Политехника университетиндеги Ал-Ваъй тобу саясий камакка алууларга каршы пикет өткөрдү

144
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Политехника университетиндеги Ал-Ваъй тобу саясий камакка алууларга каршы пикет өткөрдү

Фалестиндеги Политехника университетиндеги Ал-Ваъй тобу пикет өткөрүп, жогорку окуу жайлардын студенттерин Фалестин разведка кызматы студенттердин бири университетте алып барган аракети үчүн камакка алганына каршы чыгууга чакырды.

Ал-Ваъй тобу жана пикетте катышкан студенттер саясий камакка алууну каралаган ураандарды о.э. ушул сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты:

  • Эмне үчүн биздин студенттик аракетибизге тоскоолдук коюлган, мунун тушунда коомду бузган иш-чараларга эшиктер ачылган?!
  • Студенттик иш-аракет менен алектенүүгө акыбыз жокпу?!
  • Саясий камакка алуу саясий, ахлакый, коопсуздук жана мыйзамдуу жактан кылмыш.
  • Саясий камакка алуудан максат маъруфка буйруудан жана мункардан кайтаруудан тосуу.
  • Саясий камакка алуу зулумга каршы добуштарды басуу.
  • Саясий камакка алуу идеологиялык кыйроонун белгиси.

О.э. пикетте Ал-Ваъй тобу студенттерди жана университеттеги мугалимдерди, кызматкерлерди жана академиктерди студенттерге каршы мындай мункарга каршы чыгууга чакырды.

 

Роя гезити, №417, 2022-жыл, 16-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here