Чолпон-Атада КМШ өлкөлөрүнүн ИИМ башчыларынын жыйыны болуп өттү

150
0

Чолпон-Атада КМШ өлкөлөрүнүн ИИМ башчыларынын жыйыны болуп өттү

 Кабар: 8-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлер кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Кыргызстан, Азербейжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын ИИМ делегациялары, Уюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюронун өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын терроризмге каршы борборунда иштегендер катышты.

Жыйында аталган мамлекеттердин ортосундагы кылмыштуулукка, анын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык программалардын аткарылышы талкууланып, ага каршы турууда биргелешкен чечимдерди кабыл алуу маселелери каралды.

О.э. министрлер шериктештикке кирген өлкөлөрдүн ички иштер органдарынын өз ара кызматташтыгы, экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.

 Комментарий: Акыркы бир жарым айда Чолпон-Ата шаарында бир катар эл аралык жыйындар болуп өттү. Т.а. 2022-жыл, 20-июлда Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өткөн болсо, 21-июлда Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу болуп өттү. 26-июлда болсо Түрк мамлекеттеринин атайын кызматтары конференциясынын 24-жыйыны болду. 25-26-август күндөрү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны да ушул шаарда өткөрүлдү.

 Ал жолугушууларда да – КМШ мамлекеттеринин ИИМ башчыларынын жыйынында каралганы сыяктуу эле – аймактагы коопсуздук , “экстремизм жана терроризм коркунучтары” негизги тема болду. А бирок, ал  жолугушууларда бир жолу болсо да аймактагы калк күндөн-күнгө жакырчылыкка батып, жашоосу начарлап бара жатканы, буга бийликти бир ууч адамдар ээлеп алып, элдин мүлкүн талап-тоноп жатышы себеп болуп жатканы, коомдо адеп-ахлак күн өткөн сайын төмөндөп бара жатканы, адам өлтүрүү, баскынчылык, уурулук, жаш балдарды зордуктоо, мектеп жашындагы кыздар арасында кошбойлуулук, баңгилик жана сойкулук көбөйүп бара жатканы сыяктуу маселелер талкууланбады. Себеби, коомду кыйроого алып бара турган мындай кылмыштар алардын бийлигине эч кандай коркунуч туудурбайт. Тескерисинче, алар адамдар оокатын өткөрүү үчүн жалаң гана акча табуу кайгысында жүрүп, пикирлебей, манкурт сыяктуу бийликтин жалган ураандарын ээрчип калышына о.э. адамдардын жашоодон көздөгөн максаты жалаң гана ушул дүйнөдө жыргап калуу болушуна кызыкдар.

 Ошол себептен да, алар мындай чыныгы кылмыштарга көңүл бурбастан, тескерисинче, бул  жасалма эгемендүү мамлекеттердин башчыларын бийликке алып келген жана булардын бийлигин күч жана алдоо жолу менен мыйзамдаштырып берген бузуку демократияны жер бетинен шыпырып салууга кудуреттүү болгон саясий Исламды жана чыныгы исламий даъватты көтөрүп чыгып жаткан мусулмандарды өздөрүнө душман кылып белгилешти. Ушундан келип чыгып, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү маскасы артында Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн башташты. Себеби, колонизаторлор жана алардын малайлары мусулмандардын Ислам ибадат жана ырасымдар эле эместигин түшүнүп жетиши алардын бийлигине коркунуч туудурушун жакшы билишет. Башкача айтканда,  мусулмандардын Исламда саясат, экономика, ижтима, аскерий тармак, билим берүү жана башка тармактар үчүн чечим бар экендигин, адамдын жашоодон максаты Жаратуучусунун ыраазылыгына жетүү экендигин, амру-маъруф, нахий мункар жана акимдерди мухасаба кылуу (тергеп-тескөө) фарз экендигин түшүнүп жетиши алардын бийликтеги өмүрүн кыскартышын жакшы билишет. Ошондуктан да, алар мусулмандардын өз Исламын толук үйрөнүшүнө эч качан ыраазы болушпайт. Мында Россия, АКШ жана башка колонизатор мамлекеттердин көз карашы бирдей. Алар колония жана таасир талашууда өз ара атаандашканы менен, бирок Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшкө келгенде биригип кетишет.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here