Фалестин жетекчилиги адамдарды жакырлаштырууну улантууда

181
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестин жетекчилиги адамдарды жакырлаштырууну улантууда

Борбордук Статистика Уюмунун кабарына ылайык, 2022-жылдын баштапкы жети айында Фалестинде керектөө бааларынын индекси көтөрүлгөн.

Бул статистикалык маалыматтарга ылайык, Фалестинде керектөө бааларынын индекси ушул жылдын биринчи жети айында өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 3.56 пайызга, Куддуста 4.49 пайызга, Батыш Жээкте 3.44 пайызга, Газа секторунда 3.36 пайызга жогорулаган.

Өткөн айдагы бааларды 2021-жылдын июлуна салыштырганда маалыматтар керектөө товарларынын индекси Фалестинде 3.95 пайызга, Куддуста 5.74 пайызга, Батыший Жээкте 4.21 пайызга, Газа секторунда 2.05 пайызга көтөрүлгөнүн көрсөттү.

Бул жөнүндө түшүндүрмө катары Хизб-ут-Тахрир–мубарак Фалестиндин маалымат бөлүмү өзүнүн веб-сайтында ушуларды баса белгиледи: «Бу сандар Иордания, Ливан, Түркия, Ирак, Пакистан жана башка мусулман өлкөлөрү, жада калса бүткүл дүйнө мамлекеттериндеги ахвал сыяктуу, капиталисттик түзүмдүн өкүмдарлыгы астында күн сайын күчөп бара жаткан Фалестин калкынын оор турмушу канчалык кыйын экенин көрсөтүүдө. Бул түзүм бир ууч адамдардын кызыкчылыгы үчүн бүткүл адамзатты жакырлаштырды.

Бирок, исламий өлкөлөрдү башка өлкөлөрдөн айырмалап турган ахвалы ушул – бул өлкөлөрдө колдонулуп жаткан капиталисттик түзүм кризисинен тышкары, салык чогултуу жана өзүнүн чириген тамырын азыктандыруудан башка камы жок залим режимдер бар. Ошондуктан, бир тараптан баалардын көтөрүлүшү менен экинчи тарапта салык чогултуунун көбөйүшүнө күбө болосуң. Фалестин жетекчилиги да ушул ахвалда… Салык чогултууда тынымсыз мыйзам ишеп чыгат жана жумушчулардын иш акыларынан киреше алууда жана бажы көзөмөлүн күчөтүп, салыктарды көбөйтүүдө жетик болуп кеткен.

Бүгүнкү күндө Ислам Умматы жана бүткүл адамзат туруктуу инфляция, жогору баалар, валюта курсунун өзгөрүшү, товарлардын таңкыстыгы, жүк ташуу жана камсыздоо проблемалары делип жаткан бир катар проблемалардан кутулушу үчүн бир жол бар. Ал да болсо, капиталисттик түзүмдү жана анын экономикалык түзүмүн кулатып, Ислам түзүмүн жана анын экономикалык түзүмүн тикелөө. Бул Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө менен гана болот».

 

Роя гезити, №405, 2022жыл, 22август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here