Исламдагы экономикалык саясат оорунун келип чыккан жерин баяндап, аны чечкен

31
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Исламдагы экономикалык саясат оорунун келип чыккан жерин баяндап, аны чечкен

Ооба, Исламдагы экономикалык саясат коомдогу оорунун келип чыккан жерин баяндап, анык көрсөтүп берген жана аны чечкен. Аллах Субханаху ва Таала айтат:

﴿كَيْ لَا يَكُونَ دُولَةً بَيْنَ الْأَغْنِيَاءِ مِنْكُمْ

«Тээ, силердин араңардагы бай-дөөлөттүү кишилер ортосунда гана айланып жүрө бере турган нерсе болуп калбасын үчүн»                                                                                             [59:7]

Ушул себептен улам, Ислам мал-мүлк коомдогу бир ууч адамдардын ортосунда топтолуп калбашы үчүн өкүмдөрдү баян кылып, жарандын ар бири үчүн үй-жай, азык-түлүк, кийим-кече сыяктуу негизги муктаждыктарын камсыздоо менен бирге, дарылануу, таълим жана коопсуздук сыяктуу башка негизги муктаждыктарды да кепилдеди. Аллах Субханаху ва Таала мал-мүлктөн зекет берүүнү фарз кылды, сүткордук кылуу жана мал-мүлктү казына кылып топтоону арам кылды, акча өзүнүн табигый жолунда айланып, реалдуу-накталай байлык пайда болушу о.э. инфляция жана жумушсуздук сыяктуу экономикалык кризистер келип чыгышын алдын алуу үчүн бай-дөөлөттүү кишилерди өз мал-мүлкүнөн экономикалык долбоорлор аркылуу көбөйтүүгө үндөдү. О.э. Ислам Расулуллах ﷺдын ушул сөздөрүнө жана башка нусустарга ылайык, газ, нефть, фосфат, минералдар сыяктуу жер астындагы байлыктардын баарысы мусулмандарды умумий мүлкүнө айлантты:

«النَّاسُ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ: فِي الْمَاءِ، وَالْكَلَأِ، وَالنَّارِ»

«Адамдар үч нерседе шерик: суу, жайлоо жана от». Ислам халифага бул сыяктуу умумий мүлктү адамдын мүлкүнө айлантуу укугун бербеди. Ушул аркылуу эч кимдин – ким болушуна карабастан – Аллах адамдарга адал-таза кылып берген мал-мүлккө ээлик кылышына жол койбоду. О.э. колонизаторлордун компанияларына ашыкча укуктар берилип, мусулмандардын алардан куру калышына таптакыр жол койбойт. Исламда, муну менен бирге, өлкө жарандын өнүгүүсү жолунда жер жүзүн жакшыртуу жана өлүк жерлерди тирилтүүгө тиешелүү мыйзамдар бар.

 Роя гезити, №414, 2022-жыл, 26-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here