Эрдаган киреше табуу үчүн Түркия менен яхудий вужудунун алакаларын улантуу ниетинде!

132
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эрдаган киреше табуу үчүн Түркия менен яхудий вужудунун алакаларын улантуу ниетинде!

«Анадолу» агенттиги хижрий 1444-жылы 9-оабиуссаний, миладий 2022-жылы 3-ноябрда тараткан кабарда мындай делет: «Президент Режеп Таййиб Эрдаган Түркия менен (израилдин) мамилелерин, шайлоо натыйжаларынын карабастан, туруктуу негизде, жалпы кызыкчылыктарды өз ара урматтоо негизинде улантууну калайт.

Шаршемби күнү телевидениеге берген билдирүүсүндө Эрдаган (израиль) менен мамилелерди нормалдаштыруу аракетине түшүндүрмө берип, Түркия бул жолду өз ара алакалар аркылуу улантып, бардык тармактарда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үмүтүндө экенин баса белгиледи.

Ал: «Баалуулуктар урматталса, өз ара пайдалуу дипломатия Түркия менен (израилге) эле эмес, бүткүл регионго пайда алып келет», – деп кошумчалады.

Түркия менен (израиль) өткөн жылдын 17-августунда өз ара мамилелерди нормалдаштыруу аракеттеринин алкагында дипломатиялык мамилелерди элчилер даражасына көтөрүүгө чечим кылганын эске салабыз».

Роя:

Эрдагандын бул билдирүүсү Нетаньяху жетектеген яхудий вужудунда «өтө оңчул» деп айтылып жаткан партия Кнессетте 65 орунду ээлөө менен жеңишке жеткенден кийин айтылды. Башкача айтканда, Эрдагандын өлчөөсү киреше жана зыяндан турат. Шаръий өкүмдөрдү болсо этибарга албайт. Акыйкатта болсо, Аллах Субханаху ва Таала мусулмандардын иштерин шаръий өкүмдөр негизинде өлчөөгө буюрган. О.э. Эрдагандын бул билдирүүсү бүгүн ал «биз үчүн Исламды тикелейт жана Фалестинибизди азат кылат» деп андан үмүт кылып жаткан баёо мусулмандардын туйгуларынан пайдаланып жаткан учурда жаңырууда. Бирок, Эрдаган бул мубарек жерди басып алган жана ар күнү мусулмандардын кол тийгистигин тебелеп, алардын перзенттерин өлтүрүп, жерлерди конфескация кылып жана Акса мечитин тебелеп-тепсеп жаткан вужуд менен мамилелерин сактап калуу аркылуу бир катар кыянаттарды токтотпой улантууда.

 Роя гезити, №416, 2022-жыл, 9-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here