Хизб-ут-Тахрир – Аллах жолунда жемелөөчүнүн жемесинен коркпогон Исламдын ишеничтүү сакчысы

277
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир – Аллах жолунда жемелөөчүнүн жемесинен коркпогон Исламдын ишеничтүү сакчысы

Хизб-ут-Тахрир – Исламдын ишеничтүү сакчысы. Ал Аллах жолунда жемелөөчүнүн жемесинен коркпойт. Ал жакшыга жакшы иш кылганын, жаманга жаман иш кылганын айтат жана мунун артында бирер хизбий кызыкчылыкты да, дүйнө матасын да үмүт кылбайт. Тескерисинче, Хизб дүйнөнү кудум ушул (Имам Тирмизий Абдуллах ибн Масъуддан риваят кылган) хадиси шарифте айтылгандай көрөт:

«مَا لِي وَلِلدُّنْيَا، مَا أَنَا فِي الدُّنْيَا إِلَّا كَرَاكِبٍ اسْتَظَلَّ تَحْتَ شَجَرَةٍ ثُمَّ رَاحَ وَتَرَكَهَا»

«Менин дүйнө менен эмне ишим бар. Мен дүйнөдө кудум дарактын көлөкөсүндө (бир аз) эс алган, кийин туруп кеткен атчанга окшойм». Демек, Хизбдин назарында дүйнө бир дарактын бир аз эс алганчалык өткүнчү убакыт. Ушул себептен улам, Хизб – Аллах Азза ва Жалланын уруксаты менен – бул кыска убакытты Халифалыкты тикелөө аркылуу шарият өкүмдөрүн колдонуу үчүн катъий туруп, чын дилден аракет кылууга умтулат.

Алтымыш жылдан ашык убакыт жашап жаткан Хизб-ут-Тахрир Халифалык мамлекетин Расулуллах ﷺдын тарыйкаты боюнча тикелөөгө аракет кылууда. Бул жолдо Хизб көптөгөн жылдарды залимдердин камактарында, тогуттардын куугунтугу жана кыйноолорунда өткөрдү. Хизб жигиттери арасынан шейит болгону шейит болду, азап тартканы азап тартты… Бирок, ушунча азап-кыйынчылыктар күчөгөндөн күчөсө да, Хизб өз жолунда акыйкат үстүндө бекем бара жатат. Демек, айткылачы, ушундай Хизб – бирер жамаат чыгып Халифалыкты чынында тикелесе – ага каршылык билдиреби?! Жок, тескерисинче, бул үчүн Аллахка сажда кылып шүгүр келтирет. Халифалык Хизбдин колу менен тикеленби же башкасынын колу мененби, айырмасы жок. Бирок, Хизб өзүн Халифалык деп туура эмес атап, анын атын жана намысын бузуп жаткандардын ар бирине тоскоолдук кылат. Ошондуктан, ал Халифалыкты жаманатты кылуу жана аброюн төгүү үчүн коюлган ар кандай тузак жана айла-амал каршысында инша Аллах бекем турат. Аллахтын уруксаты менен Аллахтын зикринен соода-сатык чалгытпайт, Халифалыкка ылайык жана акылуу болгон кишилердин колу Халифалык менен тикеленет. Ошону менен кайрадан Халифалык таңы атат.

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

«Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат. (Аллах) Өзү каалаган кишисине нусрат берет. Ал кудурет жана ырайым ээси»                                                [30:4-5]

 Роя гезити, №397, 2022-жыл, 29-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here