بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Тунис өкүмдарларынын бир тараптан ийгиликсиздиктери, бир тараптан жалынуулары дале токтобой жатат
Тунис президенти Кайс Саид 2022-жылы 4-ноябрь күнү Картаж сарайында Араб мамлекеттеринин Валюта Фондунун директорлор кеңешинин төрагасы Абдурахман ибн Абдуллах Хамидий менен жолугушту. Борбордук Банктын директору Марван Аббасийдин катышуусунда өткөн бул жолугушууда Хамидий сөз сүйлөп, бул жолугушуу «жалпы өзгөрүүлөрдүн кабарчысы экенин, бул өзгөрүүлөр экономикалык программа кабыл алуу жана ушул негизде Эл аралык Валюта Фонду менен келишүүгө ылайык болуп жатканын» баса белгиледи.
Ушул эле күнү Хамидийди Касабадагы өкмөт үйүндө премьер-министр Нажла Буден Рамазан менен жолугушту. Жолугушуу Тунис менен Араб мамлекеттеринин Валюта Фонду ортосунда көлөмү 74 миллион долларга жеткен «жөнөкөй кредит» келишим түзүлгөндөн кийин болуп өттү.
Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларга токтолду:
- Алынып жаткан бул кредиттер мамлекетти кишендеп, өлкө жана жаранды жакыр кылууда о.э. өлкөнүн эркин чет элге туткун кылып берүүдө. Карыз алуу Тунис мамлекетинин биринчи кезектеги расмий экономикалык тандоосу болгон жана дагы эле ушундай болуп калууда. Козголоңдон кийин карыз алуу ченем, өлчөм жана сыпат жагынан көбөйдү жана 2011-жыл менен 2022-жылдын аралыгында анын көлөмү 115 миллиард долларга жетти. Бул, өлкөдөгү ички дүң продукциянын 80 пайызына барабар.
- Хамидийдин сөзү чириген араб режимдеринин оозунан чыккан накта капиталисттик сөз. Бул режимдердин бардыгы чет элдик күчтөрдүн жана өлкөбүздү талап-тоноп жаткан колонизатор мамлекеттердин көрсөтмөсүнө дагы эле баш ийип келишүүдө. Шек-күмөнсүз, бул, өлкө байлыктарын менчиктештирүү, талап-тоноо жана Уммат бул байлыктардагы акысын кайтарып алуусуна жол бербөө көрсөтмөсү.
- Президент Кайстын башкаруусу жалынуу саясатын колдоп, ушуга үмүт байлап жаткан соң, бул нерсе Тунистин эч бир кризисин чечпейт! Мындай кордук саясатынын акыбетинде өлкөбүз туш болуп жаткан чоң зыян баарына айдан ачык болуп калган».
Билдирүүнүн акырында мындай делет: «Тунис жана башка мусулман өлкөлөрүндөгү экономикалык проблемалардын чечими Исламдагы экономика түзүмүн колдонууда. Бул үчүн Аллах адал кылган соода, зекет, риказ, хираж, ушр, фай жана олжолорду о.э. нефть, газ, пайдалуу кендер жана башка коомдук байлыктарды мамлекет ресурстарына айлантуу, аларды шарият белгилеген тараптарга сарптоо керек».
Роя гезити, №417, 2022-жыл, 16-ноябрь.