АКШ Саудияда жаңы аскерий полигон курууну пландаштырууда

104
0

АКШ Саудияда жаңы аскерий полигон курууну пландаштырууда

 АКШнын Жакынкы Чыгыш жана Иран боюнча жооптуу аскерий командачылыгы Сауд Арабиясында жаңы аскерий сыноо полигонун куруу планын иштеп чыгууда. Бул тууралуу АКШ коргоо министрлигинин расмийлерине таянып NBC News телеканалы кабарлады. Кабарда келишинче, аталган полигон учкучсуз башкарылуучу учактар коркунучуна каршы күрөшүү үчүн жаңы технологияларды сыноодон өткөрүү, абадан жана ракеталардан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү о.э. сыноодон өткөрүү үчүн колдонулат.

АКШ расмийлеринин билдиришинче, бул үчүн Саудия аябай ылайыктуу. Себеби, ал мамлекетте кеңири, ачык жерлер бар о.э. жакын жердеги калктуу пункттарга таасирин тийгизбестен электрондук согуштун түрдүү ыкмаларын сынап көүү мүмкүнчүлүгү бар. О.э. АКШ коргоо министрлигинин өкүлү белгилегендей, бул пландар “келечекте аймактык коопсуздук боюнча көптөгөн иш-аракеттердин борбору катары” Саудияга берилген өтө чоң “мүмкүнчүлүк” болуп эсептелет.

Комментарий: Бул иштер АКШнын Саудиядагы таасирин күчөтүү үчүн үзгүлтүксүз уланып келе жаткан иштер түркүмүнөн болуп эсептелет. Белгилүү болгондой, 2015-жылдын башында король Абдуллах ибн Абдулазиз өлгөндөн кийин анын иниси Салман ибн Абдулазиз бийликке келген соң, Саудияда АКШнын таасири күчөй баштады. Себеби, Абдуллах ибн Абдулазиз Англияга малайлыгы менен таанылган король болсо, Салман ибн Абдулазиз Америкага ыктаган король болуп эсептелет. Ошондуктан, ал тактыга отурушу менен өлкөдө АКШнын кызыкчылыгын коргой турган реформаларды баштады. Мамлекеттен англистердин тамырын кыркуу үчүн Англияга ыктаган чиновниктерди кызматтан алып, кээ бирлерин камакка алды жана мамлекетке АКШ күчтөрүн тартты. О.э. АКШнын талаптарына ылайык, эркек-аял аралаш массалык концерттерди өткөрүү, аялдарга эркектер менен бирге футбол көрүү үчүн стадиондорго кирүүгө уруксат берүү, аялдарды жогорку кызматтарга дайындоо, кыздарга лейтенант наамын берип, аскерий жашоого кадам коюшуна жол ачуу сыяктуу иштерди кылды. Буга каршы болгон раббоний аалымдарды узак мөөнөттүү камак жазасы менен жазалады.

Салман ибн Абдулазиз королдукка келген 2015-жылы “аймакта коопсуздук жана туруктуулукту сактоо о.э. тынчтыкты кепилдөө жолунда кызматташуу” шылтоосу менен АКШ күчтөрү 2003-жылы чыгып кеткен “Шахзада Султан” авиа базасына – он алты жылдык тыныгуудан кийин – кайрадан кайтышына расмий түрдө макулдук берилиши да ушул иштер түркүмүнөн. Бул тууралуу коргоо министрлигиндеги расмий булакка таянуу менен Саудиянын расмий SPA маалымат агенттиги кабарлаган. Ошол кезде АКШнын борбордук командачылыгы билдирүү таратып, Саудия коргоо министри – королдун ыраазылыгы менен, ыраазылык эле эмес, балким анын сунушу менен – АКШ аскерий күчтөрүн Саудияга жайгаштырууга кеңири жол ачкандыгын билдирген эле. Билдирүүдө айтылышынча, Саудиянын бул кадамы Вашингтондун аймактагы кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүгүн күчөткөн. АКШнын маалымат булактарында айтылышынча, Саудия королдугу аскерий күчтөрдү Саудияга жайгаштыруу үчүн зарыл болгон чыгымдарды көтөрүүгө ыраазы болгон.

 

Саудия бийлигин ээлеп алган сауд үй-бүлөсү куфрга берилгендиги менен Ислам үчүн да, Исламий Халифалык мамлекети үчүн да балээ болду. Себеби, алар англистерге малайлык кылып, Халифалык мамлекетин кулатуу үчүн аларга жардам берди. Бул үй-бүлө тарыхта халифалыкка сокку бергени сыяктуу эле, бүгүнкү күндө да Исламдын жашоого кайтып келишине тоскоолдук кылууда. Инша Аллах жакында тикеленүүчү Халифалык мамлекети тикеленген соң бул сыяктуу жасалма мамлекетчелердин изи да калбайт.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here