Фалестин маселеси – исламий маселе , аны азат кылууга Ислам Умматы жооптуу

202
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестин маселеси исламий маселе , аны азат кылууга Ислам Умматы жооптуу

 Эй мубарек жердеги калкыбыз!

Яхудий вужудунун кылмыштары токтобой уланууда. Ал эми, Исламий өлкөлөрдүн өкүмдарлары яхудий вужуду менен бул кылмыштары үстүндө тил бириктирген. Алардын жарчы массалык маалымат каражатары да эч качан силердин каныңарды жана Акса мечитиңерди коргобойт. Бул, Түркия, Иран, Мисир, Катар жана башка исламий өлкөлөрдүн өкүмдарларынын позициясы болуп, алардын баары кылмышкер.

Фалестин маселесинин негизи – Ислам. Фалестинди азат кылууга Ислам Умматы жана армиялары жооптуу. Демек, кайрылуңарды Умматыңарга багыттап, алардын арасындагы Салахиддиндердин кайратын козгогула. Умматыңарга жана армияларыңарга кайрылып, кылмышкер өкүмдарлардан алакаңарды үзгүлө, себеби, Фалестин маселеси жана анын калкы үчүн чыныгы-табигый колдоп-кубаттоо Ислам жана анын Умматында. Бул саткын режимдерге ишенүү жана аларга таянып, алардан үмүт кылуу таптакыр жаиз эмес.

Ошондуктан, Ислам Умматына жана армиясына кайрылбаган же Уммат душмандарынан коргоо сурап жаткан ар бир добуш мункар добуш болуп эсептелет. Мындай добуштардан максат – азат кылууга кудуреттүү чыныгы туура тараптан чалгытуу. Демек, ушул мубарек жерди азат кылуу жоопкерчилиги бардык мусулман өлкөлөрүндөгү офицер жана аскерлер мойнунда болуп, Фалестин маселесинин ээлери ошолор. Аларга кайрылбастан, Америкага жана эл аралык уюмдарга кайрылуу болуп көрбөгөндөй эң чоң кыянат болуп эсептелет.

 

Роя гезити, №408, 2022-жыл, 14-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here