Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун Самарканддагы саммитине катышат

165
0

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун Самарканддагы саммитине катышат

 Кабар: Президент Садыр Жапаров 10-11-ноябрда Самарканд шаарына (Өзбекстан) Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин администрациянын саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

 Кабарда келишинче, саммитте мамлекет башчылар көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашат о.э. уюмдун 2022-2026-жылдарга болжолдонгон декларациясы жана стратегиясын кабыл алышат.

 “Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү тармагындагы келишимдерге жана документтерге кол коюу о.э. ТМУ жана Эл аралык Түрк Академиясында бир катар кызматтарга дайындоо пландалууда.

Саммиттин жүрүшүндө уюмдун башкы катчысы кызматына Кыргыз Республикасынын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынат.

 Өзбекстандын төрагалыгы астындагы саммитке уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын башчылары катышат. О.э. Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстан парламентинин төрагасы байкоочу статусуна ээ өлкөлөр катары катышат.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаровдун Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуусу күтүлүүдө, анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат”, – деп айтылат кабарда.

Комментарий: Бүгүнкү күндө Түрк мамлекеттер уюму деп аталган эл аралык уюм түрк тилдүү калктар ортосундагы мамилелерди бекемдөө максатында 2009-жылы 3-октябрда кол коюлган “Нахчиван келишими” негизинде түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтык кеңеши деген аталыш менен Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркиянын кызматташтыгында түзүлгөн.

Венгрия бул уюмга 2018-жылы байкоочу макамы менен кошулду. Өзбекстан 2018-жылдын 30-апрелинде бул кеңешке мүчө болууга каалосун билдирип, 2019-жылы 14-сентябрда уюмдун толук кандуу мүчөсүнө айланды.

2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтык кеңешинин VIII-Стамбул саммитинде уюмдун аталышы Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүлдү жана Түркмөнстан байкоочу мамлекет макамына ээ болду. Бүгүнкү күндө уюмдун ишмердүүлүгүн координациялоочу башкы катчылык Түркиянын Стамбул шаарында жайгашкан.

Белгилүү болгондой, АКШ аймактагы мамлекеттерди экономикалык жактан “ТАПИ” жана “CASA-1000”, “Термез-Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жол долбоорлору аркылуу өзүнө байлап алууга аракет кылып жаткан болсо, саясий жактан “С5+1”, Түркия башчылыгындагы “Түрк мамлекеттер уюму” аркылуу аймактагы түрк тилдүү мамлекеттерде таасирин бекемдөөгө аракет кылып келет. Тажикстанды болсо, бир тараптан Иран аркылуу таасир өткөрүп жаткан болсо, башка тараптан биргелешкен аскерий машыгуулар жана аскерий жардамдар аркылуу көзөмөлгө алууга аракет кылууда. Америка аймакты аскерий жана саясий тараптан өзүнө тартуу менен эле чектелбестен, аскерий жардам көрсөтүү аркылуу аскерий жактан көз карандылыгын да күчөтүп барууда. Мисалы, 2018-жылы АКШ өкмөтү Тажикстандын коопсуздук мекемелерине жалпы баасы 8 миллион доллардык жабдыктарды тапшырган. Бул Америка өкмөтүнүн тажик өкмөтүнө бир жылдын ичинде берген аскерий жардамы болсо, буга чейинки 26 жылдын ичинде АКШ Тажикстанга 1,8 миллиард доллардык “жардам” берген. Америка 2015-жылы Өзбекстанга 300дөн ашуун бронетехника (MRAP) о.э. брондуу куткаруучу машиналарды (ARV) жеткирип берген болсо, быйыл Өзбекстандын чек ара аскерлерине жалпы баасы 2 миллион 250 миң доллардык 50 даана “Toyota Hilux” жана “Fortuner” унааларын жеткирип берди. Белгилүү болгондой, аскерий техника жана курал-жарак менен бирге аны колдонууну үйрөтө турган адистер, жергиликтүү аскерлерди даярдоочу инструкторлор, техникалар үчүн запастык бөлүктөр, ок-дарылар керек болот. Ошентип, аймактагы мамлекеттер аскерий тараптан да АКШга байланып барууда. Демек, аймакта АКШ-Россия-Кытайдын таасир талашуусу күчөп барууда.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here