Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

241
0

Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Кабар: Кыргызстан менен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы Кумтөр алтын кенине байланыштуу келишим боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Султанбаев бардык сүйлөшүүлөр жол-жоболорго ылайык жүрүп жатканын белгилеп, жыйынтыгы боюнча коомчулукка сөзсүз маалымат берилерин айтты.
“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин басма сөз кызматкери Назира Ахмедованын айтымында, бүгүн “Центерра Голддун” акционерлер жыйыны онлайн форматта өтөт. Анда кайсы маселелер каралары айтылган эмес.
Комментарий: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров быйыл 10-майда “Кумтөр” алтын кениндеги акыркы бир жылдык иштер жөнүндөгү маалыматтар эки айдан кийин коомчулукка сунушталарын айткан. Жапаров социалдык тармактагы баракчасында “Кумтөр”дүн бир жылдык финансылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүү Эсептөө палатасына тапшырылганын жазып, “текшерүүдөн кийин (болжол менен эки айдан кийин) коомчулукка маалымат берилишин” кошумчалаган. Мына, арадан эки жарым ай убакыт өткөн болсо да бул маселе боюнча коомчулукка бир да отчёт берилген жок.
Андан мурда т.а. 4-апрелде Садыр Жапаров элге кайрылып, “Центерра”га соттук доо-арыздан баш тартуу жана келишпестикти чечүү боюнча келишимге кол койгонун, Кыргызстан андагы 26 пайыздык акцияларды өткөрүп беришин, эки тарап тең доосунан баш тартышын жана мындан кийин Кыргызстан “Кумтөр Голд Компани”нин 100 пайыз акциясына ээлик кыларын айтып, ушул аркылуу коомчулукка бул келишимди Кыргызстандын пайдасына болгондой кылып көрсөтүүгө аракет кылган эле. Негизи, Кыргызстан өкмөтү “Центерра Голд” компаниясы “Кумтөр”дөн алтын казып ала баштагандан бери “жоомарттык кылып” баш тартып жиберген жогорудагы суммадан эки эсе аз пайда көргөн. “Кумтөр Голд” компаниясынын ишин текшерген мамлекеттик комиссия даярдаган фильмде Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, “Центерра” болсо 11,5 миллиард доллар пайда көргөнү айтылган.
Белгилүү болгондой, Кумтөр алтын кенин улутташтыруу демилгеси – оппозицияда жүргөн кезинде да, президент болуп шайлангандан кийин да – Садыр Жапаров көтөрүп чыккан эң негизги темалардын бири эле. Жапаров президент болгонго чейин берген убадаларынын бирин да аткарбаны сыяктуу эле “Кумтөр” боюнча берген убадаларын да аткарбай жатат. Мына бүгүн “Кумтөр” боюнча маселеге чекит коюла электиги белгилүү болду. Кыргызстан бийлиги компаниянын пайдасына ушунча доодон баш тартканына карабастан, сүйлөшүүлөр уланууда. Ал сүйлөшүүлөрдө “Центерра Голд” компаниясы мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда көрмөйүнчө талкуулар улана берет, иш дагы кайрадан эл аралык сотко жөнөтүлүшү да мүмкүн. Колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыгын коргоо үчүн түзүлгөн эл аралык мыйзамдар менен эл аралык соттор эч качан “үчүнчү дүйнө” мамлекеттеринин кызыкчылыгын коргобойт. Кыргызстан калкы болсо ушуга чейин “Кумтөр”дүн пайдасын көргөн жок. Үстүбүздө капиталисттик түзүм турган соң, мындан кийин да пайда көрбөшү анык.
Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here