Швецияда ыплас ЛГБТ үй бүлөгө мусулман кызы тапшырылды

222
0

Швецияда ыплас ЛГБТ үй бүлөгө мусулман кызы тапшырылды

         Швеция Социалдык кызматтар мекемеси мусулман үй бүлөдөн тартып алган беш жаштагы Мариямды ЛГБТ үй бүлөгө тапшырды. Буга соттун акыркы чечими негиз болгон. Беш жаштагы Мариям менен катар бир жаштагы Астраидди багып алганы тууралуу маалыматты ыплас түгөйлөр социалдык тармакта жарыялашкан. Мындан улам, Швециядагы мусулмандар соттун чечимине каршы акцияларды уюштурууда. Акцияга чыккандар бөбөктөрдүн ыплас түгөйлөрдүн экөөнү тең ата деши эле алардын келечеги коркунучта экенинен кабар беришин билдирүүдө.

         Белгилүү болгондой, Европада өзгөчө мусулман үй бүлөлөрдүн балдарын ар кандай шылтоо менен тартып алып, ассимиляциялоо максатында ыплас бир жыныстуу үй бүлөгө тапшыруу тажрыйбасы күчөп жатат. Буга чейин орус тектүү бөбөктүн бир жыныстууларга тапшырылуусуна каршы чыккан ата-энесинин арызы да канааттандырылган эмес. 2017-жылы Сириялык Диаб жана жубайы Амал Шейхо да беш баласынан ушундай жол менен айрылып калган.

         Түпкүлүгүндө, Швецияда балдардын укугун коргоо үчүн анын тили, дини, салтына ылайык камкорчуга тапшыруу мыйзамдары бар. Бирок, бул мыйзамдар мусулман балдарына карата иштебейт. Швециянын мусулмандарга карата мындай зулумдук саясаты алардын алсыздыгын көрсөтөт. Айрыкча, демократия жана азчылыктын укугу ураандары өз кызыкчылыктары жолунда иштетилген беткап экенин ачыктап турат.

         Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнө өкүмдарлык кылып жаткан демократия системасы бузукулуктарга жол ачып, аларды «эркиндик», «адам укугу» деп таанытууда. Натыйжада, Батыш мамлекеттеринде жаш муун азайып, кары-картаңдардын саны өсүп баратат. Анын негизги себеби бир жыныстуу түгөйлөргө уруксат берүү, зынакорлуктун, жыныстык оорулардын кеңири жайылышы болуп саналат. Бүгүнкү күндө ЛГБТ өкүлдөрүнүн саны статистикалык маалыматтарда жер калкынын 2%на жетти. Алардын көбөйүп жатышын Батыштын пропагандалык саясатынын жемиши катары карасак болот.

         Ал эми демократияда мындай ыпластыкка жол ачылышы пайда жана зыянга негизделген өлчөөсүнө байланыштуу. Бул системада адал жана арам деген өлчөө жок. Адам ырахат алышы үчүн бардык иштерге уруксат берилет. Анткени, бул бузукулукту кылуу ал адам үчүн пайдалуу жана ырахаттуу болуп эсептелсе болду.

         Мунун каршысында, Ислам адамдын нав гарыйзасын (адамзат тукумун улоочу инстинктин) кандыруу туура жүргүзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондуктан, Исламда бир жыныстуу байланыш, зынакорлук сыяктуу бузуку амалдарга катуу тыюу салынып, кылмышкерлер оор жазага тартылат. Мындай бузукулукка адамдар барбашы үчүн балдарга ата-энеси, мектеп, медресе жана маалымат каражаттары тарабынан ыйман тууралуу, адал-арам жөнүндө билим, тарбия берилет.

         Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө адамзат, айрыкча батыш дүйнөсү эркиндик маскасын жамынган бузукулуктардын айынан оор демографиялык кризисте жашап жатат. Бул көйгөйдөн чыгуунун жолу Жаратуучу берген Исламдын өкүмдөрүн колдонуп жашоодо!

         Аллах Таала айтат: “Эй момундар, Алла силер үчүн адал кылып койгон таза-пакиза нерселерди арам дебегиле жана (Алла белгилеген) чектен ашпагыла! Албетте Алла чектен ашуучу адамдарды сүйбөйт”.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here