Сириядагы батышчыл коалиция Аль Сауд режиминин позициясына жогору баа берди

198
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Сириядагы батышчыл коалиция Аль Сауд режиминин позициясына жогору баа берди

Батышчыл илманий коалиция өз билдирүүсүндө Сирияда №2254-резолюцияга ылайык саясий чечимди ишке ашыруу жөнүндөгү Саудия режиминин позициясын жогору баалады. Саудия тышкы иштер министри Файсал ибн Фархан Алжирде өткөн Араб Мамлекеттери Лигасынын саммитиндеги сөзүндө анын мамлекети Сирияда саясий чечимге жетишүү үчүн бардык араб жана эл аралык аракеттерди колдоун баса белгиледи.

Роя:

Аль Сауд режими Сириядагы айрым согушкер жамааттардын жетекчилерин сатып алуу о.э. алар Дамаскка кирип, канкор режимди кулатуусуна жол бербөө аркылуу Шам козголоңуна каршы жийиркеничтүү милдетин аткарды. Учурда ал козголоңго чекит коюуга аракет кылып жаткан мамлекеттерди колдоп-кубаттоо милдети менен алек. Араб режимдеринин баары Асад режиминин кулатылышына тынчсызданышат, себеби, мунун акыбети аларга да жетет. Мына ушундан тынчсызданышканы үчүн алардын баары бардык мүмкүнчүлүгүн козголоңду жок кылуу жана Шам тогутун бекемдөө үчүн жумшашты. Эгер, эрктери өз колунда болгондо, канкор режим менен мамилелерди эбак эле кайра тикелешмек. Бирок, алардын кожоюндары бул козголоңдун регион жана дүйнөгө болгон коркунучу дагы эле бар деп эсептешүүдө. Себеби, Шам козголоңу жана анын учкуну дагы эле козголоңчу калыс перзенттердин жүрөгүндө жалындап жатат. Бирок, алар учурда козголоңдун өзгөргүс максаттарына бекем амал кылышы о.э. сабыр кылып, козголоңду баштоого себеп болгон бул максаттар үчүн бекем турушу керек. Себеби, козголоңду колдоп-кубаттаган калк тогут менен жарашууну жана анын чеңгелине кирүүнү дагы эле каалабай жатат. Козголоңчулардын жана колдоп-кубаттоочу калктын бул эркин саясий чечимди ишке ашырууга аракет кылып жаткан мамлекеттер өтө маанилүү-кооптуу деп билип гана калбастан, козголоң ишин жабуу үчүн акыркы пландарды аткарууда чоң тоскоолдук экенин түшүнүп жатышат.

 

Роя гезити, №417, 2022-жыл, 16-ноябр.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here