Украинанын аннексия кылынган аймактарын Россияга кошуп алуу боюнча келишимге кол коюлат

155
0

Украинанын аннексия кылынган аймактарын Россияга кошуп алуу боюнча келишимге кол коюлат

 Кабар: 30-сентябрь күнү Кремлде Россияга жаңы аймактардын кошулушу боюнча келишимге кол коё турган салтанаттуу иш-чара болот. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Россия парламентинин эки палатасынын Украина аймактарын аннексия кылуу боюнча добуш берүү жараяны кийинки аптада өтөрү күтүлүүдө. Ошондон кийин гана Путин бул кошулууну Россиянын Конституциясында бекемдеп коюшу мүмкүн.

 “Эртең Кремлдин Чоң сарайында, Георгий залында саат 15:00дө Россиянын курамына жаңы аймактардын кириши боюнча келишимге кол коюу болот. Бул иш-чарада Путин кеңири сөз сүйлөйт”, – деген Песков.

Песковдун айтымында, Россия президентинин бул сөзү Федералдык жыйынга кайрылуу болбойт.

Песков президент Путин “салтанаттуу иш-чара майданында” “ДЭР” жана “ЛЭР”дин башчылары о.э. Херсон жана Запорожье облустарынын Россия тарабынан дайындалган жетекчилери менен сүйлөшө турганын кошумчалаган.

Комментарий: Россиянын Украинага каршы баштаган “атайын операциясы” Путин күткөндөй натыйжа бербеди. Путин арзуу кылган ыкчам жеңиш жана жергиликтүү калктын орус аскерлерин гүлдөр менен тосуп алышы куру кыял болуп чыкты. Бул согуш Россиянын аскерий кубаты көбүртүп көрсөтүлгөн нерсе экендигин, Путиндин олигархтары элдин байлыктарын ээлеп алып, талап-тоногону сыяктуу эле, Россиянын жогорку даражалуу офицерлери да аскерий бюджет үчүн бөлүнгөн милларддаган долларларды өздөштүрүп алганын, орустун аскерий кубатынан эч нерсе калбаганын ашкере кылып койду. Украина согушу созулган сайын орус армиясы алдан тайып, аскерий техника жана аскерлер жетишпестиги проблемасына дуушар боло баштады. Ошол себептен 21-сентябрда Путин чектелген мобилизация жарыялады. Бул нерсе орус армиясы Украинада жеңилип жатканын түшүндүрөт.

 Путин бул согушта жеңүү, же болбосо, жеңилүүсүн жашыруу үчүн орус калкынын мекенчилдик туйгусун козгошу, Украинаны кудум баскынчы мамлекет катары көрсөтүшү керек. Ошол себептен да Россия шашылыш түрдө басып алынган аймактарда Россиянын курамына кошулуу боюнча референдумдарды өткөрдү. Бул референдумдарда калктын көпчүлүгү Россиянын курамына “кошулууну жактап добуш берди”. Эртең Путин “ДЭР” жана “ЛЭР”дин расмий түрдө Россияга кошулганын жарыяласа, анда Украина армиясы Россиянын аймактарын басып алуу үчүн согушуп жаткандай, Россия болсо “мамлекеттин бүтүндүгү үчүн” согушуп жаткандай болуп калат. Бул болсо, жакынкы келечекте Путиндин массалык мобилизация жарыялашына жол ачат.

Мындан тышкары, ЖККУ келишиминин 4-беренесинде белгиленген “мүчө мамлекеттердин биринин коопсуздугу, туруктуулугу, аймактык бүтүндүгү жана суверенитетине коркунуч туудура турган куралдуу чабуул бардык мүчө мамлекеттерге кол салуу катары кабыл алынат” деген негиз менен Россияга Украина тараптан “баскынчылык” болуп жатат деген шылтоо менен ЖККУга мүчө мамлекеттерди да согушка тартууга жол ачылат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here