Россияда жол кырсыгынан каза тапкан журтташтарыбыздын жакындарына ТАЪЗИЯ билдиребиз

151
0

Россияда жол кырсыгынан каза тапкан журтташтарыбыздын жакындарына

ТАЪЗИЯ

билдиребиз

Аллах Таала мархумдарды Өз рахматына алган болсун, алардын аза күтүп жаткан жакындарына чырайлуу сабыр берсин.

Маалым болгондой, бул жарандар Россиянын мигранттарга карата уламдан улам катаалдантып жаткан мыйзамдарынын кезектеги курмандыктары болуп калышты.

Дүйнө бойлоп, анын ичинде Кыргызстанда да капитализм системасы колдонулууда, Капиталисттик системанын турмушта колдонулуу тарыйкаты – бул империализм б.а. колонизаторлук. Муну менен империалист ири державалар башка өлкөлөрдүн жерлерин басып алып, байлыктарын тартып алышат; элдерин эзип, арзан жумушчу күчү катары пайдаланышат; өлкөлөрдү өз продукциялары үчүн базар кылып алышат. Империалисттердин колонизаторлук иштерин аларга малайлык кылган жергиликтүү бийликтер жүзөгө ашырып беришет. Колонизаторлордун зулумунун үстүнө – капитализм табиятына ылайык – жергиликтүү бийликтердин монополия, коррупция сыяктуу капиталисттик көрүнүштөрдү колдонуусу жергиликтүү калктын калың катмарын жакырчылык сазына батырып, аларда жумушсуздар армиясын жаратат. Натыйжада, бул жумушсуздар нан табуу үмүтүндө колонизаторлордун өлкөлөрүнө карай “эмгек мигранттары” болуп агылышат.

Бул империалисттер өз ара колония талашышат. Азыр Кыргызстан үстүндө АКШ жана Кытай да таасир талашып жатышат. Мунун каршысында Россия өз колонизаторлугун сактап калыш үчүн бир нече эл аралык уюмдарды түзгөн эле. Алардын бири Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ). Ага ылайык, уюмга мүчө өлкөлөр арасында товарлар, кызматтар, капитал жана жумушчу күчтөрү эркин айланышы керек эле. Бирок, турмуш чындыгында мунун тескериси болууда. Мындан сырткары, Россияда “жазылбаган мыйзамдар” аркылуу зулум өткөрүүлөр да толтура. Ушундан улам, мекендештерибиз дале болсо мына ушундай залимдиктердин курмандыктары болуп жатышса, бийлик болсо бул көйгөйдүн учурдагы туура чечимдерин колдонуунун жана анын түпкү чечими тууралуу ойлонуунун ордуна, дале болсо капитализмдин ашкере-жашыруун мыйзамдарын колдонушуп, империализмге малайлык кылып беришүүдө.

Негизи, учурда бийлик жакырчылык жана жумушсуздук көйгөйлөрүн шариятка ылайык чечип бериши керек эле. Ал эми түпкү чечимге келсек, ал дүйнөлүк империализмди түп-тамырынан омкоруп таштап, анын капиталисттик мабдасынын ордуна Исламды алып келүүдө жатат. Бул бардык махлукатты жаратуучу Аллах Тааланын буйругу жана Аллах Таала адамзат пендеси үчүн кандай жашоо жакшы экендигин жакшы билүүчү.

Биз, Кыргызстанда иш алып барып жаткан Хизб ут-Тахрир мүчөлөрү, дагы бир жолу Рахман жана Рахийм Аллахтан адал ырызкы табуу жана тиричилик өткөрүү үмүтүндө кетип, автокырсыкта каза тапкан журтташтарыбыздын күнөөлөрүн кечиришин, аларды бейиши менен ырызкыландырышын сурап калабыз. Алардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз: Аллах сиздерге чырайлуу сабыр берсин жана анын артынан жакшылыктары менен сыйласын. Ооруканага түшкөндөргө шифаа берип, тез күндөрдө жакындары бооруна кайтууну насип этсин.

إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

“Албетте, биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте биз Ага кайтуучуларбыз”  (Бакара 156)

 

Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрирдин маалымат бөлүмү

  1. 08. 2022

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here