Орусия миграциялык талаптарды татаалдаштырды

32
0

 Орусия миграциялык талаптарды татаалдаштырды

         Орусияда 3-сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин, жашаган жери боюнча миграциялык каттоону, медициналык кароодон, дактилоскопиялык текшерүүдөн өтүүнү талап кылган эрежелер күчүнө кирди. Мигранттар катуу текшерилип, 5 миң рублдан өйдө айып пул төлөшүүдө.

         Мындан улам, миграциялык каттоосун жаңыртуу үчүн Орусиядан Казакстанга агылгандар он миңдеп саналууда. Орусиянын чек арачылары кылдат текшерип, айрым мигранттарды түрдүү шылтоо менен киргизбей, кайтарган учурлар да болуп жатат. Ал тургай мындай талаптан улам Казакстанга чыгууну көздөп бара жаткан мигранттар отурган кичи автобус жол кырсыгына да учурады. 21-августта Ульяновск облусунда катталган кырсыкта 17 адам көз жумду. Каза болгондордун 14ү кыргызстандык жарандар экени аныкталып, алардын сөөгү 23-августта мекенине алып келинген. Бул жарандар Россиянын мигранттарга карата уламдан улам катаалдантып жаткан мыйзамдарынын кезектеги курмандыктары болуп калышты.

         Орусиянын мындай талаптары саясий абалга жараша өзгөрүп барууда. Өзгөчө Орто Азия мамлекеттери Орусия кызыкчылыгына каршы аракеттерди баштагандан тарта дагы да татаалдашып барууда. Анткени, бул аймакты Орусия өз эгинзары катары карайт. Таасири астынан чыгуусун болсо согуш менен болсо да токтотуп калуу керек деп билет. Анткени, үстүбүздөн колдонулуп жаткан капиталисттик система турмушта колонизаторлук аркылуу колдонулуп келет. Муну менен империалист ири державалар башка өлкөлөрдүн жерлерин басып алып, байлыктарын тартып алышат. Элдерин эзип, арзан жумушчу күчү катары пайдаланышат. Өлкөлөрдү өз продукциялары үчүн базар кылып алышат.

         Орусия мына ушул максатта бир катар аскерий жана саясий-экономикалык уюмдарды түзүп алган. Алардын бири Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ). Негизи, документте уюмга мүчө өлкөлөр арасында товарлар, кызматтар, капитал жана жумушчу күчтөрү эркин айланышы керек деп жазылуу. А бирок, турмуш чындыгында мунун тескериси болууда.

         Түпкүлүгүндө, миграция маселеси өлкөдөгү жумушсуздук, жакырчылык көйгөйлөрү күчөгөндөн улам келип чыгары талашсыз. А бирок, биздин аткаминерлер мигранттар Орусияда ээн-эркин жумуш кыла берерин шылтоо кылып Орусиянын кызыкчылыгын ишке ашырып беришти. Ал эми, учурдагы бийлик калкты жумуш менен камсыздоонун ордуна мигранттарды кызыл лента кесип, чет өлкөлөргө жиберүү менен убара. Мындан белгилүү болгондой, үстүбүздө империалисттер өкүмдарлык кылып, акимдер бийлик күрсүлөрүн сактап калуу үчүн алардын кызматчыларына айланган соң миграция маселеси чечилбейт.

         Биз  миграция көйгөйүнөн кутулуу үчүн алгач колонизаторлукту тарыйкат кылып алган капитализмден кутулуубуз керек. Бул үчүн капиталисттик системага альтернативдүү күч боло турган мабдаъга муктаждык туулат. Мусулмандарды бириктирип, колонизаторлукту кулата турган күч бир гана Исламда бар.

 Мумтаз Маверуаннахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here