Королеванын өлүмүнө баарынан да Исламий өлкөлөрдүн башчылары аябай кайгырышты

172
0

Королеванын өлүмүнө баарынан да Исламий өлкөлөрдүн башчылары аябай кайгырышты

Англиянын королевасы Елизавета II нин өлүмү Исламий өлкөлөрдүн башчыларын терең кайгыга батырды. Алар королева каза болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен таъзия билдирип, өз өлкөлөрүндө аза күтүү күнүн жарыялашты. Омандын султаны Хайсам бин Тарик 1 күндүк, Бириккен Араб Эмиратынын президенти Мухаммад бин Заид Ал-Нахайян 3 күндүк, Бахрейн королу Хамид бин Иса Ал-Халифа 3 күндүк, Катардын амири Шайх Тамим бин Хамад Ас-Сани 3 күндүк, Кувейт Министрлер Кеңеши 3 күндүк, Ливан Министрлер Кеңеши 3 күндүк, энеси англис болгон Иорданиянын королу Абдуллах II болсо 7 күндүк аза күтүү күнүн жарыялады. О.э. БАЭ, Бахрейн, Кувейт, Ливан жана Оманда аза күтүүгө байланыштуу мамлекеттик туулар төмөн түшүрүлдү.

Мындан тышкары, аталган жетекчилер королевага мактоолорду аябай жаадырышты. БАЭ президенти Мухаммад бин Зайд Ал-Нахайян: “Королева Елизавета II жакын досубуз жана сүйүктүү, урматтуу жетекчи эле”, – деди. Дубайдын амири Шайх Мухаммад Бин Рашид Ал-Мактум: “Королеванын улуу Британиядагы ажайып кызмат мөөнөтү жана миссиясы заманбап дүйнөдө теңдешсиз”, – деди. Катардын амири Шайх Тамим бин Хамад Ас-Сани: “Королева Елизавета II өлүмү менен дүйнө жүзү улуу инсаний символдон айрылып калды”, – деди. Омандын султаны Хайсам бин Тарик: “Королева Оман жана улуу Британия ортосундагы эки тараптуу жакын мамилелерди бекемдөөгө салым кошту. Ал Омандын досу эле”, – деди. Саудиянын королу Салман бин Абдулазиз жана мураскор шахзада Мухаммад бин Салман: “Королева жетекчиликтин тарыхта түбөлүккө кала турган үлгүсү эле”, – деп таъзия билдиришти. Мисирдин президенти Абдулфаттах Ас-Сиси: “Өз мамлекетин ондогон жылдар улуу даанышмандык менен башкарган королева Елизавета II нин өлүмүнө байланыштуу королдук үй-бүлөнүн, Британия өкмөтүнүн жана Улуу Британия калкынын аза-кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен таъзия билдирем”, – деди. Палестинанын президенти Махмуд Аббас: “Улуу Британия королевасы Елизавета II каза болгону жөнүндөгү кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Ал өмүрүн элине кызмат кылууга арнады”, – деп таъзия билдирди. Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган болсо: “Королева Елизавета II нин каза болгонун угуп терең кайгыга баттым. Досубуз жана союздашыбыз Британия өкмөтүнө, калкына жана королдук үй-бүлөгө терең кайгыруу менен көңүл айтам”, – деди. Эгер мүмкүнчүлүк тапса коштошуу ырасымына катышарын кошумчалады.

Бул жетекчилер Халифалык мамлекетин кулатууда башкы ролду ойнгон жана мусулмандардын башына эң оор азаптарды салган колонизатор Англия королевасынын өлүмүнө кайгыруу менен өздөрүнүн чыныгы жүздөрүн дагы бир жолу ашкере кылышты. Негизи, Королева Елизаветанын Куръанды «шайтан аяттары» деген о.э. Расулуллах Bды жана анын пакиза жубайларын акаарат кылган Салман Рушдиге «рыцар» наамын беришинин өзү эле анын кимдигин көрсөтүп турат.

Акыркы 3 кылымда Ислам дүйнөсү кайсы жерде кыянатка учураган болсо, анын артында албетте Англия тургандыгына далил келтирүүнүн зарылдыгы жок. Өз “калканынан” айрылып калган мусулмандарга каршы тарыхтагы эң бир кандуу кыргындарды ишке ашырган Британиянын эң жаман кесепеттеринин бири Мукаддас жерге яхудий вужудун орнотуп коюу болду. “Бүгүнкү күндө муслима энелер перзенттерин эмизип жатып, балдарына сүт менен бирге англистердин душмандыгын жана алардан өч алууну сиңириши керектигин” баса белгилеп кеткен Хизб ут-Тахрирдин негиздөөчүсү Такийюддин Набахонийди Аллах рахматына алсын.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here