Токаев казак мунайын ташууда Россияны кыйгап өткөн жолдорду өнүктүрүүгө тапшырма берди

296
0

Токаев казак мунайын ташууда Россияны кыйгап өткөн жолдорду өнүктүрүүгө тапшырма берди

 Кабар: 5-июль күнү Россиянын Новороссийск шаарынын райондук соту казак мунайынын ири бөлүгү экспорттолгон Каспий куур консорциумунун (КТК) ишин 30 күнгө токтотуу тууралуу чечим чыгарды. Негиз катары кара май төгүлгөн жерлерди тазалоо планынын бузулушу көрсөтүлгөн. Казакстанда өндүрүлгөн мунайдын 80 пайызы ушул куур аркылуу өтөт. Куурдун жылдык мунай өткөрүү кубаты 67 миллион тоннага барабар.

Россия сотунун бул чечими артынан Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев мунайды сатуу үчүн Россияны кыйгап өтүүчү жаңы багыттарды, айрыкча, деңизди кесип өтүүчү багыт курууга көрсөтмө берген Токаев: “Казакстан эч качан деңиз мамлекети болгон эмес, а бирок азыр заман башка”, – деди.

Казакстан Европага мунай жеткирип берүүчү негизги малекеттердин бири болуп эсептелет. Казак мунайы негизинен Россия аркылуу өтүүчү Каспий куур консорциуму менен Европа өлкөлөрүнө жетип барат.

Казакстандын транспорттук-транзит системасын өнүктүрүүгө арналган жыйында казак мунайын сатуу үчүн жаңы багыттарды түзүү керектигин айткан президент Токаев:“Приоритеттүү багыт – Транскаспий багыты. “КазМунайГазга” аны ишке ашыруунун эң жакшы вариантын, анын ичинде Теңиз кенине инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну тапшырдым. Өкмөт «Самрук-Казына» менен бирге Атырау-Кеңкыяк жана Кеңкыяк-Кумкөл мунай куурларынын кубаттуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүшү керек”, – деди.

Транскаспий эл аралык транспорт маршруту мунай жана башка товарларды өткөрүүгө болжолдонгон багыт болуп, Кытай, Казакстан, Каспий акваториясы, Азербайжан, Грузия, Түркия жана Европа мамлекеттеринен өтөт. Башкача айтканда, бул багыт Россияны кыйгап өтөт.

Комментарий: Июнь айынын аягында өткөн Петербург экономикалык форумунда Касым-Жомарт Токаев Кремлдин негизги үгүтчүсү Маргарита Симоняндын суроолоруна жооп берип жатып: “Биз Тайванды, Косовону, Түштүк Осетияны жана Абхазияны тааныбайбыз. Бул принципЛуганск жана Донецк сыяктуу кээ бир аймактарга да тиешелүү. Бул – сиздин ачык берген сурооңузга ачык жооп”, – деген эле.

Казакстан президентинин бул жообунан кийин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Токаевди сындап чыккан. О.э. Казакстанды жана ЖККУга мүчө башка мамлекеттерди санкциялардан коркуп “унчукпай турууда” айыптаган Рамзан Кадыров: “Казакстан суверенитетин жоготуп баштаганда ким жардам берди? Россия санкциялардан коркпойт. Эгер мамлекетти тааныш керек болсо, силер мамлекеттерди тааныйсыңарбы, же тааныбайсыңарбы бизге мааниси жок”, – деген. Кадыровдун бул билдирүүсү Россиянын Казакстанга карата саясий басымы катары кабыл алынган болсо, казак мунайын экспорттоодогу негизги багыт болгон Каспий куур консорциумунун ишин токтотуп коюуну Казакстанга карата экономикалык басым катары кабыл алууга болот. Расмий Кремль бул аркылуу бир тараптан Казакстан экономикасына сокку бермекчи болуп жаткан болсо, башка тараптан казак мунайын чектөө аркылуу дүйнөлүк базардагы өз мунайына болгон талапты күчөтүүнү көздөп жатат. Аталган Каспий куур консорциуму аркылуу казак мунайын өткөрүү токтотулушу натыйжасында дүйнөлүк базарга күнүнө 1 миллион баррель мунай кирбей калат, бул болсо дүйнөдө керектеле турган мунайдын 1 пайызын түзөт. Россия бул таңкыстыкты өз мунайы менен жабууга аракет кылат. Путин өкмөтүнүн бул чечими Россия ишенимсиз өнөктөш экендигин дагы бир жолу ашкерелеп койду.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here