтү жаңы коргоо стратегиясын жана мыйзамчылыктагы өзгөрүүлөрдү кабыл алды. 2022-жылы 16-декабрда Япония премьер-министри Фумио Кисида өкмөтү үч коргоо документин астыктады: 1) «Япониянын улуттук коопсуздук стратегиясы», 2) «Улуттук коргоо стратегиясы», 3) «Узак мөөнөттүү коргоо программасы». Т.а. Япония Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки баракты жаап, жаңы барак ачты жана жетимиш жыл ичинде башынан өткөргөн жеңилүү психологиясынан арылып, аскерий кубатын кайра тикелөө үчүн аракетке киришти. Чыныгы максаттарды түшүнүү үчүн ушуларды карап чыгабыз:

Биринчи: бул стратегиянын пункттары:

  • Япония бул стратегиянын алкагында Японияны аскерий күчтөн куру калтырган жана өлкөдөн тышкарыда ар кандай аскерий иш-аракеттерге тыюу салган конституциядагы эрежелерди бекер кыларын жарыялады. Бул эрежелер Америка Японияны басып алган убакта иштелип чыгып, 1947-жылдан бери иш жүзүндө аткарылып келген… Япониянын жаңы стратегиясы чабуулга учуроо ыктымалы жаралганда алдын ала жасала турган согушту жокко чыгарып, Япониянын шарттуу «каршы» чабуулун гана камтып жаткан болсо да, бирок, Япония биринчи ирет чет элдеги аскерий аракеттер туурасындагы тыюуну жоопкерчилигинен алып салды… Бул стратегия Япониянын аскерий чыгашасын эки эсе көбөйтүүнү т.а. мурунку эң жогору эсептелген ички дүң продукциянын 1 пайызынан 2027-жылга барып 2 пайызга чейин (НАТО мамлекеттеринин чыгашаларына барабар) көбөйтүүнү талап кылат. Бул өкмөттүн жылдык каражаттарынын 10 пайызына тең. («Ал-Жазира», 2022-жыл, 16-декабрь). Муну менен Япония аскерий чыгаша боюнча дүйнөдө Америка менен Кытайдан кийинки үчүнчү орунду ээлейт.
  • О.э. бул стратегия Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн бери болгон «эң кыйын жана татаал коопсуздук абалынан» «эң жаман сценарийге» даярдык көрүү жана тышкы коркунучтарга каршы турууну о.э. Япония алыскы аралыктан чабуулга жооп берүү үчүн өтө көп (500) Америкада иштелип чыккан континенттер аралык «Томагавк» жана «SM-6» ракеталарын сатып алууну талап кылат.
  • Япония Конституциясынын 9-беренесинде мындай делген: «Эреже жана адилетке негизделген эл аралык тынчтыкты чын жүрөктөн каалаган Япония калкы элдин суверендүү укугу катары согушуудан жана эл аралык жаңжалдар жүзөгө келгенде коркутуу жана күч колдонуудан баш тартат. Ушуга ылайык, эч бир кургактык, деңиз жана аба күчтөрү же башка аскерий күчтөр корголбойт. Мамлекетке согушуу укугу берилбейт». Бул берене конституциядан алынды. Япония жаңы согуш саясатына келди. Бул жаңы саясат аскерий чыгашаларды, аскерий өнөр жайлаштырууну жана Япониянын Экинчи дүйнөлүк согуштан мурунку үлкөн аскерий кубатын айгинелеген чыныгы армияны жаратууну камтыган кеңири көлөмдүү ички өзгөрүүлөрдү өз ичине алат.
  • Япониянын кошуналары жана башка эл аралык күчтөр менен ынтымакта жашоо саясатына чекит коюлду. Жаңы өзгөртүүлөр Япония кошууну душман деп билген мамлекеттерге каршы «анти чабуул» уюштуруу укугун өз ичине алат. Жаңы стратегия андай аталбаган болсо да, «карамүтөздүк үчтүгүнө» каршы күрөшкө окшогон нерсени өз ичине алат. Бул «карамүртөздүк үчтүгүнүн» биринчиси – Кытай. Кытай «Япония туш болгон эң чоң стратегиялык проблема» катары баяндалган. Экинчи орунда Түндүк Корея турат. Түндүк Корея «мурункудан да олуттуу жана жакыныраак кооп-коркунуч» катары каралган. Үчүнчүсү – Россия. «Россия Украинада болгондой өзүнүн коопсуздук максаттарына жетүү үчүн күч колдонууга баргандыктан чоң сындарга учурап жатат. Анын Азия-Тынчтык океаны регионундагы аскерий аракеттери жана Кытай менен стратегиялык шериктештиги «коопсуздук боюнча негизги проблеманы» түзөт». («France 24», 2022-жыл, 16-декабрь).

Экинчи: бул стратегия жөнүндөгү эл аралык позицияларга назар салсак, ушулар белгилүү болот:

  • Кытай бул стратегияга кескин каршы чыкты жана расмий түрдө нааразылык билдирди. «Япониянын бул жаңы стратегиясы расмий түрдө жарыяланбай жатып Пекинде нааразылыкты келтирип чыгарды. Пекин ХХ кылымдын биринчи жарымында Кытай анын курмандарынын бири болгон ырайымсыз япон милитаризми жөнүндө тынымсыз айтып келет. Кытай тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Ван Вэньбин жума күнкү билдирүүсүндө мындай деди: «Япония тарап фактыларды этибарсыз калтырууда. О.э. Кытай-Япония мамилелери жана эки мамлекет ортосундагы ортоктош түшүнүктөргө берилгендигинен чыгууда жана Кытайды негизсиз түрдө аброюна төгүүдө. Биз муну каралайбыз жана дипломатиялык нааразылык билдиребиз». («France 24», 2022-жыл, 16-декабрь).
  • Түндүк Корея да Япония планын кескин каралады. «Түндүк Корея тышкы иштер министрлигинин катчысы мындай деди: «Япония олуттуу коопсуздук кризисин жаратып жатат… Ал иш жүзүндө расмийлештирген жаңы коопсуздук стратегиясын кабыл алуу аркылуу башка мамлекеттерге каршы профилактикалык соккуларды берүүгө жол ачууда»; «Япония жаңы агрессия багытын расмийлештириши Чыгыш Азиядагы коопсуздук абалын түп-тамырынан өзгөрттү». Ал Японияны өтө кооптуу жана жаман тандоо жасаганын тез арада түшүнүп жетери жөнүндө эскертти». («Sky News Arabia», 2022-жыл, 20-декабрь).
  • Америкага келсек, «Вашингтон Япониянын бул жаңы стратегиясын алкыштады. Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан: «Коргоо бюджетинин көбөйүшү АКШ-Япония союзун бекемдейт жана модернизациялайт», – деди». («France 24», 2022-жыл, 16-декабрь). АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин да Япониянын жаңыланган стратегия документтерин алкыштады. Остиндин айтымында, «жаңыланган документтер эки союздаштын коопсуздук стратегияларындагы көз караштары жана туруктуулугу шайкеш экенин чагылдырат». («Шаркул Авсат», 2022-жыл, 17-декабрь). «Президент Жо Байден бул маанилүү мүнөттө АКШ Япония менен бирге экенин айтты. Ал: «Биздин союзубуз – эркин жана ачык-айкын Индия-Тынчтык океанынын пайдубалы», – деди. Ак үй билдиргендей, Япониянын жаңы коргоо планы АКШ менен аскерий союзду бекемдөөгө багытталган». («Ал-Жазира», 2022-жыл, 16-декабрь).

Үчүнчү: бул Япония коргоо стратегиясынын жаңы планы. Аны карап чыксак, ушуларды көрүүгө болот:

  • Япония 2022-жылы 16-декабрда жарыяланган жаңы коргоо стратегиясын кабыл алышы таң калычтуу эмес, ал тургай, бул анын жетимиш жылдан ашуун созулган күчсүздүгүн жойгон маанилүү окуя болсо да. Япония коргоо министрлиги 2022-жылы 22-июлда эл аралык чакырыктарга жооп берүү үчүн аткаруу зарыл болгон коргоо саясатын камтыган «Ак китепти» жарыялаган. Япония Кытайдын өнүгүп жаткан аскерий кубаты жана Тайванга чабуул кылуу коркунучу, Кытайдын Россия менен аскерий кызматташуу коркунучу о.э. Кытай, Россия жана Түндүк Кореянын Азияда согуш чыгаруу коркунучу сыяктуу коркунучтарга туш келгенде «Ак Китеп» документи бул абалга чекит койду. Япония коргоо министрлигинин бул документи кооп-коркунучтарга каршы туруу үчүн аскерий бюджетти көбөйтүү, аскерий технологияларга инвестиция жаткыруу жана космостук күчтөрдү да өз ичине алган көп кырдуу аскерий күчтөрдү түзүү маанилүү экенин баса белгилейт. Бул болсо, Япониянын умтулуулары жогору экенин, Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңилүүнүн чаңын силкип, Тынчтык океаны регионундагы атаандаштыкка, Түштүк Кытай деңизиндеги Кытай менен Япониянын ортосундагы талаштуу аралдарга жетиши керектигин далилдейт.
  • Япониянын мурунку премьер-министри Синдзо Абэ Кытайдын күчөп бара жаткан таасирине каршы күрөшүү үчүн Индия-Тынчтык океанына багытталган Япония-АКШ биргелешкен стратегиясын иштеп чыгуу демилгесинин негизги түптөөчүлөрүнүн бири болгон. АКШ тарабынан кабыл алынган бул демилге соода жана инвестициялык маселелер боюнча АКШ-Япония жана башка союздаштар менен кызматташууну, навигация коопсуздугу үчүн Тынчтык жана Индия океандарында биргелешкен кызматташууну өнүктүрүүнү жана бул демилгеде Австралия жана Индияны шерик кылууну өз ичине алат. («Арабийя», 2022-жыл, 8-ноябрь).
  • Демек, Япониянын бул жаңы стратегиясынан жана мурунку стратегияларынан белгилүү болгондой, Япония бүгүндөн тартып аскерий күчкө ээ болуп, тарых изин өчүрүүдө жана Азиядагы согушка даярданып жатат. Япония ар дайым ири мамлекет болуп келген жана Азияда өзгөчө мааниге ээ. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштун биринчи жылдарында региондогу өкүмдар мамлекет болгон. Германия жеңилгенге чейин Европаны жеңген болсо, Япония да жеңилгенге чейин Кытайды, Кореяны, океандагы аралдарды жана Азиядагы башка мамлекеттерди моюн сундурган. Япония – ушул күнгө чейин ядролук чабуулга учураган жалгыз мамлекет. 1945-жылы август айында Америка самолёттору Хиросима жана Нагасакиге эки атом бомбасын таштап, бир эле учурда эки жүз миңден ашуун адамды өлтүрдү. Япония ядролук чабуулга учурагандан бир апта өтүп, 1945-жылы 15-августта жеңилгенин жарыялаган жана Америка жетектеген союздаш күчтөр Японияга бастырып кирип, өз өкүмдарлыгын орноткон.
  • Япониянын империялык тарыхынан алып караганда Япониянын аскерий кубатын кайра тикелеши япондордун улуулук туйгуларына таасир кылууда жана япон калкы чоң ыраазылык менен кабыл алышууда. Бирок, Япониянын узак мөөнөт демилитаризацияланышы жана союздаш күчтөр 1952-жылы Япониядан чыгып кеткенден кийин бул мамлекетте АКШнын ири аскерий базаларынын турушу Япониянын өзүнүн аскерий кубатын кайра тикелөөгө умтулушуна жол бербеди.
  • Өз армиясы, аскерий союздаштары жана регионалдык кооп-коркунучтар боюнча жаңы саясатты кабыл алган Японияны Америка дароо колдошу шексиз, Японияны аскерийлештирүү Кытайдын кооп-коркунучтарына каршы күрөштөгү АКШ стратегиясынын негизи экенин далилдейт. Америка өз кошуунун Кытайдын айланасына жайгаштырууда, Тайвандын тегерегинде чыр-чатак жана провокация жаратып, Кытай меннен согушка даярданууда. Эгер, «Кытай Тайванга чабуул кылса, Америка күчтөрү аралды коргойбу?» деген суроого АКШ президенти Байден «Ооба» деп жооп берген.
  • Ушул сыяктуу АКШнын мурунку президент Трамптын администрациясы да Түндүк Кореяны провокация кылуу менен бирге Японияны аскерий кубатын кайра тикелөөгө үндөгөнү байкалган. АКШ президенти Трамп 2017-жылы Японияга сапар жасар алдында япондор «согушкер калк» экенин баса белгилеген. «… Трамп жума күнү президент катары Азияга биринчи узак мөөнөттүү жана маанилүү сапарын баштардан мурун билдирүү берди. Ал өзгөчө Япония жана Түштүк Кореяны өз ичине алган Азия сапарында негизги этибарды Түндүк Кореянын ядролук программасына каратты… Трамп «Fox News» телеканалындагы көрсөтүүдө: «Япония согушкер мамлекет. Кытайга жана мени угуп жаткан баарына айтар сөзүм: эгер силер Түндүк Кореяга муну улантууга уруксат берсеңер, Япония менен чоң проблемага туш болосуңар…», – деди». («Марсад Ньюз», 2017-жыл, 3-ноябрь). Т.а. Трамп Япониянын атынан сүйлөп жаткандай, Япониянын Түндүк Кореяга аскерий аралашуусу мүмкүн экендиги менен Кытайды коркутту! Чыгыш Азиядагы жаңы шарттардан келип чыгып, Япония аскерий кубатын кайра тикелеши Япония үчүн зарыл болсо да, бул толук Американын планы. Себеби, Япония Американын Кытайга каршы көз карашындагы борбордук мамлекетке айланды.

Төртүнчү: эми суроонун акыркы бөлүгүнө т.а. «бул стратегия Япониянын өз алдынча чечимиби же тышкы таасир, өзгөчө, АКШнын таасири астында кабыл алынган чечимби?» деген суроого бир аз айкындык киргизүүгө болот. Жогоруда айтылгандар жөнүндө ой жүгүртүп көрсөк, ушулар белгилүү болот:

  • Япония Кытайга өкүмдарлык кылган узун тарыхка ээ. Америка жана башка колонизатор Европа мамлекеттери Японияны чектеп коюшунан мурда, Кытай япон колонизаторлугунун кеңир аймагын түшүндүргөн. Башкача айтканда, Япония тарыхындагы сансыз жеңиштердин кээ бирлери бүгүнкү күндө да тирүүлүгүн сактап келүүдө. Кытай Япониядан тарыхта жасаган кылмыштары үчүн кечирим суроону жана конфискация төлөөнү талап кылып келет. Башка тараптан, Америка жана Кытайдан кийин үчүнчү орунда турган Япония экономикасы Кытай менен кеңири көлөмдүү күрөш саясатына каражат сарптоого кудуреттүү экендиги да чоң мааниге ээ. Эгер, Япония өзүнүн аскерий кубатын кайра тикелесе, Япониянын өнөр жай жана технологиядагы үлкөн жөндөмү Кытай каршы жеке өзү күрөшүү мүмкүнчүлүгүн берет.
  • Бирок, Америка Япониядан АКШ жетектеген союздун алкагында ушундай кылууну каалап жатат. Муну менен, АКШ Япониянын саясаты кеңири көлөмдүү Америка планынын бир бөлүгү болушун, Япониянын күч тенденциясы Америка менен болгон душмандык доорун, өзгөчө Американын ядролук чабуул жасаганын эсине салбашын каалап жатат. Себеби, Япония Америка менен чыр-чатактуу узун тарыхка ээ… Ушулардан келип чыгып, Америка Япониянын жаңы стратегиясынын бардык тармагын толук көзөмөлдөөнү каалайт. Анткени, бул стратегия Япония аскерий кубатын тикелегенде Кытайга каршы күрөш менен чектелиши жана андан ары өтүп, Американын ядролук чабуулун эске салбашы керек! АКШнын Азияда Кытай менен күрөштүн негизи катары Япониянын аскерий кубатын кайра тикелөө жөнүндөгү көз карашы Чыгыш Европада Россияга каршы туруу үчүн Америка жетектеген Германиянын аскерий кубатын кайра тикелөө стратегиясына окшойт.
  • Жогоруда айтылгандарга карабастан, Япония да кудум Германия сыяктуу армиясын тикелөөдө кечикти… Туура, бул элдер тирүү калктар. Бирок, алардын аң-сезимин соода-сатык жана акча ээлеп алгандыктан бакубат жашоо уланууда. Бирок, алардын кадырына жана намысына зыян жетти. Алардын жетекчилери согушка жана таасирге умтулуу арзууларын жоготушту. Ошентип, Япония жана Германия Америка менен Европанын алкагында аракет кылып калды. Ушул себептен улам, Япония (жана Германия) Америка үндөгөнгө чейин жетимиш жыл же андан да көп убакытка өз армиясын тирилтүүгө кечикти… Бирок, бул калктар тирүүлүктү жетиштүү баалаган калктар. Бул мамлекеттер тез убакта ядролук күчкө айлана турган аскерий күчтү тикелеши жакынкы келечекте кайра өз кубатын жана улуулугун сезишине себеп болот. Ал тургай, бул Американын өзүнө да маселе жаратат жана алардын ортосундагы карама-каршылыктарды курчутат. Ошондуктан, Америка Япония менен Германиянын бул аскерий стратегиясын дыкат күзөтүүдө!

Бешинчиси: бүгүнкү күндөгү улуу мамлекеттердин акыйкатын үйрөнгөн кишилер ушуларды жакшы билишет: бул мамлекеттер изгилик жана адилетти кадырлашпайт. Ошол улуу мамлекеттердин пикирин ылайык, жакшылык – башкалар үчүн жамандык болсо да – өз нафсин кандыруу. О.э. адилеттик – башкаларга адилетсиздик болсо да – башкаларга өкүмдарлык кылуу. Ошондуктан, алардын кадыр-кыймат таразасы изгилик жана адилеттен өтө алыс. Кудум тарых кайталанып жаткандай. Фарстар менен Румдар зулум жана адилетсиздик менен дүйнөгө өкүмдарлык кылып турганда Ислам изгилик жана адилеттик алып келди о.э. түнү күндүздөй жарык болгон жол дүйнөгө нур чачты. Ушул таризде акыйкат келди, батыл жок болду… Бүгүнкү маселе да кечеги маселе менен бирдей болуп, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин кайра тикелениши менен оңдолот. Бул, Аллахтын уруксаты менен залим өкүмдарлыктан кийин тез арада болот деп ишенебиз. Расулуллах ﷺ айтат:

«… ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا. ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ. ثُمَّ سَكَتَ»

«Кийин жабыр көрсөтүүчү залим падышалык болот жана ал Аллах каалаганча турат. Кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот. Андан соң Пайгамбар A сүкүт кылды». (Ахмад жана Таялисий).

Азиз жана Кудуреттүү Аллах акыйкат айтты:

﴿وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾

«Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылуучу бирок, адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт»                                                                                                                                     [12:21]

 

30-жумадулаввал, 1444-х.

24-декабрь, 2022-м.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here