Кумтөрдөн чыккан алтындын эсеби талкууда

33
0

Кумтөрдөн чыккан алтындын эсеби талкууда

“Кумтөр” компаниясын жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилди. Жаңы жетекчи болуп Алмаз Барыктабасов, ал эми Башкармалыктын төрагалыгына Болотбек Идрисов дайындалганы маалым болду.

23-августта Министрлер кабинети Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүү маалында финансылык мыйзам бузуулар болгону, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы аныкталганын билдирген. Мунун негизинде ушул эле күнү Башкы прокуратура “Кумтөр” ишканасын текшере баштады. Кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси текшерүүнүн жыйынтыгына жараша болот.

Жыл башында Министрлер кабинети Кумтөр кенинде 2021-жылы 14 миң 561 килограмм алтын казылганын, аны сатуудан түшкөн жалпы пайда 856 млн. доллар экенин айткан. Мунун ичинен сырткы башкаруу мезгилиндеги алынган киреше – 621 млн. доллар болгон. Бирок кийинчерээк өкмөттүн сайтындагы бул маалымат алынып салынган.

Анын артынан Улуттук статистикалык комитет 2021-жылдагы тышкы соода боюнча такталган маалыматтарды жарыялады. Анда алтын экспорту азайбай эле, рекорддук чекке көтөрүлүп, көлөмү 24,8 тоннага жеткени айтылат. Бирок, Кыргызстандан казылган алтындын 19,2 тоннасы “белгисиз өлкөгө” экспорттолгон. Мунун баасы 1,1 миллиард долларды түзгөн. Активисттер Кумтөрдө казылган алтын боюнча так маалымат берилбей жатканын сындап, эсептер мурунку маалыматтарга дал келбей жатканын билдирип чыгышты. Маселен, 19,2 тонна алтын 677 241 унций болот. Былтыр алтындын бир унцийинин орточо баасы 1799 доллар болгон. Анын баасы 1 миллиард 218 миллион доллардан ашат. Башкача айтканда, 118 миллион доллар айырма чыгып атат. Буга кошумча калган 5,6 тонна алтын кайсы өлкөгө канча миллион долларга сатылганы боюнча да так маалымат жок.

2021-жылы май айында Кыргызстандын өкмөтү кенге сырткы башкарууну киргизген. 2022-жылы 4-апрелде Кыргызcтан  менен Centerra Gold Inc. компаниясы келишимге кол коюшкан. Ага ылайык Кыргызстан кендин жалгыз ээси болуп, мунун эсесине канадалык компанияга өлкөнүн 26% үлүшү өттү. Башкача айтканда, Монголия, Тыва, Туркия жана Канададагы алтын кендердеги үлүшүнөн баш тартты. Бул Кыргызстан орточо 1 млрд доллардан куру калганын түшүндүрөт. Буга кошумча, Кыргызстан 4 миллиар 252 миллион долларлык экологиялык доосунан да баш тартты. 29-июлда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилиги канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынан Кумтөрдү өзүнө өткөрүп алганын тастыктаган документтерди алмашуу жол-жобосу биротоло аяктаганын жарыялады.

Белгилүү болгондой, Кыргыз бийлиги буга чейин Кумтөр кенинен түшкөн пайданын негизги бөлүгүн чет элдик компанияга карматып, анын акысына сол чөнтөктөрүн толтуруп келген. Маселен, 1997-жылдан бери Кумтөрдөн 400 тоннанын тегерегинде алтын өндүрүлгөн. Мындан Центерра компаниясы 11,5 миллиард доллар пайда тапса, Кыргызстан салыктарды кошкондо 2,5 миллиард долларга жетпеген каражат алган. Бул Центерранын расмий айтылган пайдасы гана. Башка дагы «көз жумду» иштерден миллиондогон долларларды ташып кетишкен. Бир эле мисал, Центерра фабрика курууга чет элдик банктан 452 миллион доллар кредит алган. Кийин Кыргызстандын 1 тонна 800 килограмм алтыны “насыя алуу үчүн күрөөгө коюлат” деген шылтоо менен Бирштейндин менчик учагында сыртка кетип, ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Ошол кездеги “Кыргызалтындын” жетекчисинин айтымында, аталган алтын “тараза жоктугунан” көз божомол менен берилген. Жогорудагы 452 млн. доллар кийин Кумтөр тарабынан банкка үстөгү менен 650 млн. доллар кылып кайтарып берилген.

Мындай кыянаттык келишимдер кыргыз жетекчилеринин сол чөнтөгүнө түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлгөнү талашсыз. Муну өкмөт башчы Акылбек Жапаров да тастыктап, Кыргызстандын дээрлик ар бир президенти өз кызматында туруп, Кумтөрдөгү талап-тоноодон үлүшүн алып келгенин айткан.

Учурдагы бийликтин да Кумтөрдөгү алешемдиктери бир чекеден маалым боло баштады. Алар үстүбүздөгү жылы өндүрүлгөн алтын боюнча маалыматты берүү жоопкерчилигин биринен экинчисине өткөрүү менен убара. Демек, Кумтөр элдин кызыкчылыгына иштеши аны мамлекетке өткөрүп алуу же «ынсаптуу инвосторго» берүү менен болбойт. Анткени, үстүбүздөгү капиталисттик система адамдарда пайданы негизги өлчөө кылып койгон. Ошондуктан, бул кендин пайдалары карапайым калкка жетип барбайт. Анткени, эгер ал мамлекеттик ишкана болуп калса, анын пайдасын бийликтегилер өз кызыкчылыктарына ылайык пайдаланышат. Ал эми, капитализм табиятына ылайык, акционердик коом көрүнүшүндө же инвестор шылтоосу аркасында жеке тараптар колуна өтүп кетсе, анын күнүн менчиктештирип алган ошол капиталисттер гана көрөт. Бүгүн биз жашап жаткан капиталисттик система дал ушул капиталисттердин гана укугун коргоп, аларга дүйнөнүн кай жеринде болсо да шарт түзүү үчүн курулган. Ал эми карапайым эл алардын арзан жумушчу күчү катары каралат.

Кумтөр сыяктуу кен байлыктар Ислам негизинде иштетилсе гана калктын кызыкчылыгына кызмат кылат. Исламий көз караштан алганда, кен байлыктар жалпы элдики болуп, андан түшкөн пайда элдин колуна түз тийип турушу шарт. Мисалы, Кумтөр кенинен өндүрүлгөн алтындын өздүк наркы чыгарып ташталат да, калган алтындын пайдасынан ар бир жаранга өз үлүшү жетип барышы керек. Жалпы элдик мүлккө мамлекет дагы, чет элдик компания дагы, жеке адам дагы ээлик кыла албайт.

Мындан тышкары, Ислам бул иштерди аткарууда такыба адамдарга таянат. Башкача айтканда, элдин акысына кирүүдөн корккондуктан бюджеттен алынган шамды жеке иши үчүн колдонбой турган азирети Умар сыяктуу жетекчилерге таянат. Ошондой эле, Ислам мыйзамдары аткарылышында зиректик менен тергеп тескей турган Үммөткө таянат. Буга Салман Фарсийдин (р.а) Умарды (р.а) эскертүүсү мисал болот. Ал момундар амири Умардын (р.а) жаңы кийим менен хутба окуп жатканын көргөндө ордунан туруп «Ушул күндөн тарта сага итаат жок эй Умар» деген эле. Себеби суралганда, байтулмалдан таркатылган чүпүрөк эч кимдин кийим тигип алуусуна жетпей турганын айткан. Ошондо Умар (р.а) уулу Абдулазизге (р.а)  жооп бер деп кайрылат. Ал өзүнө берилген материал кийим тигүүгө жетпегендиктен атасына белек кылганын, экөөнү бириктирип кийим тигип бергенин айтат. Ошондо гана Салман (р.а) халифанын сөзүн улантуусуна уруксат берет.

Ооба, ушундай адилеттүү жашоону кепилдеген Ислам мамлекети аркылуу гана Кумтөр сыяктуу элдик мүлктү элге иштете алабыз. Бул Кумтөр эле эмес, башка элдик мүлк болуп эсептелген кен жана мунай-газдарды өндүрүүгө да тиешелүү. Ал эми капиталисттик системадагы бардык ыкма жана куралдар мунун тескериси. Демек, биз мусулмандар ушул адилеттүү жашоону алып келүү үчүн ар бирибизден талап кылынган шарий өкүмдү аткарууга шашылалы!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here