БУУнун Ямандагы кылмыштарын ким токтотот?!

150
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

БУУнун Ямандагы кылмыштарын ким токтотот?!

 Мухандис Шафик Хамис – Яман

Европа христиандарынын мазхабдары ортосунда отуз жылга созулган согушту токтотуу үчүн миладий 1648-жылы Версаль шаарында Улуттар Лигасы түзүлдү. Өзүн эл аралык коомчулук же дүйнө үй-бүлөсү деп атаган бул Лига бүгүн бүткүл дүйнө башынан өткөрүп жаткан кырсык болуп эсептелет. Себеби, ал дүйнөгө өкүмдар болуу ниетинде өз жеринде чектелген күрөштү бүткүл дүйнөгө алып чыкты. Лига христиан болбогон Азия мамлекеттерин Лигага мүчө кылган соң, өзүнүн түпкү христиандык мүнөзүн жашырган болсо да, 1919-жылы Улуттар Лигасы деп аталган болсо да, христиандык мүнөзү Лиганын мүчө мамлекеттеринин аракетинен ачык көрүнүп турат. Ооба, Лига 1945-жылы Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюму деп өз терисин экинчи ирет өзгөрттү. Дүйнөдө болгон жана болуп жаткан жергиликтүү согуштардын баарынын артында БУУ турат, максат – дүйнө саясатын башкаруу жана байлыктарын талап-тоноо. Мисалы, БУУнун швециялык башкы катчысы Даг Хаммаршёльд Конгодогу минералдык байлыктар үстүндө күрөшкөн эки атаандаш мамлекет: Британия менен АКШ ортосундагы күрөштүн курманы болгон, 1961-жылы ал учуп бара жаткан самолёт Замбияда кыйроого учураган.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Америка аскерий жана экономикалык жактан Европадан үстөм болуу үчүн БУУну өзүнүн тышкы саясатындагы куралына айлантты. Америка ушул аркылуу Европа илгертен колония кылып келген региондорго кадам таштоого урунду. 1994-жылдагы согушта Али Салихтин күчтөрү Адан шаарына жакындашты, Ахзар Ибрахимий бул согушта БУУнун Ямандагы өкүлү болуп дайындалды. Бул, улуу Буш администрациясы тарабынан башталган «Адан кызыл сызык» урааны астында өткөн. Ошондо Али Салихтин күчтөрү Аданга жол алып, 1994-жылы 7-июлда бастырып кирбегенде, Ахзар Ибрахимийдин миссиясы аяктап, Американын Яманга кирүү арзуусу ишке ашмак эмес.

БУУ кайда болсо ошол жерде согуш чыгат жана бул уюм ошол согушту согушуп жаткан мүчөлөрдүн саясатына ылайык багыттап турат. Эгер, БУУ кирген жерде согуш болбой жаткан болсо, анда, бул уюм өзү согушка от жагат… Ушул аркылуу өз курал-жаратарын сатат, сансыз жандарды өлтүрөт, кудум Руанда жана Бурундиде болгондой.

БУУнун Ямандагы өкүлү Жамал ибн Умар – 2011-жылы 11-февралдагы козголоңду канимет билип – Яманга үч жыл тынымсыз сапар кылышы Саъда, Имран, Санъа жана башка шаарларда согуш жалындашына себеп болду. Согуш жалындашы менен эле ал иштен бошоого арыз берди. Кийин БУУ согушту башкаруу баскычына өттү. Бул баскыч Ямандын бир бөлүгүндө болсо да Американын кирип алышына чөйрө даярдоодон турган Жамал ибн Умар баштаган ишти аягына жеткирүү багыты боюнча кетти. Яманда аскерий кагылышуулар күчөгөн маалда БУУ ал жердеги аскерий аралашууга мыйзамдуу түс берүү үчүн тынчтыкты орнотуу жана коопсуздукту сактоону шылтоолоп жетинчи пунктка ылайык кирген.

Ямандагы согуш – БУУга мүчө жана вето укугуна ээ эки мамлекеттин продукциясы. Бирок, бул эки мамлекет Яман согушунда өлгөн жана жараат алгандар туурасында эч нерсе айтышкан жок. Бирок, ал жердеги экономиканын кыйраганы, ачарчылык, оору, азык-түлүк жетишпестиги жөнүндө сүйлөшүүдө. О.э. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ооруканаларды ишке түшүрүү жана дары-дармектерди жеткирүү программасы, Эне жана Балдар уюму (ЮНИСЕФ), үй-бүлөнү пландаштыруу, төөрөттү көзөмөлдөө жана эмдөө программаларын улантуу, жергиликтүү жана түпкү уруктарды жок кылып, генетикалык өзгөртүлгөн уруктарды жеткирип берүүгө каратылган Азык-түлүк жана айыл-чарба уюму (FАО) сыяктуу эл аралык уюмдар аркылуу ямандыктарга жардам жеткирүүнү талкуулашууда. Яманда күрөш алып барып жаткан бул колонизатор мамлекеттер БУУнун маскасы астында өлкөдө иш алып барууга жана согуштук зоналарга кирип, өздөрүн гуманитардык жардам берүүчүлөр кылып көрсөтүү үчүн ушундай кылышууда. Түпкүлүгүндө, бул эки мамлекет Ямандагы согушта жана шаарларда күнөөсүз адамдардын канын төгүшүүдө. О.э. алар Эл аралык Валюта Фонду жана Дүйнөдүк Банктын кредиттери аркылуу же Яманда согуш башталгандан бери жайнап кеткен аларга караштуу түрдүү эл аралык уюмдардын колу менен Ямандагы ойрон болгон экономиканы өз колуна алуу үстүндө да күрөш алып барышууда.

БУУ Яманда согуш чыгарып, ал жерде күрөшүп жаткан эки мүчө мамлекетти үстөм кылуу үчүн жүз миңдеген адамдын канын төгүү менен гана чектелбеди. Тескерисинче, Яман калкын Исламдан өкүм суроонун ордуна, тогуттан өкүм суроого мажбур кылып жатат, акыйкатта болсо, бул тогут Яман үчүн күрөшүп жаткан эки мамлекеттин кызыкчылыктарын түшүндүрөт. Негизи, тогуттан өкүм суроо Санъадагы «Мовенпик» мейманканасында Жамал ибн Умар жетектеген сүйлөшүүдө башталды, кийин Женева, Стокгольм конференцияларына уланып, Кувейт конференциясында уланды жана Ханс Грундберг жетектеген Оман конференсиясына жетип келди. Аллах Таала бизди тогуттан өкүм суроодон кайтарып айтат:

﴿يُرِيدُونَ أَن يَتَحَاكَمُوا إِلَى الطَّاغُوتِ وَقَدْ أُمِرُوا أَن يَكْفُرُوا بِهِ﴾

«Алар тогутка өкүм сурап барууну каалап жатышат, акыйкатта болсо аларга ага ишенбөө буйрулган эле»                                                                                                                [4:60]

Сегиз жылдан бери токтобой жаткан бул согушта Яманга кезеги менен төрт БУУнун өкүлү дайындалып, алар өлкө үчүн күрөш алып барып жаткан эки мамлекетти айгинелейт. Бул эки мамлекет: Ямандагы эски таасир ээси Британия менен анын таасиринин ордун ээлөө үчүн бастырып келе жаткан Америка. Чыр-чатактарды чечүү жана согушту токтотуу үчүн келди делгендерден күтүлгөн нерсе – согушту токтотуу жана тезирээк проблеманы чечүү, миссиясын жылдап узартпай, согуштагы тараптарга курал-жарак жетишин токтотуу… Бирок, алар болсо, куралдардын келишин жылдап узартып жатышат, бул үчүн шылтоолорду ойлоп табышууда!

Яман калкы өз ара иштеринде өкүм сурап Аллах жана Расулуна кайтышы үчүн сегиз жылдык азап-кыйынчылктар жана андан мурунку ондогон жылдык күрөштөр жетиштүү эмеспи?! Аллах Таала айтат:

﴿فَإِن تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللهِ وَالرَّسُولِ﴾

«Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар, Аллахка жана Расулуна кайтаргыла!»                                                                                                                 [4:59]

Шексиз, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети – Ислам менен өкүм жүргүзүүнүн жана Яман калкын бул абалдан куткаруунун жалгыз жолу. Демек, аны тикелөөгө аракет кылып жаткандар менен болгула!

 

Роя гезити, №397, 2022-жыл, 29-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here