بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Тунис президенттик аппараты Хизб-ут-Тахрирге жеңилди
Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмүнүн билдирүүсүндө айтылгандай, «Хизбдин Тунистеги борбордук алакалар комитетинин делегациясы 30-август күнү Тунис республикасынын президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр институтуна барды. Устаз Ясин ибн Яхя жетектеп, устаздар Хабиб Мадиний менен Мухаммадали ибн Салим коштоп барган делегация Хизб-ут-Тахрир жакында жарыялаган «Капиталисттик Батыш идеологиясын талкалоо, мабда, хазарат жана сакафат» деген китепти сунуштоону максат кылган. Бирок, тынымсыз аракеттер жана узак сүйлөшүүлөргө карабастан, институттун сакчылары китептин нускасын алуудан баш тартышты. Алар Батыш идеологиясынын негиздерин бузуучу сунушка туш болушканы үчүн баш тартышты. Себеби, алар өздөрүн Батыштын өлкөбүздөгү сакчылары деп эсептешет!
Ошол эле учурда, бул стратегиялык изилдөөлөр институту өлкөбүздө Батыш тарабынан жайгаштырылган институттары менен кызматташуунун эч кандай зыяны жок деп билет, мисалы, Германиянын «Конрада Аденауэр Фонду» (KAS) сыяктуу. Ал тургай, бул Тунис стратегиялык изилдөөлөр институту бул бегене Батыш институту менен 2020-жылы 20 стратегиялык изилдөөнү өткөргөнү менен сыймыктанууда».
Билдирүүдө ушулар баса белгиленди: «Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын борбордук маалыматтар комитети белгилүү бир убакыттан бери идеологдор, университет профессорлору, ал жердеги Батыш цивилизациясына азгырылган модернисттик пикирдин сакчылары, негизинен университеттин гуманитардык илимдер жана исламий хазарат бөлүмүнүн мүчөлөрү о.э. Байтул Хикмат фондунун кадырлуу мүчөлөрүнө ушул китепти таратып келе жатат. Хизб-ут-Тахрир капиталисттик системанын бузгунчулугу жана Ислам системасынын улуулугун ачыктап берүү үчүн өзүнүн ушул аракети аркылуу Батыш сакафатына азгырылгандарды, айрыкча, Байтул Хикмат фонду менен республика президенти алдындагы стратегиялык изилдөөлөр институтунун мүчөлөрүн пикирий талкууга чакырууда. Муну менен, алар колонизатор Батыш идеологиясына көз карандылыктан өздөрүн куткарышсын, Умматынын кучагына кайтып, улуу Ислам системасына жардам беришсин жана муну менен Батыш идеологиясын жаюу жана аны коргоо үчүн курмандык көрсөткөн күнөөлөрүнө каффаарат кылышсын».
Роя гезити, №408, 2022-жыл, 14-сентябрь.