Фалестин масееси Уммат тарабынан корголуп, аң-сезимдүү калыс жетекчилик тарабынан кайра тикеленет

225
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестин масееси Уммат тарабынан корголуп, аң-сезимдүү калыс жетекчилик тарабынан кайра тикеленет

Фалестин администрациясынын президенти Махмуд Аббас шейшемби күнү кечинде Анкарада Түркия президенти Эрдаган менен бирге берген маалымат конференциясында мындай деди: «Биз элибизге, жерибизге жана ыйык жайларыбызга баскынчы бийликтин кол салуучу аракеттери уланышын кабыл албайбыз. Тынчтык жана коопсуздукка жетүү баскынчы бийлик «эки мамлекет» чечимине зыян жеткирген иштерди бүтүндөй токтотушу менен башталат».

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Фалестин президенти «эки мамлекет» чечимин жүзөгө чыгаруу жана Американын яхудий вужудунун коопсуздугун сактай турган түрдө Фалестин маселесин жокко чыгаруу долбоорун коргоо үчүн Берлин сапарынан кийин Анкарага өттү…

Саясий позициясы жан берүүдөн жана баш тартуудан башка нерсе болбогон президент Аббас Эрдагандын сунушун кабыл алуу менен өзүн кылмышка шерик кылды. Шексиз, бул Түркиянын яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштыруу жана өз ара элчилерди кайра тикелөө кылмышы…

Эрдаган менен Аббас саткындыкта бирдей, Эрдагандын саткындыгы чоңураак. Себеби, ал Фалестинди азат кылып, аны Ислам Умматына кайтарууга күчү жетет, мүмкүнчүлүгү чоң. Бирок, ал тескерисинче эки мамлекет тикелөө талабын жана яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу вариантын тандап жатат о.э. Фалестин администрациясынын ушул саткындыкты жашыруусун каалап жатат. Аббас аны жалгандан мактап саткындыгын жашырууда».

Билдирүүнүн аягында мындай делет: «Фалестин маселесин эч качан бул жан берүүчү Аббас коргобойт жана тил бириктирүүчү Эрдаган чечпейт. Жок. Аны Уммат коргоп, калыс аң-сезимдүү жетекчиликке тапшырат жана ушул жетекчилик Аллахтын ыраазылыгын максат кылып, армияларды Фалестин жана Акса мечитин азат кылууга үндөйт».

 

Роя гезити, №406, 2022-жыл, 31-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here