Кыргызстанда банктардын кирешеси эселеп өстү

37
0

Кыргызстанда банктардын кирешеси эселеп өстү

2022-жылдын март-июнь айларында Кыргызстандын банк секторунун кирешеси 343% өскөн. Киреше негизинен валюта операцияларынан түшкөн. Бул тууралуу Улуттук банктын отчетунда айтылды.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, банктардын кредиттен тапкан пайыздык кирешеси 17,5% өскөн болсо, пайыздык эмес операциялык кирешеси 335% өскөн. Буга коммерциялык банктар долларды накталай алууда кардарларга 0,4 пайыздан 5 пайызга чейин комиссия алып баштоосу да кошумча болууда.

Улуттук банктын төрагаcынын орун басары Нурбек Жеңиштин айтымында, соңку геосаясий абалдан улам коммерциялык банктардын сырттан доллар сатып алуусунун чыгымы көбөйгөндүктөн ушундай чечим кабыл алынган. Анткен менен кардарлардын айтымында, банктар которулган акчаны накталаштыруудан гана эмес, депозиттеги валютасын чыгарып алуудан дагы 5% кармап калып жатканын билдиришүүдө.

Финансылык аналитик Арсланбек Кенебаев валюта базарындагы олку-солкулуктан улам банктардын 2022-жылдын беш айындагы эле кирешеси 343% өскөнүн талдап чыккан.

“Бул жерде кандайдыр бир кылмыштуу жагдай жаралып жатат. Экспорттоочулар менен импорттоочуларга абдан кыйын болууда. Бардык ишкерлер конвертациядан ири каражатын жоготуп жатат. Банктар мурунку жылдын беш айына караганда 20 млрд. сом ашыкча иштеп алды. Былтыр беш айда 6 млрд. сом операциялык киреше тапкан болсо, быйыл 26 млрд. сом тапкан. Эгерде жыл аягына чейин ушундай жагдай улана берсе, анда банктар валюталык операциялардан жарым миллиард доллардан ашык пайда табышат”,-деди Кенебаев.

Учурда калктын калың катмары жакырчылык жана жумушсуздуктан жабыр тартып жаткан чакта капиталисттик система жогорудагдай банк секторунун үлкөн пайдага ээ болушуна мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө. Анткени, банк ээлери бийликтегилер менен да, ири капиталисттер менен да табакташ болушат. Бул болсо аларга кризистик абалда да кирешелерин көбөйтүүгө шарт жаратат. Кудум пандемия учурунда фарм компания ээлери жаңыдан миллиардерлердин катарына кошулганы сыяктуу. Демек, бүгүнкү күндө көйгөй жакырчылык же азык-түлүктүн жетишсиздигине байланыштуу эмес. Тескерисинче, дүйнө капиталы бир ууч адамдын колунда топтолуп калгандыгында. Анткени, статистика азык-түлүк керектөөдөн эки эсе көп өндүрүлүп жатканын жана дүйнөлүк киреше жыл сайын өсүп жатканын көрсөтүүдө. Ошондуктан, дүйнөгө капиталисттик империализм өкүм жүргүзүп турган чакта биздин өлкөлөр бул көйгөйлөрдөн арыла албайт.

Мунун каршысында, Исламдагы экономикалык саясат бардык жарандардын негизги мухтаждыктарын кандыруу жана жогорку керектөөлөрүнө шарт жаратып берүү үстүнө курулат. Ошондой эле, капиталисттик коомдогудай көпчүлүк адамдарды пайдадан куру калтырып, бир ууч адамдар байлыкты топтоп алышына жана сүткордук, монополия, байлыкты казына (канз) кылып басып жатуу сыяктуу иштерге Ислам толугу менен тыюу салат.

Демек, жакырчылыктан жана бүгүнкү зулматтан кутулуунун жападан жалгыз жолу Исламды жашоого алып келүүдө. Мындай түзүмгө мусулмандар эле эмес, адамзат муктаж болууда!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here