Судан үлкөн айыл чарба байлыктарына ээ, адамдар болсо сөөк кемирет!

277
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Судан үлкөн айыл чарба байлыктарына ээ, адамдар болсо сөөк кемирет!

Судан ар түрдүү байлык жана ресурстарга ээ болуп, айыл чарбада эң бай Араб жана Африка мамлекеттеринин бири болуп эсептелет. Суданда мал чарбанын (кара мал, кой, эчки жана төө) саны 103 миллионго жетет: 30 миллион кара мал, 37 миллион кой, 33 миллион эчки жана 3 миллион төө, андан тышкары 4 миллион жылкы, 45 миллион канаттуу. Балык: ички балыкчылык 100 миң тоннаны, денгиз балыкчылыгы 10 миң тоннаны түзөт. Буларга кошумча, чоң санда жапайы айбандар бар. Айыл чарба, балыкчылык жана алардын продукцияларынын экспорту Судан экономикасына 20-25 пайыз салым кошуп, жалпы экспортто экинчи орунда турат. Судан Фарс булуңу, Араб мамлекеттери жана Кытай базарларында жогору даражага ээ.

Мына ушундай үлкөн байлыктарга карабастан, мамлекетте тоңдурулган жана сүрсүтүлгөн эт, сүт, быштак, тери жана башка чарба жана балык продукциялары жок болууда. Туурасы, аздыгынан тышкары абдан оор шартта иштеп жаткан заводдор электр энергиясынын таңкыстыгы, салыктар, төлөмдөр жана бажы төлөмдөрү себептүү бүтүндөй кризиске учураган. Акыбетте, мамлекет жергиликтүү өндүрүштү колдоо, шыктандыруу жана өнүктүрүүнүн ордуна, сүт, быштак жана бардык түрдөгү кайра иштелип чыккан эттин импортуна таянып калган.

Азык-түлүк коопсуздугунун маанилүү борбору, туруктуу экономикалык жана өнүгүү базасы болгон Судан мына ушундай ири байлыктарга ээ болушуна карабастан, булардан оптималдуу пайдалана албайт. Анын үстүнө саясий туруксуздук жана экономикалык силкинүүлөр өлкөнү жакырчылыктан азап тартып жаткан эл үчүн жараксыз жана пайдасыз өлкөгө айлантты.

Судандагы ушундай ири айыл чарба ресурстары мабдага негизделген мамлекетке, саясий эркке жана пайдалануу мүмкүн болгон кеңири көлөмдүү экономикага ынтызар болуп турат. Бул үчүн оболу коопсуздук жана саясий кырдаалдан кутулуу, коомду оңдоп, өнүктүрүүгө кудуреттүү түзүмдү тикелөө зарыл. Албетте, бул адилеттүү роббаний түзүмсүз таптакыр ишке ашпайт. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги ушул рошид Халифалык түзүмү бардык инсандардын муктаждыктарына камкордук кылат, иштерин башкарат, урматын коргойт, инсандардан пайдаланбайт, тескерисинче, алардын азык-түлүк, кийим-кече жана үй-жайын камсыздоого толук кепил болуп, баарын терроризм жана кооп-коркунучтардан алыс реал коопсуздук, чыныгы саламаттыкты сактоо жана туура таалим менен мүмкүн болушунча жогору деңгээлде камсыздайт. Халифалык адамдарга эч кандай оордукту алып келбейт, тескерисинче, баары жыргал бактылуу жашоону өткөрүшөт.

 

Роя гезити, №405, 2022жыл, 22август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here