Газа жалгыз өзү кол салуу, фитна жана кыянаттык чеңгелинде калды

160
0

Басма сөз баянаты

Газа жалгыз өзү кол салуу, фитна жана кыянаттык чеңгелинде калды

Баскынчы яхудийлердин Газа секторуна карата акыркы чабуулунда 45 адам шахид болду, жүздөгөнү жараат алды, алардын он беши жаш балдар, алтоосу аялдар…

Курчоо астындагы Газа секторунда 16 жылдан бери чабуулдар, бомбалоолор жана ойрондулуктар тынымсыз уланууда… Бүткүл дүйнө бу нерсеге сүкүт кылып, жардамсыз калтыруу менен карап турат.

Бул чабуул Батыштын, өзгөчө Американын колдоосу, араб мамлекеттеринин Газаны жардамсыз калтырып, өз ара тил бириктирүүлөрү, бакынчылар менен бардык тармакта мамилелерди нормалдаштырууга шашылуулары, Фалестин режими яхудийлер менен коопсуздук иштерин келишип, шерменде каралоочу билдирүүлөрдү бериши о.э. БУУ жана Коопсуздук Кеңешине жалбаруу менен чектелиши тушунда болууда.

Жетишет, эй исламий кошуундар!

Биз силерди Фалестиндеги боордошторуңарга жана перзенттериңерге нусрат берүүгө чакыргандан таптакыр чарчабайбыз жана токтотпойбуз. Силер жесир аялдардын ыйына кулак саласыңар деген үмүтүбүз эч качан үзүлбөйт. Демек, кулагыңарды жаап албай, аялдар жана балдардын ыйларын, бул жырткычтарга бир өздөрү каршы турган эркектердин да ачуу, зулум, коркунуч жана капалык кыйкырыктарын уккула.

Эй исламий армиялардын офицерлери жана аскерлери!

Аллах Таала айтат:

﴿وَإِنِ اسْتَنصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ﴾

«Эгер, алар дин жолунда силерден нусрат-жардам сурашса, нусрат-жардам берүү мойнуңарда»

                                                                                                                                     [8:72]

Мына, мубарек Акса, Куддус жана газалык аялдар-балдар, бүткүл Фалестин силерди жардамга чакырышууда, силердин кубатыңардан жардам сурашып жатат, демек, аларды жардамсыз таштап койбогула, жуундукор өкүмдарларыңар жана командачыларыңардын тактысын коргоп, алардын канын текке кетирбегиле.

Силерге нусрат берүүчү да – Аллах, силерден эсеп суроочу да – Аллах. Аллах жакшылыкка сооп, жамандыкка жаза менен эсептешет. Ошондо Аллахка, Расулуна, динге жана Умматка кыянаттык кылган бул жуундукорлордун силерге пайдасы да тийбейт, алар силерди куткара да алышпайт. Аллах силерге:

﴿إِنْ يَنصُرْكُمُ اللَّهُ فَلَا غَالِبَ لَكُمْ وَإِن يَخْذُلْكُمْ فَمَنْ ذَا الَّذِي يَنصُرُكُمْ مِنْ بَعْدِهِ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ﴾

«Эгер, силерге Аллах нусрат берсе, эч ким силерден үстөм болбойт жана эгер силерди жардамсыз койсо, Андан башка эч бир зат жардамчы болбойт, момундар Аллахка гана таянышсын!»                                                                                                               [3:160]

деп айтууда, демек, «лаббей» дейсиңерби?!

 

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат

бөлүмүнүн аялдар жааты

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here