Акыл жана дин ортосунда

39
0

Бисмиллахир рохманир рохиим

Акыл жана дин ортосунда

   Айрымдар маърифатты – илим, фалсафа жана дин деген үч чөйрөгө бөлүшөт. Айрымдары болсо, аны акыл жана дин деген эки бөлүккө бөлүшөт. Акыйкатта болсо, маърифат – бул акыл деген жападан-жалгыз негизге курулат. Себеби, тажрыйба маанисиндеги илим акылга таянат. Дин да акылга таянат. Ошондуктан, динде акыл тарабынан далили келбеген же анын аслине акыл тарабынан далил келбеген бирер нерсени кабыл алуу жаиз эмес. Ал эми динди эч кандай аклий далилсиз, болгону, виждандан келип чыккан таслим деп эсептегендер адашат. А бирок, жалаң гана акыл аркылуу материядан тышкарыдагы нерсе – метафизика – жөнүндө талкуу жүргүзүү маанисиндеги фалсафа болсо, маърифатка кирбейт. Ал кыял жана күмөндөрдүн бир түрү гана.

  Коммунисттер «Дин – бул элдин башын айлантуучу апийим» деген кезде “дин” сөзүн мутлак колдонгондор жана бул аркылуу бардык диндерди, анын ичинде Ислам динин да назарда тутушкан. Алардын бул сөздөрү айрым диндерге карата туура болсо да, Ислам динине карата таптакыр туура эмес. Биз мунун ката экенин Исламдын көрсөткөн таасиринен, Ислам жетип барган адамдарды төмөндүк, калактык, көзкарандылык жана расачылыктан өнүгүү жана жетекчилик абалына көтөргөнүнөн, акыйкат жана хидаят рисолатын бүтүндөй адамзатка жеткирүү деңгээлине алып чыккандыгынан даана көрүшүбүз мүмкүн. Анткени, Ислам дини ойлоп талыган жалган ушак жана уламыштарга ыйман келтирүүгө чакырбайт. Ыйман темасында же шаръий акыйкаттарга таслим болуу жаатында акылды иштетпестикке, акылды этибарсыз таштоого чакырбайт. Тескерисинче, Ислам акылды акыйданын негизи кылат, ал тургай ал акылды, акылдын орду болушу мүмкүн болгон ар кандай нерсенин негизи кылат. Акылга тескери келе турган ар кандай сөз, ар кандай маселеге таслим болууну жана ар кандай акыйдага ыйман келтирүүнү четке кагат. Ошондуктан, Ислам ойлоп табылган нерселерге, күмөндөргө жана көп кудайга сыйынууну, Жаратуучуну четке кагууну, буттарга сыйынууну же “Аллах субханахунун да баласы бар” деген, вакиъге туура келбей турган нерселерге ыйман келтиргендерди катуу каралайт. Аллах Таала «Нух» сүрөсүндө айтат:

وَقَالُوا لَا تَذَرُنَّ آلِهَتَكُمْ وَلَا تَذَرُنَّ وَدًّا وَلَا سُوَاعًا وَلَا يَغُوثَ وَيَعُوقَ وَنَسْرًا

“Жана алар: “Силер эч качан өз кудайларыңарды таштабагыла!» «Вад»ды да, «Суваа»ны да, «Ягус»ту да, «Яук»ту да, «Наф»ды да эч качан таштабагыла!” – дешти. [71:23]

وَقَدْ أَضَلُّوا كَثِيرًا ۖ وَلَا تَزِدِ الظَّالِمِينَ إِلَّا ضَلَالًا

“Чындыгында алар көп (кишилер)ди жолдон аздырышты. (Ошондо Нух айтты «Раббим») бул заалимдерге жалаң адашууну гана көбөйткүн”. [71:24]

مِّمَّا خَطِيئَاتِهِمْ أُغْرِقُوا فَأُدْخِلُوا نَارًا فَلَمْ يَجِدُوا لَهُم مِّن دُونِ اللَّهِ أَنصَارًا

“Алар өз жаңылуу күнөөлөрү себептүү чөктүрүлүп, тозокко киргизилишти. Анан, өздөрү үчүн Алладан башка жардам берүүчүлөрдү табышпады”.[71:25]

  Аллах Таала «Анбия» сүрөсүндө айтат:

أَمِ اتَّخَذُوا آلِهَةً مِّنَ الْأَرْضِ هُمْ يُنشِرُونَ

“Же алар (мушриктер) жердин өзүнөн (тактап айтканда, таш, жыгачтардан, өлүктөрдү) тирилте ала турган «кудайларды» таап алыштыбы?!”[21:21]

لَوْ كَانَ فِيهِمَا آلِهَةٌ إِلَّا اللَّهُ لَفَسَدَتَا ۚ فَسُبْحَانَ اللَّهِ رَبِّ الْعَرْشِ عَمَّا يَصِفُونَ

“Эгер (асман менен Жерде) Алладан өзгө кудайлар болгондо экөө тең бузулуп кетээр эле”.[21:22]

    Андан соң Аллах Таала «Касас» сүрөсүндө айтат:

وَقَالَ فِرْعَوْنُ يَا أَيُّهَا الْمَلَأُ مَا عَلِمْتُ لَكُم مِّنْ إِلَٰهٍ غَيْرِي فَأَوْقِدْ لِي يَا هَامَانُ عَلَى الطِّينِ فَاجْعَل لِّي صَرْحًا لَّعَلِّي أَطَّلِعُ إِلَىٰ إِلَٰهِ مُوسَىٰ وَإِنِّي لَأَظُنُّهُ مِنَ الْكَاذِبِينَ

Фиравн: «Эй адамдар, мен силер үчүн өзүмдөн башка бир да кудай бар экенин билген эмесмин. Анан, сен эй Хаман, ылайды бышырып, мен үчүн бир бийик ак сарай кур, балким мен (анын үстүнө чыгып) Мусанын кудайын көрөөрмүн. Албетте мен аны жалганчы кишилерден деп ойлоймун», деди”. [28:38]

وَأَتْبَعْنَاهُمْ فِي هَٰذِهِ الدُّنْيَا لَعْنَةً ۖ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ هُم مِّنَ الْمَقْبُوحِينَ

Биз бул дүйнөдө да аларга каргыш ээрчиттик. Кыямат Күнүндө да алар (Биздин ырайымыбыздан) ыраак кылынуучу кимселерден (болушат). [28:42]

Чындыгында, Аллах субханаху ва Таала Исламды саййидибиз Мухаммад с.а.в.га түшүрдү жана акылды манаты таклиф – таклиф орду кылды. Демек, ушундай болгон соң, ким сөздү түшүнө турган акылдуу болсо, андан Ислам акыйдасына ыйман келтирүү жана анын өкүмдөрүнө амал кылуу талап кылынат. Кимде-ким акылсыз мажнун болсо, өйдө-төмөндү ажырата билбесе, сөздү түшүнбөсө, Аллах андайлардан каламды көтөргөн т.а. андай адамдар мукаллаф болуп эсептелбейт. Расулуллах с.а.в. айтат:

“رُفِعَ الْقَلَمُ عن ثلاثة: عن النائم حتى يَسْتَيْقِظَ، وعن الصبي حتى يَحْتَلِمَ، وعن المجنون حتى يَعْقِلَ”

   «Үч кишиден калам көтөрүлгөн: утап калган адамдан, качан ал ойгонгуча, жаш баладан, качан балагатка жеткенге чейин, мажнундан, качан ал өзүнө келгенге чейин».

  Демек, Ислам акылды чындыгында манаты таклиф кылды. Бул Шореънин хытабын кабыл алууда, аны түшүнүү, башкалардан ажыратуу, таслим болуу же таслим болбоо жагынан акылга берген орун канчалык маанилүү экендигине далалат кылат. Мындан көздөлгөн хытаб жалаң гана феълге (амал кылууга) тиешелүү болгон хытаб эмес, балким ал феълге жана ыйманга тиешелүү болгон хытаб болуп эсептелет.

 Ошондуктан, Ислам Аллах Таалага ыйман келтирүүгө даъват кылып жатканда, албетте, адамды акыл көзү менен назар салууга, акыл менен пикирлөөгө жана акыл менен хидаят табууга чакырат. Аллах Таала «Таарик» сүрөсүндө айтат:

فَلْيَنظُرِ الْإِنسَانُ مِمَّ خُلِقَ

Инсан эмнеден жаратылганына назар салсын”. [86:5]

  «Бакара» сүрөсүндө болсо, мындай хытаб кылат:

إِنَّ فِي خَلْقِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَاخْتِلَافِ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ وَالْفُلْكِ الَّتِي تَجْرِي فِي الْبَحْرِ بِمَا يَنفَعُ النَّاسَ وَمَا أَنزَلَ اللَّهُ مِنَ السَّمَاءِ مِن مَّاءٍ فَأَحْيَا بِهِ الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا وَبَثَّ فِيهَا مِن كُلِّ دَابَّةٍ وَتَصْرِيفِ الرِّيَاحِ وَالسَّحَابِ الْمُسَخَّرِ بَيْنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ لَآيَاتٍ لِّقَوْمٍ يَعْقِلُونَ

   «Албетте, асмандар менен жердин жаралуусунда, түн менен күндүн алмашуусунда, деңизде адамдарга пайдалуу нерселерди алып жүргөн кемелердин сүзүп жүрүшүндө, Алла асмандан түшүргөн сууда, (Алла) жансыз жерди тирилтип, бардык жандууну жаратып-жайып жиберишинде, шамалдардын башкарылуусунда, жер менен асмандын ортосунда (Жалгыз Аллага) баш ийген булуттарда, акыл жүгүртө билген адамдар үчүн (Алланын бар экенине) ачык аян-белгилер бар». [2:164]

  «Аали-Имран» сүрөсүндө айтат:

إِنَّ فِي خَلْقِ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَاخْتِلَافِ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ لَآيَاتٍ لِّأُولِي الْأَلْبَابِ

  «Асмандар жана Жердин жаралуусунда, ошондой эле түн менен күндүздүн алмашып турушунда акыл ээлери үчүн (бир Жаратуучу жана башкарып  туруучу Зат бар экенине) аят-белгилер бар экени күмөнсүз». [3:190]

  Демек, Аллах таалага ыйман келтирүүнүн асл-негизи акыл. Башка нерсе эмес. О.э. Набий с.а.в. адамдардан Аллах тарабынан жөнөтүлгөн Расул жана Набий деп ыйман келтиришин, Куръани Карим Аллахтын каламы экендигине ыйман келтиришин талап кылган кезде ал заттын бул сөздөрү далил-хужжатсыз куру сөз эле болуп калбастан, ал зат адамдарга Аллах тарабынан акылдарды канааттандыра турган хужжаттарды келтирди. Натыйжада, ал хужжаттар акыйкаттын акыйкат экендигин далилдеп, батылдын акмагын чыгарып, батылчылардын күмөндөрүн талкалайт эле. Расулуллах с.а.в. өзү Аллахтын элчиси экендигине жана Куръан Аллахтын каламы экендигине далил жана муъжиза катары Куръанды келтирди. Адам, акылдын жардамында гана Куръан Аллахтын каламы экендигине, Мухаммад с.а.в. Аллахтын элчиси экендигине өкүм чыгара алат. Набийдин, ырасында, акылды канааттандыра турган, натыйжада, нубувват же рисолаттын акыйкаттыгына өкүм чыгарууга үндөй турган далил-хужжаты болбосо, ал өзүнүн набий экендигин да, элчи кылып жиберилгендигин да далилдей албайт.

   О.э. акыл Аллах Тааланын бар экендигине, Куръан Аллахтын каламы экендигине жана Мухаммад с.а.в. Аллахтын элчиси экендигине  ыйман келтирүүнүн негизи болуп эсептелет. Эгер ыйман тафкир (пикирлөө) жана канааттануудан келип чыкпаса, нубувватты дааба кылып жаткан кишини жалганчыга чыгарып, өзү токуп алган рисолатты Аллахтыкы деп алдап жаткан кишини макулдашы мүмкүн болуп калат.

«Аллахтан башка илах жок» деген сөздүн тууралыгына жана «Материя азалий жана ал махлук эмес» деген сөздүн каталыгына өкүм чыгара турган нерсе акыл. «Мухаммад Аллахтын элчиси» экендиги туура экендигине жана «Ал пайгамбар же расул эмес, болгону реформатор» деген сөздүн каталыгына да акыл өкүм чыгарат. «Куръан адамдын сөзү эмес же мурункулардын уламыштары эмес, Аллахтын каламы», экендигине өкүм чыгарган да акыл болуп эсептелет.

  Ал эми периштелерге, жин-шайтандарга, Кыямат күнүнө, эсеп-китепке, бейиш жана тозокко ыйман келтирүү сыяктуу акылдын чөйрөсүнөн тышкарыдагы башка акыйдалардын асли да акыл менен собит болгон. Мисалы, Куръан Аллахтын каламы экендиги акыл менен далилденгени үчүн о.э. жогорудагы нерселер Куръанда келгени үчүн т.а. булар жөнүндө Аллах Таала кабар бергени үчүн аларга ыйман келтирүү важиб. Ошондуктан, албетте, бул нерселер мейли акыл алсыз, кемчиликтүү болгону үчүн бул нерселерде талкуу жүргүзүүгө кудуреттүү болбосо да, мейли бул нерселердин далили аклий эмес, жалаң гана наклий болсо да т.а. буларга болгон хужжат аларга далалаты болгон насстарды келтирүү менен болот. Албетте, булардын асли т.а. Куръани Карим акыл менен собит болгон. Асл-негизи акыл менен далилденген нерсенин өзү да акыл менен собит болгон болуп эсептелет.

 Ушуга ылайык, акыл ыймандагы негиз болуп эсептелет. Акыйдалардын бардыгы, пикир, райъ жана өкүмдөрдүн бардыгы туура жана каталыгына карала турган нерселерден болсо да, албетте алар жалаң гана акыл менен же асли акыл менен далилденген нерсе менен гана собит болот. Ким өз акыйдасын же пикирлерин акылдан башка нерсе менен же асли акыл менен собит болгон нерседен башкасынан алса, албетте, ал акылын этибарсыз калтырган, анын ролун жокко чыгарган болуп эсептелет. Ошону менен албетте, ал өзүн Аллах Таала азиз кылып койгон даражадан төмөн түшүргөн болот. О.э. анын жолу акыл жүргүзбөй турган махлуктардын жолу болот. Аллах Таала «Исра» сүрөсүндө айтат:

وَلَقَدْ كَرَّمْنَا بَنِي آدَمَ وَحَمَلْنَاهُمْ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ وَرَزَقْنَاهُم مِّنَ الطَّيِّبَاتِ وَفَضَّلْنَاهُمْ عَلَىٰ كَثِيرٍ مِّمَّنْ خَلَقْنَا تَفْضِيلًا

  «Чындыгында, Биз Адам балдарын азиз – урматтуу кылдык жана аларды кургактык жана деңизде (ат – улоо жана кемелерге) чыгарып койдук. жана аларды Өзүбүз жараткан абдан көп жандуулардан абзел, артык кылып койдук»70-аят.(уландысы бар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here