Сочидеги Россия-Түркия саммити Сирия калкына жалгандан «достук» билдиргендердин чыныгы жүзүн ачты

21
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Сочидеги Россия-Түркия саммити Сирия калкына жалгандан «достук» билдиргендердин чыныгы жүзүн ачты

 

Устаз Ахмад Муаз

Шам козголоңу башталгандан бери ага каршы тил бириктирүүлөр уланууда. Жакында Россия жана Түркия президенттери ортосунда болуп өткөн Сочи саммити мындай тил бириктирүүлөрдүн акыркысы эмес. Себеби, козголоңду жок кылууга жана режимди сактап калууга каратылган бул тил бириктирүүлөрдү улантууга эки жетекчинин тең чечими бекем. Бул нерселердин бааары Сирияда негизги таасир ээси болгон Американын жетекчилиги астында болууда.

Козголоңдун артка чегинишинде Россия, Иран жана Түркия сыяктуу кепил мамлекеттердин ролу чоң. Себеби, козголоңдун артка чегиниши алар түзгөн пландын негизинде жүз берди. Козголоңду тизгиндөөдө жана козголоңду Асад режимин бардык таяныч жана жүздөрү менен кулатууда көөдөлөнгөн маңызынан бөлүүдө Түркия режиминин ролу салмактуу болду. Түркия режими козголоңду акыйдалык көлөмүнөн бөлүүгө да урунду. Шам мусулмандар акыйдасында чоң мааниге ээ, Пайгамбарыбыз ﷺдын хадисине бекем байланышкан.

Бул мубарек козголоңдун стратегиялык мааниси, акыйдалык көлөмү жана исламий руху ага каршы бардык эл аралык күчтөрдүн биригишине себеп болду. Козголоңду жок кылуу үчүн бар мүмкүнчүлүгү менен дүйнөлүк система ага каршы чыкты. Муну менен анын душманы эки жүзгө ээ болду: бири аскерий күчтөр, роталар жана жалданма аскерлерди тарткан ачык-ашкере душман, экинчиси достук кийимин кийген жана колдоону айткан душман. «Достук» кийимин кийгендерден исламий рухка жамынган сөздөрдөн башка нерсе чыкпады. Исламий рухка жамынган мындай сөздөр өзүнүн азиздик жана улуулугун кайра тикелөөнү каалап козголгон Шам калкына мунафыктык кылууга шарт жаратты. Бирок, жалгандын өмүрү кыска болгондуктан чүмбөт түшүп, чыныгы жүздөр ачык көрүнүп калды.

Америка козголоңдун башында Женева конференциясы аркылуу өзгөрүү амалиятына пайдубал коюу, белги жана форманы сызууга урунду… Т.а. режимдин башын өзгөртүү жана илманий режимди сактап калуу планын сызып, козголоңчу күчтөрдү аны кабыл алууга үндөдү… Бирок, бул планы козголоң күчтөрү тарабынан бүтүндөй четке кагылды. Себеби, ал козголоңдун өзгөргүс негиздерин билдирбейт эле. Бирок, Түркиянын алдоосу оңунан чыгып, ыплас акча айрым таасирдүү козголоң жетекчилерин өзүнө тартты. Түркия козголоң жетекчилерин конференцияларга сүйрөп, аларды конференция натыйжаларын жана токтомдорун ишке ашырууга үндөдү… Акыбетте бул натыйжа жана токтомдор Шам козголоңуна кыйроо алып келди. Негизи, буга чейин Иран жана анын Хизбинин аралашуусуна, андан кийин АКШнын алкыштоосу менен Россиянын аралашуусуна карабастан, козголоң бекем турган.

Россия армиясы Сирияга аралашып, козголоңчу күчтөрү менен кагылышты жана үч ай бою козголоңду жок кыламын деген сөзүн иш жүзүндө ашыра албай, Сирия баткагына малынды… Мына ошондо Түркия аралашып, орус армиясына куткаруучу болуп барды жана ага күрөштү тизгиндешине жардам берди. Себеби, түрк режими козголоңчуларга дос болуп көрүнүп, өтө көп сириялыктарды алдоого жетишти… Муну менен козголоңдун көкүрөгүнө канжар сыяктуу сайылып, аны кыйроого алып келди.

Калыс аң-сезимдүү адамдар түрк режиминин кучагына кирүү кооптуу, бул илманий режимдерди өздөрүнүн жана колонизатор кожоюндарынын кызыкчылыгынан башка нерсе кызыктырбайт деп көп эскертишти. Бирок, кулак салгандар болбоду. Түрк режими өз «союздаштарын» Астанадагы саткындар жана жалдангандар конференциясына тартты… Акыбетте бардык региондор режимге тапшырылып, калкы түндүккө көчүрүлдү.

Ошого карабастан, пландалган түрк фитнасы токтогон жок. Түркия Американын Ливия жана Азербайжандагы кызыкчылыктарына кызмат кылган жалданма согушкерлерге айланткан топтор аркылуу козголоңчуларды режимге тапшыруу үчүн аларды түндүккө чейин кууп барды. Түрк фитнасы Россия менен Түркия ортосунда конференцияларды уюштурууга өттү… Биринчи конференция Сочиден старт алды. Муну менен Сочи козголоң жана козголоңчуларга каршы биринчи тил бириктирүү уясына айланды. Биринчи конференцияда канкор режимге «М5» трассасын тапшырууга келишишти, бул трассаны тапшыруу менен өз-өзүнөн Шам калкынын каны жана үлкөн курмандыктары менен азат кылган шаарлар да тапшырылды.

Жүз миңдеген адамдарды үй-жайын, айылын жана тиричилик каражаттарын таштап кетүүгө мажбур кылган бул жийиркеничтүү операциядан эки жыл өткөндөн кийин Россия менен Түркия жетекчилери экинчи ирет Сочи шаарында жолугушуу өткөрүштү. Бул саммитте мубарек Шам козголоңуна каршы кезектеги фитна сценарийлери жазылды. Эрдаган Россиядан кайткандан кийин ушул билдирүүнү берди: «Путин мырза Түркияга карата адилеттүү жандашуусун жана терроризмге каршы күрөштө дайыма биз менен болорун баса белгиледи… Путин терроризмге каршы күрөштө Сирия режими менен биргеликте аракет кылсак, дагы да туура болот деп эсептеп жатат». Эрдаган анын разведка кызматы кээ бир маселелерде Башар Асаддын разведка кызматы менен байланышып жатканын эске салууну да унуткан жок жана ал үчүн маанилүү натыйжалар экенин кошумчалады.

Илманий мамлекеттердин саясий пландарын алардын разведка кызматтары ортосундагы жолугушуулар белгилейт, бул ал тургай расмий жолугушуулардан маанилүү. Мына алардын разведка жолугушуулары саясатчылардын кийинчерээк боло турган жолугушуусун белгилеп, алардын боло турган келишимдерине чечим берет. Ырас, Эрдаган разведка жолугушуулары болушун кабар кылып жаткан соң, демек, бул Сирия режими менен мамилелерди нормалдаштыра баштаганын түшүндүрөт. Түркия тышкы иштер министри саммиттен бир нече күн мурда Түркия терроризмге каршы күрөштө Асад режимин саясий жактан толук колдойт деди. Айрым жарчы жана жамакчы саясатчылар тышкы иштер министринин бул сөзү күрд согушкерлерин назарга алып жатат деп актоого урунушту. Акыйкатта болсо, согушкер күрддөрдү пайда кылган ушул Асад режими болот. Мындан улам, алар бул согушкерлерге каршы күрөштө кантип аларды колдогон Асад режимине жардам бериши мүмкүн?!

Түпкүлүгүндө, Түркия режими канкор Асад режимине бир күн да душман болгон эмес. Себеби, алардын баары Американын колонизаторлук кызыкчылыктарына кызмат кылган функционалдуу режимдер болуп, Америка аларды өзүнүн колонизаторлук кызыкчылыктары үчүн башкарып турат. Түрк режимин күрд согушкерлери жана түрк улуттук коопсуздугу деген шылтоолор менен Сирияга киргизген да ушул Америка болуп, түпкү максаты Шам козголоңу максатына жетүүсүнө жол бербей, мууздоо. Сочи саммитинде Россия-Түркия жетекчилери ортосунда болуп өткөн келишимдин тыянагы да бардык террорчу уюмдарга каршы өз ара кызматташуу болду. Бул жерде террорчу уюмдар дегендин түпкү максаты – аталышына карабастан – Сирия козголоңунун согушкер топтору. Сирия биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо деген пункт да канкор режимди жана Американын саясий чечимин колдоону түшүндүрөт. Бул чечимди Америка БУУнун №2254-резолюциясы менен түзүп, ал Сирияда илманий малай режимдин турушун кепилдейт, анын башындагы жетекчи ким болушу маанилүү эмес. Ошого карабастан, режимдин колдору Шамда мусулмандардын канына бөлөнгөнүнө карабастан, Америка аны сактап калууга урунууда.

Ошондуктан, козголоң өз токтомун кайра колго алышы жана түрк режимине көз каранды болуудан чыгышы Шам калкынын баштапкы милдеттеринин биринчиси болушу керек. Түрк режими жана анын топтору бир нече багытта аракет кылууда. Алардын биринчиси – Шам калкына басым кылып, ачка коюп кыйнап, моюн сунууга жана режимдин чеңгелине кайтууга мажбурий ыраазы кылуу. Экинчи багыт – жаман ниеттеги уюмдарды жана мурда Шам калкы баш тарткан илманий улуттук саясий партияларды кайра аракетке келтирип, азат кылынган аймактарга Түркия тарабынан киргизүү, ушул партиялар жана уюмдар аркылуу Исламды козголоңчу мусулмандардын көңүл борборунан алыстатуу. Түрк разведка кызматы менен козголоңчу топтор, Хаят Тахрир Шам ортосунда келишим аркылуу ишке ашырылып жаткан бул иштен мусулмандарды Аллах жана Расулуна каршы согушкан жана Исламды саясат, мамлекет жана коомдон четтеткен «жарандык мамлекеттин» маскасы астында илманий мамлекетке ыраазы кылуу көздөлгөн.

Сирия козголоңу бүткүл дүйнөнүн чабуулу астында калса да, албетте нусратка жетишет. Себеби, Шам калкынын ушул козголоңго карата алып жаткан деми өзгөргөн жок. Козголоң улуу Ислам долбооруна ээ калыс аң-сезимдүү саясий жетекчиликке өтө-өтө муктаж. Бул жетекчилик козголоңдун элдик сабын тартиптештирип, аны өз бийлигин тартып алуу үчүн зордукчулдардан куткарат. Зордукчулдар болсо, чет эл менен алака кылып жаткан топтор, функционалдуу өкмөттөр о.э. сыртында козголоңдун досу болгон, түпкүлүгүндө саткын жана алдамчы кыянатчы болгон мамлекеттер.

Демек, Шамдагы калкыбызды бул дүйнө күч-кубатына жана Ахырет ниъматына о.э. өз калкын алдабаган Хизб-ут-Тахрир сунуштап жаткан программа долбоорун кабыл алууга чакырабыз. Биз аларды Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө менен козголоңду аяктоого чакырабыз.

 

Роя гезити, №403, 2022-жыл, 10-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here