Оо, Кинана эли! Кутулууңардын жолу – Ислам долбоорун кабыл алуу жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө

179
0

Басма сөз баянаты

Оо, Кинана эли! Кутулууңардын жолу – Ислам долбоорун кабыл алуу жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө

Режим Кинана элинин жөнөкөй муктаждыктарын да камсыздай албашы ачыкталып, өзү себеп болгон экономикалык, саясий, социалдык жана башка кризистерден адамдарды куткарууда ийгиликсиздикке учураганы көрүндү… Мына ушундай көрүнүштө нааразылык демонстрацияларына чакырыктар күчөп жатат, биз, Хизб-ут-Тахрир–Мисир вилаятынын мүчөлөрү, адамдарга жол көрсөтүшүбүз керек. Козголоң кандай болот, эмне кылуу керек жана кандай козголоң Роббини ыраазы кылып, Батыш жана малайлары козголоңду уурдап алуусун кантип сактап калат – ушуларды ачыктап беришибиз керек. Жетекчисиз башталган ар кандай аракет кимдир бирөөлөрдүн тизгинине түшүп, адашууга туш болот.

Татыктуу долбоору жана адамдар проблемасын чече турган түзүмү жок ар кандай демонстрация уурдалган болуп эсептелет. Андай демонстрация башталып-башталбай жатып эле ийгиликсиздик туңгуюгуна кептелет жана «натыйжа» демонстрацияга, динге жана Умматка душман болгон аткан ок болот. Кимде-ким режимдеги жүздөрдүн өзгөрүшүнө ыраазы болсо жана проблема коррупцияда деп билип, бизге өкүмдарлык кылып жаткан демократиядан жакшылык күтсө, демек, ал өзүн өзү алдап, куру кыялдар менен жашап жатат… көп өтпөй өзгөргөн жаңы жүздөр мурдагылардан да ырайымсыз жана залим экенине күбө болот.

Адамдарды ачууланткан жана ушундай нааразылыктарга алып чыккан кризистер Сисий жана анын аткаминерлеринин акыбети эмес, ал тургай, алардын коррупциясы ачыкталып, шексиз болсо да. Себепчи – өлкөбүздө өкүм сүрүп жаткан демократия. Ушул демократия өзүнүн пайдачылдыгы жана ач көздүгү менен өкүмдарга эрк берди… Ал ушул эркиндиктен пайдаланып, адамдарга зулум кылышына жана Батыштагы кафир кожоюндары өлкө байлыктарын талап-тоношуна шарт жараткан мыйзамдарды иштеп чыкты.

Демек, демонстрациядагы талап ушул демократиялык режимди кулатуу болушу керек. Т.а. адамдарды өзгөртүү, демократияны бардык мыйзам жана булактары менен о.э. Батышка, анын уюмдарына, келишимдерине, эл аралык мыйзамдарына көз карандылык сыяктуу ушул демократия акыбетинде келип чыккан нерселер менен кошо жок кылууну талап кылуу керек. О.э. демократиялык түзүмдүн ордуна адилетти кепилдей турган, Мисир жана анын калкын кризистерден куткарып, өнүктүрө турган татыктуу түзүмдү сунуштоо зарыл.

Түзүмдүн адилетинин кепилдиги анын өзүндөгү адилеттүүлүктөн келип чыгат. Т.а. анын мыйзамдарын адамдар манипуляция кылууга да, өзгөртүүгө да, өз каалоолоруна ылайыкташтырууга да кудуреттүү болбой турган даражада адилеттүү түзүм болушу керек, ошондо гана анын адилети кепилденет. Бул болсо улуу Исламдан башка түзүмдө жок. Ислам – Аллах Субханаху ва Тааланын вахийи. Мындан улам, Ислам ушул түзүмдүн жетекчилери адилеттүү болушун кепилдейт. Ошондуктан, козголоң режимдин кулатылышын жана анын урандылары үстүндө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөөнү талап кылышы керек. Себеби, ушул мамлекет гана Мисир жана анын калкын өнүктүрүүгө кудуреттүү.

Оо, Кинана калкы!

Билип койгула, ар кандай демонстрация режимди түп-тамыры менен кулатууну, анын жетекчилерин кызматынан алып, Мисир жана анын калкына каршы кылмыштары үчүн аларды тергеп-тескөөнү, андан соң шариятты колдоно турган жана Батышка түрдүү көрүнүш жана формадагы көз карандылыкка чекит коё турган Ислам мамлекетин тикелөөнү максат кылбаган болсо, андай демонстрацияны Батышка малай ар кандай адам тизгиндеп алышы анык. Батыш жаңы режимди кайра тургузуп, Мисирди да, элдин демонстрациясын да кайра эле текке кетирет.

Оо, Кинана армиясындагы калыс адамдар!

Эл бул режимден бүтүндөй тажап, дүйнөнүн аркы четиндегилер да уга турган даражада зар какшап жатат, бүгүн алар силерге үмүттөнүп, силерден нусрат сурап жатат. Силердин араңардан Расулуллах ﷺдын ансарлары сыяктуу жардам берүүчүлөрдү издеп жатат. Бул кылмышкер малай режимдерден жүзүн буруп, Аллахка, Расулуна жана динине жүздөнүп, Умматы тарапка өтүүдө. Умматтын Исламды колдонууга аракет кылып жаткан калыс перзенттерине нусрат берүүчүлөрдү издеп жатат. Демек, айткылачы, Исламга силер нусрат бербесеңер, ким нусрат берет?! Силер – улуу фатихтер неберелеринен башка ким жардам берет?! Мына, артыңарда өз калкын эч качан алдабаган Хизб-ут-Тахрир аракет кылып жатат, келгиле, бул режимди кулатып, Хизбге нусрат бергиле! Хизб Расулуллах ﷺ башарат берген Халифалыкты тикелөө аркылуу Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзүү үчүн бардык керектүү нерселерди даярдап койду. Аллах баарыбыздан ыраазы болуп, Кинана асманындагы, бүткүл адамзат башындагы кара булуттар тарасын. Шексиз, Исламга нусрат берүүнүн сыйлыгы – кеңдиги жер-асмандай бейиш. Аллах Субханахудан ушул ансарлар жана бейиш калкы силер болушуңарды, силердин колуңар менен Ислам жана мусулмандарды азиз кылышын сурайбыз. Аллах Таала айтат:

﴿وَالَّذِينَ آمَنُواْ وَهَاجَرُواْ وَجَاهَدُواْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَالَّذِينَ آوَواْ وَّنَصَرُواْ أُولَـئِكَ هُمُ الْمُؤْمِنُونَ حَقّاً لَّهُم مَّغْفِرَةٌ وَرِزْقٌ كَرِيمٌ

«Ыйман келтирген, хижрат кылган жана Аллах жолунда күрөшкөн жана (мухажирлерге) үй-жай берип, жардам кылгандар (ансарлар) – дал ошолор чыныгы момундар болуп, алар үчүн кечирим жана улуу ырызкы бар»                                                                                                   [8:74]

Хизб-ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы

маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here