Жаңылыктар

АКШ Суданда аскерийлерди колдоп-кубаттоочу жарандык коалиция түздү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

АКШ Суданда аскерийлерди колдоп-кубаттоочу жарандык коалиция түздү

Хартум, «Судан Трибюн» веб-сайты хижрий 1444-жылы 6-робиуссаний, миладий 2022-жылы 31-октябрда тараткан кабарда айтылышынча, Улуттук Келишүү күчтөрүнүн башкы катчысы Мубарак Ардал дүйшөмбү күнү бир катар саясий күчтөрдү өз ичине камтыган «Азаттык жана Өзгөрүү демократиялык күчтөрүнүн блогу» деген жаңы саясий коалиция түзүлгөнүн билдирген.

Роя:

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрирдин Судандагы расмий сүйлөөчүсү устаз Ибрахим Усман (Абу Халил) бул окуяга түшүндүрмө катары Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнө мындай деди: «Инказ өкмөтү кулатылгандан бери Европа менен АКШ ортосунда Судан бийлиги үчүн күрөш токтобой жатат. Негизи, бул күрөштө 2019-жылы 11-апрелден тартып бүгүнкү күнгө чейин бийликти Америкага тарапкер аскерийлер көзөмөлдөп келди. Ушул доордо бийликтин бир бөлүгү Европага, өзгөчө Британияга тарапкер жарандык башкарууга берилди. Бул башкаруу бийликтин толук берилишин, алардын катарында армия да берилишин талап кылуу менен кызыл сызыктан өтүп кетишти… Мына ошондо Бурхан Американын ачык келишими менен төңкөрүш жасап, күчсүз абалга келген бул бийликти бүтүндөй тартып алды…

Кийин жарандык башкаруунун арасында карама-каршылыктар пайда болуп, бул нерсе аны мурункудан дагы да алсыратты. Кийин Фолькердин Британия адамдарынын позициясын күчөтүү аракеттери башталды… Ошондо Америка Африка Союзу, «IGAD» сыяктуу бардык регионалдык малайларын аралаштыруу менен Фолькерди курчап алды жана анын жеке өзү ээлик кылбашы үчүн «үчтүк» уюмун түздү. Кийин Америка жетекчилигинде Британия, Саудия жана Эмираттар сыяктуу «төрттүк» түзүлдү жана Америка менен анын адамдарынын Судандагы чыныгы күчүн сактап калууга каратылган келишим түзүлдү. Анткени, Британия Суданда бийликти Американын колунан жалгыз өзү тартып ала албашын түшүндү. Америка Бурханга ушул жылдын июль айында армияны саясаттан чыгаруу жана жарандык башкаруунун өкүлдөрүнүн келишүүсүнө жол берүү жөнүндө көрсөтмө берди. Америка алардын кожоюндары ар башка болгондуктан алар таптакыр келише албастыгын билет. Ошондуктан, Америка өзүнүн айрым адамдары аркылуу жарандык башкаруунун өкүлдөрү арасынан армияны колдоочуларды табууга киришти. Мубарак Ардалдын жаңы коалиция жөнүндөгү жарыясы ушул көз карашка ылайык болууда. Айрыкча, ушул күндөрдө Улуттук Конгрессти гана кошпогон келишимдер жакындашып келе жатканы туурасында сөздөр айтылып жатканда, анын курамында Америкага кызмат кылган фигуралар болот».

Абу Халил өз түшүндүрмөсүн минтип аяктады: «Суданда болуп жаткан иштер, келишимге тиешелүү болобу же башкасына тиешелүү болобу, айырмасыз, өлкөгө таптакыр жакшылык алып келбеши анык. Судан калкы көп жылдар Британиянын адамдары да, Американын адамдары да – өлкө үлкөн байлыктарга ээ болушуна карабастан – жакырчылык жана өз ара күрөштөрдөн башка нерсе алып келбегенин өз тажрыйбаларында күбө болушкан. Демек, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети тикеленмейинче, Судан сыяктуу бардык мусулман өлкөлөрү үчүн туура чечим жок. Ушул мамлекетибиз гана колонизатор кафир Европа жана Американын өлкөлөрүбүздөгү куйругун кыркып, ааламдардын Роббисинин өкүмдөрүн колдонот, муну менен адамдар анын көлөкөсүндө коопсуздукта, тынчтыкта жана бейпилдикте жашашат».

 Роя гезити, №416, 2022-жыл, 9-ноябрь.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү

Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү диний абалга көзөмөлдү күчөтүү максатында…

9 hours ago

Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!

Басма сөз баянаты Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!  Оо, Шам…

1 day ago

Шам тогуту кулатылды… Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө этият болгула

Шам тогуту кулатылды... Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө…

1 day ago

Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам, Ислам түзүмү, башкаруусу жана мамлекети керек

Басма сөз баянаты Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам,…

1 day ago

«Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо

Басма сөз баянаты «Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо АКШ жана Франция жетекчилиги астында Ливан…

1 day ago

Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай долбоор бар?

Басма сөз баянаты Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай…

1 day ago