Туура, алар аалымдар, бирок…

167
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Туура, алар аалымдар, бирок

 Устаз Ахмад Абдулжавад Хажий

Баарыбызга белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө табигый жашоодо жашабай жатабыз. Кантип жашообуз табигый болсун, акыры, өз көзүбүз менен жер жүзүнүн чыгыш-батышындагы мусулмандардын абалын көрүп турган болсок. Муну көрүп, Аллах Субханаху ва Таала тарабынан адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Уммат деп бааланган улуу Ислам Умматынын ушул абалга түшкөнүнөн жүрөктөрүбүз эзилип жаткан болсо. Дагы да аянычтуусу, Уммат тарыхта кандай болгонун, бүгүн кандай кырсыктуу абалда жашап жатканын көрүп турабыз. Мындан да кайгылуусу Уммат Куръанда кандай сыфатталганын жана бүгүнкү жашоодо кандай абалда жашап жатканын көрүп жатабыз.

Ар кандай мусулманга бүгүнкү абалыбызга баа берүү кыйын эмес. Бирок, баа берсе да, Ислам Умматынын бул абалга түшүшүнүн себебин көпчүлүк адамдар билбей жатышат. Билбей жатышканы адамдардын «эмнеге бул абалдабыз?» деген суроолоруна берилген төмөндөгү жоопторунан көрүнүп турат.

Кээ бирөөлөрү бул суроого биз бири-бирибизди жакшы көрбөйбүз деп жооп берсе, кээ бирөөлөрү биз мындан жакшысына ылайык эмеспиз деп жооп берип жатат. Дагы башкалары биздин азап-кыйынчылыктарыбызга коомдогу адеп-ахлактын бзулганы себеп деп билүүдө.

Бул улуу Умматтын эмне себептен мындай абалда экенине тиешелүү бул сыяктуу жооптор бир далай.

Бул сыяктуу абалда Аллах Субханаху ва Таала уламалар жана талиби илимдерге кайрылышыбыз керектигин, ошолор мындай ачуу абалдын түпкү себебин ачыктап берүүлөрүн баян кылды. Аллах Таала айтты:

﴿فَاسْأَلُوا أَهْلَ الذِّكْرِ إِن كُنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ﴾

«Эгер, билбесеңер, ахли зикрден (уламалардан) сурагыла»                                              [16:43]

Ко-ош, бул жаатта пайгамбарлардын ишеничтүү мураскорлору (уламалар) кайда калышты?!

Уламалар жана талиби илимдерге карасак, камчыларын колго алып, Умматты сабалоого даяр турушканын көрүп жатабыз (Аллахтын рахматына жетишкени гана андай эмес), аларда жооп да, чечим да жок. Тескерисинче «бүгүнкү аянычтуу абалыбызга себеп бири-бирибизди урматтабаганыбыз», «арабызда жакшы ад-епахлактардын жоголгону» деген сыяктуу адамдардын адаттагы сөздөрүн дагы да күчөтүп жатышат. Албетте, бул жооптор эч нерсеге жарабайт. Себеби, бул «уламалар» жоопкерликти Умматка жүктөп, аны бардык нерсенин себепкери кылып көрсөтүшүүдө. Аларга акындын ушул сөзү туура келип жатканына күбө болобуз:

Талканга какалган сууга барат,

Сууга какалган кайда барат?!

Уламалар Аллах Азза ва Жалланын:

﴿إنَّ الَّذِينَ يَكْتُمُونَ مَا أَنْزَلْنَا مِنَ الْبَيِّنَاتِ وَالْهُدَى مِن بَعْدِ مَا بَيَّنَّاهُ لِلنَّاسِ فِي الْكِتَابِ أُولَئِكَ يَلْعَنُهُمُ اللهُ وَيَلْعَنُهُمُ اللَّاعِنُونَ﴾

«Биз түшүргөн далилдерди жана хидаяттан турган нерселерди адамдарга Китепте ачык-айкын кылып бергенибизден кийин аны жаап жашырган кишилерди кадиксиз Аллах наалаттайт жана наалаттоочулар (периштелер жана момундар) наалатташат»                                [2:159]

деген аятын жакшы билишет, билип туруп Умматтын азабын дагы да көбөйтүшүүдө. Алар Пайгамбарыбыз ﷺдын:

«مَنْ كَتَمَ عِلْماً أَلْجَمَهُ اللهُ بِلِجِامٍ مِنْ نَارٍ يَوْمَ الْقِيَامَةِ»

«Ким бир илимди жашырса, Аллах кыямат күнү аны тозок оту менен ооздуктайт», деген хадиси жөнүндө ой жүгүртүшпөгөнбү?! Же алар Куръандын харфтарынын махраждарын, тилават эрежелерин жана тажвидди, Набий ﷺдын хадистеринин текст жана санаддарын үйрөнүү менен гана алекпи?!

Абу Наим «Хуля»да Ибн Аббас розияллаху анхудан риваят кылат, Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:

«صِنْفَانِ مِنَ النِّاسِ إِذَا صَلَحَا صَلَحَ النَّاسُ وَإِذَا فَسَدَا فَسَدَ النَّاسُ: الْعُلَمَاءُ وَالأُمَرَاءُ»

«Эки түрдүү адам бар, алар оңдолсо, адамдар оңдолот. Алар бузулса, адамдар да бузулат. Алар: уламалар жана жетекчилер».

Балээнин башы – ушул адамдар. Ошондуктан, Расул ﷺ сарайга аралашкан, жакын болгон аалымды андан этияттануу зарыл болгон ууру экенин баяндаган. Дайламий «Муснади Фирдавс»та Абу Хурайра розияллаху анхудан риваят кылат, Расулуллах ﷺ айтат:

«إِذا رَأيْتَ العالِمَ يُخالِطُ السُّلْطانَ مُخالطَةً كَثِيرَةً فَاعْلَمْ أنَّهُ لِصٌّ»

«Эгер, аалымдын сарайга көп аралашып калганын көрсөңөр, билип койгула, ал – ууру».

Бүгүн уламалар Расулуллах ﷺдын минбарына чыгып алып, адамдарга абалды оңдобой турган нерселер жөнүндө сүйлөшөт, ушул себептен улам, алар менен адамдар эки башка тарапта. Уламалар жеке адамга тиешелүү ибадаттар жөнүндө сүйлөсө, өтө жакшылап түшүндүрүп жатышат… Ал эми, жамаат кылыш керек болгон фарздар жөнүндө сүйлөө керек болсо, аларды таба албайсыңар. Куръандын да өкүмдарларды тынчсыздандырбай турган бөлүгүн алышууда. Өкүмдарларды жемелеген нерсе жөнүндө болсо, унчукпай, миң шылтоолорду айтышат!

Андайлар Аллах Тааланын:

﴿وَيَسْأَلُونَكَ عَنِ الْمَحِيضِ قُلْ هُوَ أَذًى فاعْتَزِلُوا النِّسَاءَ فِى الْمَحِيضِ﴾

«Сенден этек кир жөнүндө сурашат. Айткын: «Ал – жагымсыз нерсе». Демек, айыз убагында аялдарыңардан оолак болгула жана таза болгонго чейин аларга жакындабагыла             [2:222]

деген аяты жөнүндө сабактарды өтүшүүдө, докладдарды даярдашууда… Бирок:

﴿فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِى أَنفُسِهِمْ حَرَجاً مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمٌوا تَسْلِيماً﴾

«Жок, Роббиңе ант, алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт»                                                       [4:65]

деген аятына туш болуп калышса, аттап өтүп кетишүүдө, кудум, бул нерсе аларга тиешелүү эместей! Алар Аллах Тааланын:

﴿وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ وَارْكَعُوا مَعَ الرَّاكِعِينَ﴾

«Намазды толук аткаргыла, зекетти бергиле жана руку кылуучулар менен бирге руку кылгыла»                                                                                                                        [2:43]

деген аятын кабыл алып жатат, бирок:

﴿وَأَنِ احْكُمْ بَيْنَهُم بِمَا أَنزَلَ اللهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُم وَاحْذَرْهُمْ أَن يَفْتِنُوكَ عَن بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللهُ إِلَيْكَ﴾

«Алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын каалоо-нафсилерине ээрчибе жана Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени (буруп) фитнага салып коюуларынан этият болгун»                                                                                            [5:49]

деген аятынан бүтүндөй жүз үйрүшүүдө!

Аалым бул кылмыштарды баарын бийлик ээлерин ыраазы кылуу үчүн кылды. Аларга жакын болуп, дунясын оңдоп берди, бирок, алар аалымдын ахыретин бузушту. Ушул себептен улам, андай аалымга Набий ﷺдын ушул хадиси туура келүүдө:

«الْعُلَمَاءُ أُمَنَاءُ الرُّسُلِ عَلَى عِبَادِ اللَّهِ مَا لَمْ يُخَالِطُوا السُّلْطَانَ فَإِذَا فَعَلُوا ذَلِكَ فَقَدْ خَانُوا الرُّسُلَ فَاحْذَرُوهُمْ وَاعْتَزِلُوهُمْ»

«Уламалар, султанга жакындашпаса, Аллахтын пенделери үстүндөгү пайгамбарлардын аманаткөйлөрү. Эгер, султанга жакын болушса, анда, пайгамбарларга кыянаттык кылышыптыр. Демек, алардан этият болгула, алардан алыс жүргүлө». Ооба, чындыгында, бүгүн уламалар сарайга жакын болуп, пайгамбарларга кыянаттык кылышты, Демек, алардан этият болуп, алыс жүрүү керек.

Ислам Умматынын жашоосунан Ислам кайып болгондон кийин ал туш болгон эң чоң балээ – бул салай уламалары. Себеби, азыркы уламалар Уммат менен өкүмдарлар ортосунда бекем тосмо болуп, бул залимдердин кылмыштарын оңдоп-боёп көрсөтүшүүдө… Негизи, алар Умматтын бийлигин тартып алып күнөөгө батышкан жана Умматтын желкесине минип алган өкүмдарлар… Ошондуктан, Пайгамбарыбыз ﷺ көптөгөн хадистеринде сарай уламаларынын коркунучунан эскерткен.

Ибн Адий Абу Хурайра розияллаху анхудан риваят кылган хадисте Расулуллах  ﷺ айтты:

«إِنَّ فِي جَهَنَّمَ وادِياً تَسْتَعِيذُ مِنْهُ جَهَنَّمُ كُلَّ يَومٍ سَبْعِينَ مَرَّةً، أَعَدَّهُ اللهُ لِلقُرَّاءِ الْمُرائِينَ بِأَعْمالِهِمْ، وَإِنَّ أَبْغَضَ الْخَلْقِ إِلَى اللهِ عَالِمُ السُّلْطانِ»

«Тозокто ушундай бир өрөөн бар, тозок өзү да ар күнү жетимиш ирет (Аллахтан) андан баанек беришин сурайт. Аллах аны амалдары менен рия кылган каарылар үчүн даярдап койгон. Албетте, Аллах үчүн эң жийиркеничтүү эсептелген кимсе – бул сарай аалымы». Ибн Мажа Абу Хурайра ﷺдан риваят кылган дагы бир хадисте Расулуллах ﷺ айтты:

«وَإِنَّ مِنْ أَبْغَضِ الْقُرَّاءِ إِلَى اللهِ تَعَالَى الَّذِينَ يَزُورُونَ الْأُمَرَاءَ»

«Каарылардан Аллах Таала үчүн эң жийиркеничтүү эсептелгени – жетекчилердин алдына бат-бат барганы».

Бүгүнкү күндө алардын арасында Аллах жолунда жемелөөчүнүн жемесинен коркпогон роббаний уламалардан үлгү алып, маъруфка буйруу жана мункардан кайтаруу, залимдерге каршы туруу позициясын карманган аалым табылбайт.

Хажжаж Васиттеги өзүнүн жаңы үйүн көрсөтүү үчүн Хасан Басрий рохимахуллахты алып келүүнү буйруду. Ошондо Хасан Басрий үйгө кирип, ушул сөздөрдү айтты: «Алхамду лиллах, бул падышалар өздөрүн азиз-күчтүү кылып көрсөтүп жатышат жана биз алардан ар күнү үлгү алып жатабыз. Бири кооз сарай куруп, төшөнчүлөрдү жасап, кооз кийим-кече даярдап жатышат, кийин ач көздүккө, көрпөчөлөргө жана отторго оролуп жатышат… О.э. бул жамандык ээлери «мен эмнелерди кылганымды көрүп койгула» деп жатышат… Мына, көрдүк эй алданган пенде, кийин эмне болот, эй фасыктардын фасыгы?! Асман калкы сени жаман көрбөдүбү, жер калкы сени наалаттабадыбы?! Себеби, сен өткүнчү дүйнөнүн үйүн курдуң, бирок, түбөлүк жашоонун үйүн ойрон кылдың, жалган үй менен алданып, бакыт үйүндө кор болдуң». Кийин ал үйдөн чыгып бара жатып мындай деди: «Аллах адамдарга илимди ачык көрсөтүү жана жашырбоо жөнүндө уламалардан убада алган», – деди… Аллахым, Хасан Басрийди рахматына алгын.

Бүгүнкү күндүн роббаний уламаларына келсек, алар камактарда жатышат же жат жерде жүрүп, массалык маалымат каражаттарына жакындай албай жатышат. Же болбосо, залим режимдер жана алардын разведка кызматкерлери тарабынан куугунтукталышууда. Демек, алар Расул акрам ﷺдын ушул хадисинде айтылган уламалар:

«بَدَأَ الْإِسْلَامُ غَرِيباً، ثُمَّ يَعُودُ غَرِيباً كَمَا بَدَأَ، فَطُوبَى لِلْغُرَبَاءِ قِيلَ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، وَمِنَ الْغُرَبَاءِ؟ قَالَ: الَّذِينَ يُصْلِحُونَ إِذَا فَسَدَ النَّاسُ»

«Ислам гариб болуп башталды, ал дагы гариб болуп кайтат, гарибдерге Туба бейиши болсун». «Я Расулуллах, гарибдер ким?», – деп суралды. Ал айтты: «Адамдардын бузганын оңдоочу кишилер». (Имам Муслим Абу Хурайрадан риваят кылган). Расулуллах ﷺ алар азчылык болушун айткан:

«هُمْ أُناسٌ صَالِحُونَ قَلِيلٌ في أُناسِ سُوءٍ كَثِيرٍ»

«Алар көптөгөн жаман адамдар арасындагы азчылык салих кишилер».

Бүгүнкү күндө Ислам Умматы үчүн мына ушундай эр кишилер өтө-өтө керек. Себеби, алар Умматка нажат жолун көрсөтүп берип, Умматты эгинди, урпак-муунду кыйратуучу залим башкаруу себептүү жүзөгө келген жаман абалды өзгөртүүгө жетектешет, ыйман жана итаат калкы азиз, ширк жана итаатсыздык калкы кор боло турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты кайра тикелөө үчүн олуттуу аракет кылышат. Мен Аллахтан ушул Халифалык тикелене турган күндү жакын кылышын сураймын, Ал буга кудуреттүү жана дуаларбы кабыл алуучу.

 

Роя гезити, №396, 2022-жыл, 22-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here