БУУ дагы Шам тогутун колдоп-кубаттоодо

250
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

БУУ дагы Шам тогутун колдоп-кубаттоодо

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын радиосунун 2022-жылдын 12-ноябрындагы кабарында БУУ дагы Шам тогутун колдоп-кубаттоону баштаганы айтылат. БУУнун атайын сүйлөөчүсү Алёна Дуан ишемби күнү Дамаскта өткөргөн конференциясында Асад режимине каршы колдонулуп жаткан «ырайымсыз иш-чаралар кыйынчылыктарды күчөтүп, өлкөнүн бат тикеленишине жана реконструкциясына тоскоолдук кылып жатканын айтты о.э. бул иш-чараларды токтотуу керектигин баса белгиледи. Бирок, ал бул канкор режимдин бүткүл өлкө бойлоп жасап жаткан согуш кылмыштарына токтолуп өткөн жок. «Мен Асад режимине карата адам укуктары жана дүйнөлүк абал боюнча колдонулуп жаткан бир тараптуу ырайымсыз санкциялардын үлкөн жана кеңири көлөмдүү таасирлерин карап үрөйүм учту», – дейт Алёна Дуан. Анын айтымында, «көптөгөн сириялыктар тамак-аш, ичимдик суу, электр энергиясы, күйүүчү май, транспорт жана саламаттыкты сактоо менен камсыздалбаган. Себеби, режимге карата колдонулган иш-чаралар дары-дармек жана медициналык кызмат жана жабдыктардын кооптуу даражада таңкыстыгына, айрыкча, өнөкөт жана курч оорууларга себер болуп жаткан» имиш.

 Роя гезити, №417, 2022-жыл, 16-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here