Оштогу автокырсыкта үч ФСБ кызматкери өлдү
Кабар: 26-июлга өтөр түнү Кыргызстандын Ош шаарында Россия Федералдык коопсуздук кызматынын үч кызматкери автокырсыктан набыт болду.
Россиянын Оштогу консулдугу MediaHub журналисттик изилдөөлөр борборуна бул өлгөн 3 киши Россия жарандары экенин жана алар ФСБ алдындагы чегара кызматынын кызматкерлери болушканын тастыктады.
Расмий маалымдалышынча, Hyundai SantaFe автомашинасы менен саатына 150 километр ылдамдыкта бараткан Россия жараны реклама баннеринин түркүгүнө барып урунган.
Окуя боюнча милиция текширүүлөр жүргүзүүдө. Белгилей кетсек, Ош шаарында Россия ФСБ алдындагы чегара кызматынын оперативдик тобу иш алып барат.
Комментарий: Бүгүнкү күндө элчикана, консулдук, аскерий база жана илимий лабораториялар тыңчылардын (шпиондор) уясына айланган. Дипломатиялык кол тийгистик алардын мамлекетте ээн-эркин жүрүшүн, жергиликтүү мыйзамдарды тебелеп-тепсеп, жасаган кылмыштары үчүн жоопкерчилик тартпашын кепилдеп берет. Ошондуктан, мамлекет жарандары алардын жанына жакын басып баруудан да коркушат, ал эми алар болсо эмнени кааласа ошону кылып, тайраңдап жүрүшөт. Эгер ушул элчикана, консулдук же аскерий база кызматкерлери бирер колонизатор мамлекетке тиешелүү болсо, “үчүнчү дүйнө” мамлекеттеринде алардын мышыгын пыш дей турган адам же амалдар табылбайт.
Буга Кыргызстандын өзүнөн эле бир топ мисалдарды келтирүүгө болот.
2017-жылдын февралында россиялык дипломаттын катышуусундагы автокырсыкта кыргызстандык жаран Евгений Лексин каза болгон. Россия дипломатиялык номериндеги “Тойота Ленд Крузер” светофордун кызыл чырагынан өтүп барып, Лексин башкарып бараткан машинаны урган. Дипломатиялык машинаны Россия элчиканасынын кызматкери Виктор Пухов минип бараткан. Расмий маалыматтарда ал Россия элчиканасында биринчи катчы болуп иштеши көрсөтүлсө да, негизи Пухов Россия Федералдык коопсуздук кызматынын полковниги болгон. Автокырсыктан кийин, Пухов Кыргызстандан беймалал, эч кандай тоскоолдуктарсыз чыгып кеткен.
2018-жылдын августунда россиялык аскерий өз автомашинасында Чүй областынын Лебединовка айылында жөө жүргүнчүлөр сызыгында өтүп бараткан аялды 3 баласы менен кошо уруп кеткен. Аял каза болуп, баласы оор абалда ооруканага жеткирилген. Орус аскер кызматкери дипломатиялык кол тийгистик себептүү эч кандай жоопкерчилик тартпаган.
2021-жылы сентябрда да Россиянын Канттагы аскерий базасынын аскери Кыргызстан жаранын машинасы менен урган. Бу иш менен Россия аскердик прокуратурасы алектенери кабарланып, бирок, ага карата кандай жаза колдонулганы жашыруун бойдон калды…
2006-жылы декабрда Америка аскери “Манас” аэропортундагы АКШ авиабазасында жанылгы ташып иштеген кыргызстандык айдоочуну атып өлтүрдү. Анын соту Америкада болуп, акыбетте акталып кетти.
2007-жылы Бишкек-Манас автожолунда “Ганси” авиабазасындагы америкалык аскер бир жүргүнчүнү өлтүрө коюп кетти.
Мындай окуялардын дагы бир нечесин санаш мүмкүн.
Кечеги күнкү ФСБ кызматкерлеринин кырсыгында жергиликтүү калкыбыздан эчким жабыр тартпаганы Аллахтын рахматы болуптур.
Негизи, чет элдиктердин тыңчылык кылуу, жардыруулар уюштуруу, малайларды сатып алуу иштерин ишке ашыруучу ийиндерди куруп алышына жол бербөө керек. Аллахтын рухсаты менен тез күндөрдө тикеленчү Ислам мамлекети амалда уруш абалындагы колонизатор мамлекеттер үчүн элчиканалар ачууга, мамлекетте башка бирер бир мамлекеттин аскерий базасы болушуна, алардын тыңчылары мамлекетте ээн-эркин ызгып жүрүшүнө эч бир жол бербейт.
Абдурахман Адилов