Камбар-Ата-1 жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулушунун баасы айтылды
Кабар: Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы жайкы тыныгуудан кийин 1-сентябрда ишин расмий баштады. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, парламенттин кароосунда учурда 121 мыйзам долбоору турганын белгиледи.
Акылбек Жапаров: “Биз «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу долбоорун баштадык. Биздин эксперттердин эсебинде, бул 5-6 миллиард долларлык экономикабыздагы ири долбоорлордун бири. Буга байланыштуу бир топ мыйзамдарга да өзгөртүү киргизишибиз керек. Силер менен чогуу суроо-талаптарыбызды чечебиз деген үмүтүбүз бар. 15-16-сентябрда ШКУнун Самарканддагы жыйынында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча келишимге кол коюларын күтүп жатабыз. Божомолдор боюнча жылдын экинчи жарымында техникалык-экономикалык негиздемеси бүтөт, 5-7 млрд доллар керектелет”, – деди.
Эске сала кетсек, быйыл 8-июнда Жалал-Абад облусунда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталган. Ошондо: “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат”, – деп айтылган. О.э. курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин экендиги, ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү – туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жыл экендиги кабарланган.
Комментарий: 2012-жылы Кыргызстан менен Россия өкмөттөрү “Камбар-Ата-1” жана дагы төрт ГЭСтен турган Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу боюнча келишимге кол койгон эле. Бирок, 2016-жылдын август айында Россия ошол кездеги экономикалык абалында келишимдеги ири долбоорлорду каржылай албастыгын моюнга алган соң Кыргызстан өкмөтү 31-декабрда “Камбар-Ата -1” жана Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу жана эксплуатациялоо боюнча Россия менен түзүлгөн келишимдерди жокко чыгарып, ГЭСтердин курулушунуа кеткен 37 миллион долларды Россияга кайтарып берүү керектигин билдирген.
Садыр Жапаровдун 2021-жыл 11-12-марттагы Ташкентке сапарынын алкагында “Камбар-Ата-1” ГЭСин биргеликте куруу боюнча келишим түзүлдү.
Президент Жапаров ошондо: “Биз “Камбар-Ата-1” ГЭСин Өзбекстан менен биргеликте куруу тууралуу келишим түздүк. Жумуштар ошол эле күнү башталды. Кудай буюрса, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун 3 жылда бүтүрүүнү максат кылабыз. Долбоор толугу менен ишке ашырылат. Биз аны 30 жылдан бери кура албай келдик. Азыр аны 3 жылда бүтүрүүнү пландаштырып жатабыз”, – деген эле. Кийинчерээк, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да ГЭСти биргеликте курууга кызыгуусун билдирген.
Темир жолу жана Камбар-Ата-1” ГЭСи стратегиялык мааниге ээ болуп, кайсы мамлекет муну колуна алса, биринчиден үлкөн кирешеге ээ болот, эккинчиден расмий өкмөткө таасирин күчөтүүгө жетишет. Ошол себептен да аймактагы мамлекеттер өз ара биригип бул долбоорду ишке ашырууга киришкенде бул долбоорлордо бир да колонизатор мамлекеттен же колонизатолордун куралы болгон эл аралык каржылык уюмдардан жардам албай өз күчү менен курушу керек. Антпесе, “Кумтөр”, “Жерүй” жана башка кен-байлыктар сыяктуу үзүрүн колонизаторлор көрүп, зыяны элдин мойнуна түшө берет.
Туркистон