АКШда капиталисттер шайлоо үчүн 881 миллион доллар тартуулады

29
0

АКШда капиталисттер шайлоо үчүн 881 миллион доллар тартуулады

         8-ноябрда АКШда орто мөөнөттүү деп аталган шайлоо өтүп жатат. Мында Өкүлдөр палатасынын бардык курамы жана Сенаттын үчтөн бири шайланат. Бул күнү мындан сырткары 36 штаттын губернаторлоруна шайлоо болот. Бул шайлоого миллиардерлер саясий партияларга 881 миллион доллар тартуулады. Албетте, бул каражаттар белгилүү кызыкчылыктар үчүн берилери шексиз. Бул болсо демократия беткабын тагынган демократиялык система акыйкатта кимге кызмат кыларын дагы бир жолу ачыктады.

         Шайлоого каражат бөлгөн капиталисттердин сап башында Жорж Сорос турат жана ал демократтар үчүн 128,4 млн доллар ажыраткан. Americans for Tax Fairness’тин “2022 шайлоодо миллиардерлердин акчасы: добуштарды сатып алуу жана демократияны бузуу” деп аталган отчетунда айтылгандай, ноябрга чейин өлкөдөгү 465 миллиардер шайлоо үчүн 881 млн доллар каражат бөлүшкөн. Мындай саясий белектердин 59 пайызы республикачыларга, 39 пайызы демократтарга, 2 пайызы болсо эркин талапкерлерге берилген. Бул мурунку шайлоолорго салыштырмалуу рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет. Америкалык миллиардерлер 2018-жылдагы шайлоодо  611 млн, 2014-жылы 232 млн, 2010-жылы 32 млн доллар каражатты өз кызыкчылыгындагы саясатчылар үчүн беришкен. Өз кезегинде бийликти колуна алгандар бул белекти капиталисттерге салык жана башка тармактагы жеңилдиктер аркылуу кайтарып бермекчи. Буга биз пандемия учурунда бийликтердин капиталисттерди айрым салыктардан бошотуу, ишкерлерге бюджеттен каражат бөлүү сыяктуу адилетсиз аракеттеринде да күбө болдук. “Алмайдын бермейи бар” деген өлчөө менен бул капиталисттер шайлоолордо ачык эле өз тарапташтарын колдоого алышууда. Мына ушундайча демократиянын башаты катары таанылган Америка дүйнө коомчулугунун көз алдында чөгүп барууда. Демек, адамзат инсандын алсыз акылынан пайда болгон системада бакубат жашоосу мүмкүн эмес. Бул система капиталисттер менен бийлик ээлеринин кызыкчылыгына гана кызмат кылат. А түгүл, бул капиталисттер бийликти да түздөн-түз колго алышууда. Мунун каршысында Ислам адамзатка кожоюндук шарияттыкы экенин, калктар ага моюн сунуу менен бакубат жашоосун убада кылат. Анткени, инсандын табиятын анын Жаратуучусу жакшы билет. Анын мыйзамдары мусулмандар эле эмес жалпы адамзатты адилетсиздиктен, зулматтан чыгарууга багытталган! Бул идеологияда байлык бир ууч адамдын колунда топтолушуна да, бийлик айрым адамдардын кызыкчылыгына кызмат кылуусуна да жол бербейт. Тескерисинче, бийлик ээлери калктын кызматчыларына айланат жана байлык мамлекет тарабынан негизги муктаждыктарды чечүү негизинде бөлүштүрүлөт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here