Рим папасы Фрэнсис Бахрейнде королдор сыяктуу тосуп алынды
Рим папасы Фрэнсис Бахрейн королу Хамад ибн Иса Ал Халифанын чакыруусу менен “Адамдар тынч-татуу жашашы үчүн Чыгыш жана Батыш” темасында өткөрүлө турган “Диндер аралык диалог” форумуна катышуу максатында Бахрейнге барды. Сахир аэропортуна түшкөн Рим папасы расмий салтанаттар менен королдор сыяктуу тосуп алынды.
Иш-чарада Бахрейн королу Хамад ибн Иса Ал Халифа Рим папасы Фрэнсистин Бахрейнге сапарынан аябай кубанычта экендигин билдирип, бул сапар Перс булуңу жана араб аймагына өтө зор моралдык таасир көрсөтөрүн белгиледи. Анын айтымында, Фрэнсистин бул сапары Бахрейнде биримдик, толеранттуулук жана түрдүү дин өкүлдөрү биргеликте тынч-татуу жашашынын эң жакшы далили.
О.э. дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн 200гө чукул диний жетекчилер катышкан “Диндер аралык диалог” форумуна катышуу үчүн Мисирдеги Ал-Азхар институтунун шайхы Ахмад Таййиб да барды. Бул тууралуу Азхар институту кабарлады.
Комментарий: Диндер аралык диалог – бул достук мамиле жана толеранттуулук сөздөрү менен жашырылган саясий аракет. Бул аракет Ислам динин башка бузук диндер менен жакындаштыруу, аралаштырып жиберүү аркылуу Исламды бузуу жана өзгөртүү максатында ишке ашырылууда.
Батыштын көз карашында, диндер аралык диалог астында достук мамиле жана толеранттуулук терминдери – бул “диндер жана цивилизациялар ортосундагы теңдик, бир динди башка бир динден жана бир цивилизацияны башка бир цивилизациядан жогору көрбөстүк” маанисин түшүндүрөт. О.э. диндер аралык диалог бул “башка акыйдаларды кандай болсо ошол бойдон кабыл алуу, аларды урматтоо, ыраазы болуу жана макулдоо о.э. аларга карата толеранттуу болуу жана каршы өкүм чыгарбоо, тескерисинче эч кандай чектөө же шартсыз алардагы нерсени түшүнүүгө аракет кылуу жана аларга карата куфр сөзүн колдонбоо” маанисин түшүндүрөт.
Алар айтып жаткан өз ара тынч-татуу жашоо, толеранттуулук, булардын бардыгы мусулмандарды шылдыңдоо болуп эсептелет. Батыштын өзүндө мусулмандарга карата достук мамиле, толеранттуулук болуп жатабы? Мечиттердин көзөмөлгө алынышы, имамдарга кысымдар болушу, мечиттерде расачылык жазууларынын пайда болушу, мусулмандар ар дайым коркунучта жашашы, Курани Каримдин көчөлөрдө ачык эле өрттөлүшү, хижабдуу аялдардын хижабдарына чабуул кылынышы, мусулман үй-бүлөлөр коркутууларга дуушар болушу, Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺдын акаараттап, карикатура кылынышы жана карикатураны тарткан адамга мамлекеттик сыйлыктар берилиши жана башка ушул сыяктууларды толеранттуулук, достук мамиле деп атаса болобу?
Көрүнүп тургандай, диндер аралык диалог түшүнүгүнөн көздөлгөн максат мусулмандарды дининен буруп, адаштыруу. Себеби, мында Исламды саясийликтен ажыратып, насронийлик жана яхудийлик сыяктуу динге айландыруу максаты көздөлгөн. Батыш бул аркылуу мусулмандардын Ислам акыйдасынан башка акыйдаларга макул болушун, динди жаюу үчүн Жихад өкүмүнөн баш тартышын каалайт.
Мусулман адам Исламдан башка акыйдалардын каталыгын жана батылдыгын билип туруп, кантип кабыл алышы мүмкүн? Негизи насронийлердин “Иса Аллахтын уулу” дегенин же яхудийлердин “Узайр Аллахтын уулу” дегенин макулдоо ачык куфр болуп, Мусулман кишинин динден чыгышына себеп болот. Ушундай болгон соң, Мусулмандар куфрдун бул айла-амалдарынан сак болушу керек. Т.а. мындай чалгытууларга алданбай, Үммөттү ойготуу жана вакиъни өзгөртүү долбоорлору үстүндө иштеши керек. Бул болсо, бардык Исламий өлкөлөрдү бир мамлекет жана бир байрак астында бириктире турган Халифалык мамлекети долбоору.
Зохид Заргар