Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйыны болуп өттү

225
0

Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйыны болуп өттү

 Кабар: 9-сентябрь күнү Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны болуп өттү. Саммитке катышуу үчүн Бишкекке 8-декабрда Белорустун президенти Александр Лукашенко, 9-сентябрь күнү эртең менен Россиянын президенти Владимир Путин жетип келди.

Саммитте Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) учурдагы экономикалык абалы, Евразиядагы интеграциянын актуалдуу маселелери талкууланды. О.э. уюмдун алкагында газ базарын уюштуруу маселеси, Саудия менен кызматташуу жана башка 17 маселе каралды. Саммиттин жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды.

Комментарий: ЕАЭБге Армения, Белорус, Казакстан, Кыргызстан жана Россия мүчө. Аталган уюм бажы тоскоолдуктарын жоюу, “төрт эркиндик” – жумушчу күчү, капитал, товарлар жана кызматтардын эркин аракеттенишин камсыздоо максатында түзүлгөн эле. Бирок, мамлекеттер ортосундагы мындай тоскоолдуктар ушул кезге жоюлбастан, ишкерлер бул уюмга мүчө мамлекеттерге товарларын жеткирүүдө кыйналып келет.

 Буга кошумча, Украинадагы баскынчылык согушу себептүү дүйнөлүк коомчулукта жекеленип калган жана күн өткөн сайын кубатын жоготуп бара жаткан Путин өзүнүн менчиги катары эсептеген Борбор Азия республикаларын мүмкүн болушунча чеңгелинде кармап калууга аракет кылууда. Ал үчүн Россиянын жетегинде болгон түрдүү уюмдардын жыйынын өткөрүп, керек болсо аймактагы мамлекеттерди коркутуу аркылуу болсо да максатына жетүүгө умтулууда. Мисалы, быйыл 14-октябрда Астана шаарында КМШнын жыйыны уюштурулган болсо, 23-ноябрда Ереванда ЖККУнун жыйыны болуп өттү. Эми Бишкекте ЖЕЭКтин болуп өттү. Декабрь айынын аягында Санкт-Петербургда КМШга мүчө мамлекет башчыларынын  бейформал жолугушуусун өткөрүү пландаштырылган. Мындан тышкары, Путин жаңы уюм жана бирикмелерди түзүү аркылуу аймактагы мамлекеттерди дагы да көбүрөөк байлап алууга о.э. ушул аркылуу АКШ башында турган эл аралык коомчулук тарабынан киргизилген санкцияларды четтеп өтүүгө аракет кылууда. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президенттикке кайрадан “шайланган” соң анын чет өлкөгө алгачкы сапары Москвага болду. Ошол сапардын алкагында Россия президенти Владимир Путин Россия, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда “үч тараптуу газ союзун” түзүүнү сунуштады. Казакстандын президенти Токаев башында бул сунушту карап чыгууга даяр экендигин билдиргени менен, кийинчерээк Казакстан да, Өзбекстан да ал уюмга катышуудан баш тартты.

 Эки президенттин Россиянын сунушун четке кагышы, бул республикалар мүмкүн болушунча  Россия менен аралыкты сактоого аракет кылып жатканын билдирет. Бүгүн Бишкекте өткөн ЖЕЭКтин жыйынына Өзбекстан президентинин байкоочу катары катышуусу күтүлгөн эле. А бирок, саммитке бир күн калганда Мирзиёев саммитке келбей тургандыгы, анын ордуна премьер-министр Абдулла Арипов келери кабарланды. Аймактагы мамлекеттер Россия менен мүмкүн болушунча аралык сактоого аракет кылып жатышканы менен, бул ишти Кремль белгилеп койгон “кызыл сызыктан” чыкпаган абалда ишке ашырууга жана өздөрү айткандай “көп вектордуу” саясат жүргүзүүгө умтулуп жатышат. Батыш мамлекеттери да Борбор Азияны Россиянын чеңгелинен тартып алууга ыңгайлуу учур келгенин түшүнүп, Батыштын расмийлери бул жакка тынымсыз каттап калышты. Мисалы, октябрь айында Европа Кеңешинин төрагасы Шарл Мишель, ноябрь айында Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел Борбор Азияга сапар кылды. Мындан тышкары, Мирзиёев да, Токаев да ноябрь айында расмий сапар менен Францияга барып, Эммануэл Макрон менен жолугуп келишти.

А бирок, аймактагы мамлекеттердин башчылары бир колонизатордон кутулуу үчүн башкасы менен мамилени жакшыртууга аракет кылып жатышат. Белгилүү болгондой, колонизатор мамлекеттердин бардыгы бир гана негизде т.а. башка мамлекеттерди колония кылып, байлыктарын талап-тоноо, ал мамлекеттердин калкынан арзан жумушчу күчү катары пайдалануу негизинде аракет кылышат. Бул мамлекеттерди бири да “үчүнчү дүйнө” мамлекеттерине, айрыкча, исламий өлкөлөр менен мусулмандарга жакшылык алып келүү үчүн аракет кылышпайт.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here