بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Хамас менен Асад режими ортосундагы мамилелердин тикелениши – чоң саясий жаңылыштык
Устаз Ахмад Хутваний
Хамас кыймылы менен тогут Башар Асад режими ортосунда мамилелер тикеленип жатканы туурасында ар тарапта кабарлар тарады. Июнь айында Хамас кыймылынын жетекчиси Халил Хайя бул кыймылдын массалык маалымат каражаттары тарабынан таратылган Сирия режими менен мамилелерди тикелөөгө умтулуу чеими жөнүндөгү кабардын тууралыгын тастыктады. Бул кабар Халил Хайядан интервью алган Ливанда чыккан Ахбар гезитинде жарыяланды жана Халилдин билдирүүсү да айтылды.
Эки тарап ортосундагы бул мамилелер 2012-жылы Хамас кыймылы режим менен козголоңдун ортосунда «бейтараптыкты» билдириши артынан Сирия режими тарабынан үзүлгөн. Акыбетте Хамас мүчөлөрүнөн өч алынып, кээ бирөөлөрү өлтүрүлдү, дагы кээ бирөөлөрү камакка алынды жана бардык расмийлери Сириядан чыгарылды.
Хамас кыймылынын төрагасы Исмаил Ханийя 2018-жылы Сирия режими менен алакалар үзүлгөнүн четке кагып: «Биздин кыймыл Дамаск менен алаканы үзбөгөн, ортодо фитна гана болду, Сирия калкы ар дайым фалестиндиктердин укугу тарабында туруп келишти», – деп билдирүү берди.
Чамасы, Иран Хамаска катуу басым кылгандан кийин жана Ирандын Ливандагы Хизбинин ортомчулугу артынан Хамас канкор режим менен мамилелерди тикелөөгө чечим кабыл алган көрүнөт. Мамилелерди тикелөө чечими Хамас жетекчилиги тарабынан бир добуштан кабыл алынды.
Бул токтомдун артынан Хамас ар дайым Иран коомуна жагынып келгендей, эми Башар режимине да жасакерлене турган болду. Буга мисал, бул кыймылдын саясий бөлүмүнүн мүчөсү Муса Абу Марзук Tегеран конференциясынан келип чыккан Иран-Россия-Түркия биримдигин алкыштады о.э. Сирия аймактарын бириктирүүгө жана баскынчы яхудийлердин кол салуусун каралоого, арийне, Фалестин маселесин жана Фалестин калкынын укуктарын бекемдөөгө чакырды жана бул, региондун коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн пайдалуу экенин баса белгиледи.
Хамастын Сирия режими менен алакаларды тикелөө токтомун көпчүлүк сындады. Алартын катарында, Ихванул Муслимин жамаатындагы жана Сирия исламий кеңешиндеги жетекчи шейх Вуждий Ганим да Хамастын бул чечими кооптуу чечим, муну менен Хамас принциптен кызыкчылыкты абзел көргөн болот деди.
Хамастын тарапкерлери бул чечимди актоо үчүн айтып жаткан шылтоолору негизсиз, жийиркеничтүү жана кабыл алгыс актоолор. Хамастын «кыймылыбызды бул токтомду кабыл алууга үндөгөн нерсе альтернативанын жоктугу», «бул чечимди кабыл алышыбызга себеп – кыймыл өз бийлигин сактап калуу үчүн Башар режими менен жакындашуудан башка жолу калбады» деген сыяктуу сөздөрү бир да далилге негизделбеген. Мунун себептери төмөнкүдөй:
- Хамастын Исламга каршы ачык согушуп жаткан, өзгөчө Ихванул Муслиминге каршы күрөшүп жаткан режим менен союздаш болуусу анын исламий таандыктыгына тескери, негизинен, Хамас Ихванул Муслимин жамаатынын бир бөлүгү деген этибарда да тескери. Хамас анын да, Умматтын да стратегиялык душманы менен союздаштык кылып жатканы логикага да туура келбейт.
- Башар режими алсыз режим. Ал күнү-түнү яхудий вужуду тарабынан болуп жаткан соккулардан да өзүн коргой албай жаткан алсыз режим экендиги тажрыйбалардан далилденген. Демек, Хамас эгер ушундай бир режим менен союздаштык кылса, режим ага эч кандай пайда алып келбейт жана аны колдоп-кубаттабайт… Акыры, Хамас өзүн эптей албай турган бул режим менен кантип союздаштык кылып пайда алышы мүмкүн?! Ал да, Уммат да бул режимди дагы да алсыратууга аракет кылышы керек эмес беле, аны бекемдөөнү жана кооз кылып көрсөтүүнүн ордуна?!
- Бир катар документтерден белгилүү болгондой, Хафиз Асад Жолан дөңсөөлөрүн яхудийлерге сатып, 1967-жылы бул дөңсөө жеңилбей жатып жеңилгенин жарыялаган. Ошентип, Хамас мусулмандардын жеринен яхудийлер үчүн баш тарткан саткын режимге кантип ишенип жатат?!
- Бул режим козголоң жылдары өз калкынын миллиондогонун кырып, качкынга айлантты…, алардын козголоңуна каршы душмандар менен тил бириктирди…, өзүнүн сириялык эле эмес, ал тургай, фалестиндик оппозицияны да кыйноолорго салуудан жана өлтүрүүдөн таптакыр уялбады. Демек, бирер Фалестин кыймылы бул залим канкор режим менен кызматташтыкка кантип ыраазы болушу мүмкүн, акыры, ал өз элине каршы кыргындарды жасаган болсо?!
- Бул режим 1971-жылдан бери Америкага малай болуп келүүдө жана региондо Америка пландарын аткарууда. Америка бул режимди сактап калуу үчүн 2015-жылы эле Россияны өкүл кылды, себеби, ага чейин Иран аны козголоңдон коргой албаган эле, демек, Хамас ушундай америкачыл режим менен кантип кызматташышы мүмкүн?!
Түпкүлүгүндө, Хамас кыймылы өз калкынын канын ичкен мындай канкор режимден алыста турушу жана ага каршы козголоң тарабына өтүшү керек. Бул кыймыл, Сирия режиминин Россия жана Түркия менен түзгөн союзу Уммат жана анын калкына каршы тил бириктирүү болуп эсептелишин, бул козголоңду кыйратуу жана канкор Башарды бийликте алып калуу үчүн жасалганын, Фалестин маселесине алыстан да, жакындан да байланышы жоктугун түшүнүп жетиши керек.
Роя гезити, №403, 2022-жыл, 10-август.