Алжир үстүндөгү Британия-Франция атаандаштыгы

1649
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Алжир үстүндөгү Британия-Франция атаандаштыгы

Устаз Салих Абдуррахим

Учурда эки колонизатор мамлекет (Британия менен Франция) ортосунда негизги ири маселелер туурасында, Алжирдин кен байлыктарын көзөмөлдөө жана анын саясатын, айрыкча, тышкы саясатын калыптандырууда өз ара кызматташуу бар экени байкоочунун назарынан четте калган жок. Бирок, бул нерсе жергиликтүү куурчактар ортосунда – айрыкча, Британия Европа Союзунан чыккандан кийин – атаандаштык болбой жатканын түшүндүрбөйт. Бул атаандаштык ар кандай бекетке келгенде бийликтеги канаттар ортосунда пайда жана таасир үчүн олуттуу күрөшкө айланышы мүмкүн. Бул атаандаштык Алжирде эле эмес, бүткүл Түндүк Африка мамлекеттеринде да бар. Бирок, түпкүлүгүндө, бул куурчак малайлар ортосундагы күрөштөн ары өтпөйт жана анда бири-бирин бүтүндөй жок кылуу күрөшү жок. Европанын бул көз каранды жана моюн сунуучу режимдерге карата колонизаторлук таасири терең жана узун тарыхка ээ. Бул күрөш белгилүү бир максатка жетүү үчүн мамлекеттер ал аркылуу башкарыла турган оюндун бир бөлүгү. Бул күрөш бир нече максаттарда ишке ашырылат. Биринчи: бул көз каранды мамлекеттердеги туруктуулук деңгээли Британия менен Франциянын максат жана кызыкчылыктары алкагында, кырдаал жана шартка ылайык түрдүү даражада көзөмөлдөө үчүн болот. Бул үчүн ушул мамлекеттер алардагы көз каранды режимдер аркылуу регионалдык саясатта, коопсуздук жана аскерий маселелерде, ал тургай, массалык маалымат каражаттары тармагында моюн сундурулат. Экинчи: өлкө ичиндеги проблемаларга каршы туруу о.э. абал кыйроо жана жемирилүү абалына келген сайын, ыктымалдуу элдик козголоңду тизгиндеп, басуу максатында болот. Мындай абалдар маал-маалы менен табигый түрдө кайталанып турат жана буга калктарды темир колдор менен башкаруу, бастыруу, четтетүү, байлыктарын талап-тоноо жана зулум зомбулук менен башкаруу себеп болууда. Бул жаатта Европа мамлекеттери өз ара келишип алганын айтпаса да болот. Үчүнчү: кызыкчылыктарды камсыздоо. Алардын негизгилери ушулар:

  • Бул мазлум алсыз мамлекеттердин калктарын ыплас мекенчилдик зынданына камап, Исламга бийлик даражасында кайра кайтуу менен ойгонуусуна жана азат болуусуна жол бербөө. Бул бардык мусулман өлкөлөрүнүн башындагы карамүртөз өкүмдарлардын өз кожоюндары үчүн ойноп жаткан ролдорунда көрүнүүдө.
  • Бул өлкөлөрдөгү бардык жер асты жана үстүндөгү байлыктарды талап-тоноо о.э. алардын ички кирешелерин да тартып алуу үчүн алар менен миллиарддаган долларлык курал-жарак жана азык-түлүк келишимдерин түзүү. Албетте, бул «жакыр жана мазлум» мамлекеттердин ички кирешелерин талап-тоноо жолдору ар түрдүү жана өтө көп. Шериктештик маскасы астында берилген кредиттер жана сунушталып жаткан долбоорлор алардан.
  • Европа жана бүткүл Батыш мамлекеттери ушул көз каранды мамлекеттерге инвестиция жаткырууларына, өздөрүнүн түрдүү товар жана продукциялары үчүн көз каранды мамлекеттердин базарларын ээлешине, өтө кымбат бааларда өз техникаларын жана материалдарын жеткирип берүүлөрүнө мүмкүнчүлүк жаратуу.
  • Көз каранды мамлекеттердин бардык тармактардагы арзан жумушчу күчүн, айрыкча, жаштардын күчүн Европа жана Батыш мамлекеттерине көчүрүү, айрыкча, окумуштуулар, интеллигенттер жана мугалимдер сыяктуу жөндөмдүү жана таланттуу зээн ээлерин тартуу.
  • Саясий активисттерди – малай режимдер менен саясий күрөштөн алысташы жана зыянсыздаштырылышы үчүн – Европа жана Батыш мамлекеттерине тартуу. Ушул аркылуу өкүмдарлардын тактысын бекемдеп, өлкөнү кыйроо жана зыянга киргизүү, бул активисттерди келечекте, өзгөчө козголоңдор учурунда же андан кийинки келечектеги ролдорго даярдоо жана ушуга жөндөмдүү активисттерге айлантуу.

Түндүк Африка, өзгөчө Алжир ушул нерселерде чоң мааниге ээ:

  • Европалыктар тарабынан алсыратылган жана талап-тонолгон Африка мамлекеттеринен Европага болуп жаткан иммиграцияны токтотуу.
  • Бул алсыз мамлекеттердин эл аралык жана регионалдык ролун активдештирүү аркылуу алардан эл аралык күрөштө саясий, аскерий, коопсуздук о.э. дипломатия жана маалымат тармагында пайдалануу. Муну менен эл аралык проблемалар орун алган, өзгөчө Африка континентинин байлыктары үстүндө эл аралык күрөш жүрүп жаткан учурда шериктештик аркылуу эски колонизаторлуктун абалы бекемделип, жаңы колонизаторлуктун жолу тосулушу керек.

Британия менен Франциянын кызыкчылык жана пайдаларынын айрымдары ушулар. Бул эки колонизатор мамлекет Исламий Халифалык мамлекети жок убакта ушул бай жана кеңири мусулман өлкөлөрүнүн бир бөлүгүндө ушул кызыкчылык жана пайдаларын коргоп келишүүдө. Себеби, Халифалык алардын мындай кылмыштарына жол бербеген. Ошондуктан, Халифалык мамлекетинин тикеленишин алдын алуу же кечиктирүү европалык, өзгөчө батыштык капиталисттердин эң чоң кызыкчылыктарынан болуп эсептелет.

Түндүк Африка, алардын катарында Алжирдин иштери ушул ролдорду аткаруу үчүн ондогон жылдардан бери малай өкүмдарлар тарабынан башкарылып келүүдө. Бул иш калктын кээ бир катмарын башкасына каршы коюу менен, мусулмандардын мал-мүлктөрү гана эмес, ал тургай, каны-жанынын акысына жана регионду кармап келе жаткан европалык колонизаторлор ортосундагы чоң келишимдердин алкагында ишке ашырылууда. Кээде байкоочуга бул жергиликтүү күчтөр ортосундагы атаандаштык бири-бирин бүтүндөй жок кылуу күрөшүнө жеткендей көрүнөт. Бирок, түпкүлүгүндө бул даражага өтө аз жетет жана сөөктөрдү сындыруу даражасына таптакыр жетпейт. Себеби, Франция үчүн Британиянын айлакердиги жана регион иштерин жүргүзүп, эл аралык даражадагы проблемаларга каршы күрөшкө кудуреттүүлүгү керек. Британия үчүн да Франциянын кызмат көрсөтүшү керек, өз максатына жетүү жана региондогу таасирин бекемдөөдө андан күч алат о.э. көптөгөн мамлекеттерге каршы күрөштө аны биринчи линияга коюу менен пайдаланат. Ал тургай, майданда Британия бүтүндөй өз ишин көрсөтпөй, Франциянын колу менен иш алып барат!

Франция администрация, маданият, таалим сектору сыяктуу Алжир мамлекетинин бардык тармагын сезип, көрө алат. Ал тургай, армияда да козголоң убагында аскерийлер арасына өз адамдарын киргизгени үчүн, өзүнүн малайлары, тарапкерлери жана мээси ууланган адамдары аркылуу таасир күчүнө ээ… Т.а. Франциянын Алжирдеги таасири жашыруун эмес. Бирок, Британия региондо жашыруун түрдө бар, ал тургай, бар экенин көз менен көрүп болбойт. Себеби, Британиянын саясаты Америкага каршы анын ар бир региондогу, айрыкча, мусулман өлкөлөрүндөгү таасирине түздөн-түз каршы күрөшпөөдөн турат жана бул саясаты ондогон жылдардан бери т.а. элүүнчү жылдардын башында Америка андан бул өлкөлөрдү тартып алууга бел байлагандан бери ушундай уланууда. Бул болсо, Британиянын эл аралык жана регионалдык маселелерде тышынан караганда Америка менен бирге аракет кылып жатканын, бирок, айла-амалдуу ыкмалар жана жашыруун жолдор менен иш алып барып жатканын түшүндүрөт. Мисалы, Британия Алжирдеги саясий күчтөрдөн о.э. Катар жана Эмираттар сыяктуу региондогу тараптардан пайдаланат жана өзүнүн максат, муктаждыктарына карап, аларга маанилүү милдеттерди жүктөйт. Катардай кичине бир мамлекетке саясат, маданият, маалымат, ал тургай, спорт тармактарында англистердин пайдасына кызмат кылган вазыйпаларды жүктөп жатканы байкоочуга сыр эмес. Британия Ливия жана Алжир сыяктуу Түндүк Африка мамлекеттеринде өз таасирин сактап калуу үчүн күрөш жүргүзүп жаткан соң, кичине бир Эмираттар мамлекетинин ролу ушул мамлекеттердин режимдерин, ал тургай, Яман сыяктуу мамлекеттердин режимдерин бекемдөө жана саясий, аскерий, коопсуздук о.э. экономикалык жактан колдоп-кубаттоодон турат. Өзгөчө, кризистер, саясий же коопсуздук күрөштөрү жана бийликтеги өзгөрүүлөр болуп жатканда ушундай. О.э. портторду башкаруу тармагында өлкөдө кеңири керектелүүчү тамеки иштеп чыгарууда жана сатууда, курулуш жана реконструкция тармагында, Германиядан аскерий техника, машиналар жана башка нерселерди алып кирүү боюнча түзүлгөн келишимдерде да (ортомчу катары) анын катышуусу сыр эмес.

Британиянын дагы бир саясаты – Франциядан пайдалануу. Бул үчүн Францияны Түндүк Африка жана негизинен Алжирдеги көпчүлүк проблемаларда күрөш майданына чыгарып коёт. Максат – Британия Америка менен эл аралык даражада түздөн-түз кагылышууга кирбеши керек. Дагы бир максат – регион калкын чалгытуу о.э. саясий жана пикирий караңгылыкка, токойго киргизүү менен адаштыруу да болуп, дыкат күзөтпөгөн кишиге эмне болуп жатканын түшүнүү кыйын болот.

Эй мусулмандар!

Хизб-ут-Тахрир силерди ал аракет кылып жаткан мамлекетти тикелөө үчүн толук өзгөрүү жолунда бирге аракет кылууга чакырат. Бул катардагы мамлекет эмес. Балким, хикматын билген жана ар нерседен кабардар Аллах Субханаху ва Таала каалаган мамлекет… Т.а. Аллах Субханаху жер жүзүндө мусулмандарга эле эмес, адамзатка убада кылган халифа кылуу маңызын түшүндүргөн о.э. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкта көөдөлөнгөн мамлекет.

 Роя гезити, №416, 2022-жыл, 9-ноябрь.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here