Бутпарас Кытай өкмөтү мусулмандарды карантин шылтоосу менен ач калтырууда

26
0

Бутпарас Кытай өкмөтү мусулмандарды карантин шылтоосу менен ач калтырууда

         Бутпарас Кытай өкмөтү Чыгыш Түркистанда коронавирус шылтоосу менен карантиндик режим киргизди. Муну менен мусулмандарды үйлөрүндө ач калууга мажбур кылууда. Уйгур мусулмандарынын ач кыйкырыктары тартылган видеолор жергиликтүү басылмаларда, социалдык тармактарда таркап жатат.

         Кытай Чыгыш Түркистандагы мусулмандарды Исламдан алыстатуу үчүн ассимиляциялоо саясатын адамдык баалуулуктарга жат көрүнүштө, мыкаачылык менен улантып жатат. Вирус шылтоосу менен мусулмандар жашаган шаарлар аралык каттамдар жабылып, а түгүл, ооруканалар бекитилди. Айрым мусулмандардын үйлөрү сыртынан кулптанып, ачкалыктан өлүмгө дуушар болууда. Үрүмчү, Кашкар, Гүлчө сыяктуу шаарларда карантин эки айдан бери уланып жаткандыктан, азык-түлүк жетишсиз үй-бүлөлөрдө өлүм учурлары көп катталууда.

         Белгилүү болгондой Кытайдын бутпарас бийлиги аймактагы миллиондогон мусулмандарга зулумдугун улантып келет. Чыгыш Түркистанды ачык абакка айлантып барууда. Мусулмандар ибадаттарын да толук аткара албай турган абалда. Мусулман үй-бүлөнүн кыздары бутпарас эркектерге мажбур түрдө турмушка берилип жатат. Жолдошу «тарбиялоочу лагерь» деп аталган абактарда калган үйлөргө орган кызматкерлери убактылуу жашоо үчүн жиберилүүдө. Алар үй бүлө мүчөлөрүн арак ичип, чочконун этин жешин талап кылышууда.

         Мунун каршысында мусулман өлкөлөрүнүн жетекчилери Кытай менен кызматташтыктарын эч нерсе болбогондой абалда улантып жатышат. А түгүл, экономикалык кызыкчылыктардан улам, Кытайдын саясатын колдоп, өлкөлөрүндөгү качкын болуп жүргөн уйгур боордошторду Кытайдын заалим бийлигине өткөрүп беришүүдө.

         Демек, биз мусулмандар бул жетекчилерден өз моюндарына жүктөлгөн аманаттарды эскертүүбүз парз! Муну менен катар өзүбүзгө жүктөлгөн жоопкерчиликти аткаруу менен Исламий мамлекетти кайрадан тикелөөгө аракет кылышыбыз шарт. Ансыз зулумдукка шерик болуп калуу коркунучу бар. Анткени, Исламий мамлекет гана дүйнөнүн төрт тарабында зулум чегип жаткан мусулмандардын акы-укугун ордуна коюп, заалимдердин жообун татыктуу бере алат!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here