Шам козголоңу өз максатына жетүү аракетинде, кыянаттык кылгандар жана тил бириктиргендер ага таптакыр зыян жекире албайт

16
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Шам козголоңу өз максатына жетүү аракетинде, кыянаттык кылгандар жана тил бириктиргендер ага таптакыр зыян жекире албайт

Сирия оппозициясынын канкор Асад режими менен келишүүсү жөнүндө Түркия тышкы иштер министри Мавлуд Чавушоглунун билдирүүсү артынан Сирия убактылуу өкмөтү мындай билдирүү берди: «Түркия дагы эле козголоңдун негизги союздашы болуп калууда. Бул нерсени ката түшүнүлүшү мүмкүн болгон билдирүү өзгөртпөйт». Сирия убактылуу өкмөтүнүн билдирүүсүнө устаз Абду Даллий Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмү радиосу үчүн ушул түшүндүрмөнү берди: «Шам козголоңу 2011-жылы башталгандан бери өз жолун улантуу, коопсуз жээгине жетүү жана козголушуна себеп болгон максатын ишке ашыруу үчүн өзүнүн эч кымбат нерселерин курман кылып келүүдө. Перзенттердин каны калк тарабынан берилген эң кадырлуу нерсе болуп эсептелет. Ушул кандар негизинде батальондор, бригадалар жана армия корпустары түзүлдү… Чет элдеги оппозиция да өзүнүн саясий вужудун, портфелсиз, жада калса укукка ээ болбогон министрликлерди дал ушул кан негизинде түздү. Бул министрликтер кепил мамлекет эсептелген Түркиянын колундагы куурчак гана. Түркия аларды өзү каалаган тарапка багыттайт жана каалагандай буйрук берет. Ушундай болушу табигый. Анткени алар ыплас жерге эгилген ыплас көчөттөр болуп, кожоюнуна кызмат кылган жана анын каалоолорун аткарган кимселер. Мындан улам, алар Түркиянын позициясын актап билдирүү берүүнү айыптуу санашпайт. Анткени, кожоюндун жыртыгы кеңейип кетсе, аны жамоо алардын иши! Түпкүлүгүндө, жогоруда баса белгилегенибиздей, булардын баары ыплас суудан суугарылган ыплас көчөттөр болуп, жалаң гана зыяндуу мөмөлөрдү берет жана жалаң гана зыян алып келет».

Устаз Даллий түшүндүрмөнү мындай бүтүрдү: «Эй кулдукту өзүнө ыраа көргөндөр, силер козголоңдун бардык курмандарына кыянаттык кылдыңар жана ага каршы тил бириктирип, аны жардамсыз калтырдыңар. Билгениңерди кыла бергиле, негизи, кожоюнуңардын кызматы да бүтүп калды».

 

Роя гезити, №405, 2022жыл, 22август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here