БУУнун Судандагы адам укуктары маселелери боюнча эксперти проблемаларыбызды чечеби же дагы да көбөйтөбү?!

181
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

БУУнун Судандагы адам укуктары маселелери боюнча эксперти проблемаларыбызды чечеби же дагы да көбөйтөбү?!

БУУнун Судандагы адам укуктары маселелери боюнча эксперти Адама Диенг Суданга жасаган экинчи сапарын аяктады. Сапар учурунда бир катар судандык расмийлер жана адам укуктары уюмдары менен жолугушуп, мамлекеттеги «адам укуктары» маселесин талкуулады. Бурхан БУУ расмийине Судандын адам укуктары маселесине болгон этибары жана берилгендиги Судан калкынын ишеними, үрп-адаттарынын ажырагыс бөлүгү экенин баса белгиледи. Ал БУУ расмийин адам укуктары маселесин саясийлештирбөөгө жана калыс чечүүгө чакырды. (https://sudantribune.net, 2022-жыл, 4-июнь).

Адам укуктары Кеңеши БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылы 15-мартта кабыл алынган №251\19-резолюциясы менен түзүлгөн. Бул кеңеш адам укуктарына коркунуч туудурбай жатат деп эсептеген мамлекеттерде кудум полиция сыяктуу иш алып барып, көзөмөл орнотот.

Маселенин коптуулугу ушунда: бул кеңеш коргой турган адам укуктары ушул маселелерде көөдөлөнөт: уюмдар жана жыйындардын эркиндиги, сөз эркиндиги, ишеним жана дин эркиндиги, аялдардын укуктары, гомосексуалисттердин укуктары, тектик жана этникалык азчылыктардык укуктары.

Бул эркиндиктер шарияттын чектөөлөрүнөн чыгууга жана динди – айрыкча, мамлекет жана коом мыйзамдары боюнча – адамдардын жашоосунан бөлүүгө чакырат. Бул эркиндиктер себептүү мусулман өлкөлөрүндө илманий коом жана партиялар кеңири жайылды, алардын баары Исламга жана Исламдын бийликке келишине каршы күрөшүүдө… О.э. алар адамды акча, кумар жана бийлик сыяктуу Аллах Субханахудан башка нерселерге кул кылган адам эркиндигине чакырышууда. Ошондуктан, Батыш мамлекеттери адам эркиндиги, ишеним эркиндиги, пикир эркиндиги жана мүлк эркиндигине үгүттөп, ушул негизде бүткүл дүйнөгө анархия таратууда.

Бул эркиндиктер мусулмандарды камтыбайт. Себеби, мусулмандар Ислам менен өкүм жүргүзүүнү каалашса, өлүмгө туш келишүүдө… Колонизатор мамлекеттер аларга өз армиялары жана малайлары менен аралашууда, Мисир, Алжир, Фалестин жана башка өлкөлөрдө болгондой.

Ооба, Судан өткөөл өкмөтү өлкө конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу бир катар харамдарды мубах кылып, динден чыгуу, сүткордук, гомосексуализм жана сойкулук менен алектенүү, мас кылуучу ичимдиктерди ичүү сыяктуу кылмыштарга уруксат берди. Премьер-министр Хамдук «мындай мыйзам жана өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышы өлкөбүз адилет системасын реформалоо жолундагы чоң кадамдар» деген жана «Судандагы бүткүл укуктук системалар боюнча бузулуулар жоюлганга чейин мына ушундай мыйзамдуу өзгөртүү жана кайра карап чыгууларды улантууга» убада берген. Адилет министри да мындай деген: «Бул өзгөртүүлөр туурасындагы мыйзам бир нече мыйзамдарды адам укуктары жана негизги эркиндиктер идеясына ылайык реформалоого багытталган». (Шаркул Авсат, 2020-жыл, 12-июль).

Эгер, өлкөбүздүн калкы бул Адам Укуктары Кеңешине толук укук берсе, анын коркунучу дагы да күчөйт. Мисалы, 2019-жылы 25-сентябрда Судан тышкы иштер министри Асма Абдуллах БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Мишель Бачелет менен келишим түздү. Жогорку комиссар тарыхий деп баалаган бул келишимде Суданда БУУга караштуу адам укуктары боюнча өкүлчүлүк ачуу, анын катарында Дарфур, Көк Нил, Түштүк Кордофан жана Чыгыш Суданда төрт көчмө бөлүмдөрүн түзүү назарга алынган. Келишим түзүү Нью-Йорктогу БУУнун кеңсесинде өткөн. Тышкы иштер министри Асма бул өкүлчүлүк «Судан калкынын адам укуктарына негизделген заманбап демократиялык улуттук мамлекет куруу каалоолоруна жооп катары ачылганын» баса белгилеген. Келишим түзүүдө катышкан Хамдук мындай деген: «Жаңы Судандын адам укуктары маселесинде жашыра турган нерсеси жок. Тескерисинче, биз адам укуктарын урматтоо калкыбыздын ажырагыс укугу жана андан пайдаланышы шарт деп билебиз». (БУУ, Адам укуктары боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын расмий сайты).

БУУнун өкүлдөрү, АКШ өкүлдөрү, Британия, Франция жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү да Суданга проблемаларыбызды чечүү үчүн келишпейт. Балким, мыйзамдарды жана шарият өкүмдөрүн өзгөртүү о.э. мусулмандарды Батыш «шариятынан» өкүм алууга мажбурлоо сыяктуу өздөрүнүн колонизатордук пландарын ишке ашыру үчүн келишет. БУУнун Судан маселелери боюнча мурдагы эксперти Аристиде Нононси 2017-жылы 22-январда өткөргөн маалымат конференциясында мындай деген: «Судан өкмөтү негизги конституциялык жана укуктук реформалар менен байланыштуу биздин 244 сунушубуздун 180ине макул болду… Судан парламенти конституция жана бир катар мыйзамдарга кошумча оңдоолор киргизүү жана аларды эл аралык адам укуктары стандарттарына ылайыкташтырууну карап чыгууга убада берди».

Биз түшүнүп жетишибиз керек, дүйнөнү башкарып жаткан капиталисттик түзүм астында адамдардын бир да укугу исламий өлкөлөрдө камсыздалбайт, өлкөлөрүбүз Аллах Таала жараткан фитратка тескери келген гомосексуалисттердин укуктарын колдогон эл аралык мыйзамдарга ээрчисе гана камсыздалышы мүмкүн. Эгер, мунун тескериси болсо, анда, Кытай жана Индиядагы мусулмандардын укугу кайда калды?! Тирүүлөй өрттөлүп, эттери желген Рохинжа мусулмандарынын укугу кайда калды?! Яхудийлердин камактарындагы ондогон муслима эже-карындаштарыбыз жана энелерибиздин укугу кана?! Францияда жоолук оронууга тыюу салынган муслималардын укугу кайда калды?! Швецияда кучагынан перзенттери жулуп алынып, маняктарга жана жыныстык бузукуларга сатып жиберилген муслималарды укугу кана?!

Митингде курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтуу туурасындагы сөздөргө же Бурхандын БУУ расмийин калыс чечүүгө чакырганына келсек, бул адамдарды адаштыруу жана алдоодон башка нерсе эмес. Мисалы, БУУ Ирак жана Афганистандагы ойрондулук жана кыргын туурасында ушул убакытка чейин эмне кылды?! Бушту, же Клинтонду, же болбосо Блэрди, же башкасын соттодубу?! Адам укуктары уюмдары яхудийлердин Фалестин калкына каршы жасаган баскынчылык, ойрондулук жана кыргын кылмыштарын унчукпай карап жатат го?!

Бурхандын БУУнун расмийине Судандын адам укуктары маселелерине болгон этибары жана берилгендиги Судан калкынын ишеними, үрп-адаттарынын ажырагыс бөлүгү экенин баса белгилегенине келсек, Батыштын назарындагы адам укуктары Ислам акыйдасына бүтүндөй тескери келет жана бул алыстагыларга да, жакындагыларда да ачык-айкын белгилүү. Мисалы, мусулман өлкөлөрүндө гомосексуализм менен алектенүү укугун ким берди?! БУУ тыгыштырган CEDAW конвенциясы мыйзамына ылайык аял кишиге валийсиз никелешүүгө ким уруксат берди?! Мас кылуучу ичимдиктерге, бузукулукка жана муртаддыкка ким уруксат берди?! Булар ушундай кылмыштар болуп, Ислам дини бул иштерди жасагандарга жаза дайындаган. Демек, Бурхан бул маселелерден жана алардын шаръий өкүмүнөн кабардарбы? Же ал БУУну, анын колонизатор мамлекеттерин жана элчиликтерин ыраазы кылуу үчүн шаръий өкүмдү четке сүрөбү?! Негизи, Судан калкына жана Исламга каршы айла-амал кылып жаткан жырткычтык уялары мына ушул элчиликтер болот…

Жетишет, генерал Бурхан эс-акылын жыйнасын жана динине, ыйманына кайтып, Аллах Субханаху буюрган шаръий позицияны т.а. Ислам өкүмдөрүн тикелеп, башкаруу жана саясатта шариатты колдонуу позициясын кармансын. Мына ошондо Уммат өз бийлигин кайтарып алат, арасынан салих таква пакиза бир адамга мусулмандардын халифасы катары шаръий байъат берет жана муну менен Аллах Субханахунун убадасы жана Расулубуз ﷺдын башараты жүзөгө чыгат. Ал ﷺ мындай деген:

«وَإِنَّهُ مَنْ يَعِشْ مِنْكُمْ فَسَيَرَى اخْتِلاَفاً كَثِيراً فَعَلَيْكُمْ بِسُنَّتِى وَسُنَّةِ الْخُلَفَاءِ الرَّاشِدِينَ الْمَهْدِيِّينَ عَضُّوا عَلَيْهَا بِالنَّوَاجِذِ»

«(Менден кийин) жашагандар көп карама-каршылыктарды көрөт. Анда, менин сүннөтүмдү о.э. хидаят тапкан рошид халифалардын сүннөтүн бекем карманып, азуу тиштериңер менен тиштегиле».

 

Роя гезити, №396, 2022-жыл, 22-июнь.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here