Халифалык мамлекети – адилет жана рахмат мамлекети

15
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Халифалык мамлекети адилет жана рахмат мамлекети

 Устаз Мухаммад Салих

Негиз – адамдын айыпсыз экендиги (күнөөсүздүк презумпциясы). Эгер, айып казыятта далил менен тастыкталбаса, айып өз тастыгын тапмайынча айыпталуучуну жазага тартуу харам болуп эсептелет. Казы Аллах Ахыретте азап катары белгилеген нерсени т.а. отту жаза кылып дайындашы харам кылынган.

Истисхаб эрежесине ылайык: «адамдын айыбы казыятта далил менен далилденмейинче, негиз анын айыпсыз экендигин талап кылат». Буга Расулуллах ﷺдын ушул сөзү далил:

«الْبَيِّنَةُ عَلَى الْمُدَّعِي، وَالْيَمِينُ عَلَى مَنْ أَنْكَرَ»

«Доогер далил келтириши, инкар кылуучу болсо ант ичиши керек». (Байхакий сахих санад менен риваят кылган).

Муну Расулуллах ﷺ казылык туурасында иш жүзүндө баян кылып берген: «Ваил ибн Хужр риваят кылат: Пайгамбарыбыз ﷺдын алдына бири Хазрамавттан, дагы бири Киндадан болгон эки киши келди. Хазрамавттык: «Я Расулуллах, бул атамдан калган жерге ээ болуп алыптыр», – деди. Киндалык киши: «Ал менин эгин эгип жаткан колумдагы жер, анын эч кандай акысы жок», – деди. Расулуллах ﷺ киндалык кишиден: «Сиздин далилиңиз барбы?», – деп сурады. Ал: «Жок», – деп жооп берди. Ал: «Демек, ал сизге ант ичип берет», – деди. «Я Расулуллах, бул фажир адам, ичкен антына турбайт, эч нерседен коркпойт», – деди. Ал: «Сизде мындан башка тандоо жок», – деди». (Имам Муслим риваяты).

Демек, казы өз илими менен өкүм кылбайт, айыпталуучу шаръий далил негизинде айыпталмайынча айыпсыз бойдон кала берет. Буга өзү муслима болсо да туура эмес аракеттери менен күмөн ойготкон аял жөнүндө Расулуллах ﷺдын:

«لَوْ كُنْتُ رَاجِماً أَحَداً بِغيْرِ بَيِّنَةٍ لَرَجَمتُهَا»

«Эгер, бирөөнү далилсиз ташбараң кылуучу болгонумда, албетте ушул аялды ташбараң кылмакмын», деген сөзү далил. (Муттафакун алайх). Араб тилинде «لَوْ» (эгер) харфы мүмкүн эместик харфы деп айтылат. Т.а. хужжат-далил мүмкүн болбогону үчүн ташбараң да мүмкүн эмес болуп калат. Далилдер төртөө болот, бешинчиси жок. Алар: моюнга алуу, ант, күбөлүк жана катъий жазуу түрүндөгү документтер. (Шейх Ахмад Даур, «Ахкамул баййинат» китеби, 9-бет).

Айыпталуучунун кыйноого учурашына келсек, бул Исламда чоң күнөө. Муну жасаган адам шарият өкүмдөрүнө ылайык катуу жазаланат. Кыйноо аркылуу моюнга алдырылган болсо, муну казылык иште эч кандай кыйматы болбойт.

Жада калса, айыпталуучуга коюлган айып туура жана адилеттүү казылык соту аркылуу далилденген болсо да, казы айыпталуучуга карата кыйноону камтыган жаза дайындашы мүмкүн эмес, шарият көрсөткөн жазалар колдонулат. Себеби, Исламда укубат-жаза чаралар адамдарды кыйноого салуу үчүн эмес, кылмыштан тыюу үчүн чыгарылган.

Фазл ибн Аббас розияллаху анхудан Расулуллах ﷺдын мындай дегени риваят кылынган:

«فَمَنْ كُنْتُ جَلَدْتُ لَهُ ظَهْراً فَهَذَا ظَهْرِي فَلْيَسْتَقِدْ مِنْهُ، وَمَنْ كُنْتُ شَتَمْتُ لَهُ عِرْضاً فَهَذَا عِرْضِي فَلْيَسْتَقِدْ مِنْهُ، وَمَنْ كُنْتُ أَخَذْتُ لَهُ مَالاً فَهَذَا مَالِي فَلْيَسْتَقِدْ مِنْهُ»

«Кимдин артына урган болсом, келсин өчүн алсын. Кимдин аброюн төккөн болсом, ал да аброюмду төгүп өчүн алсын. Кимдин мал-мүлкүн алган болсом, мына мал-мүлкүм, келип алсын». (Табароний, Муъжамул Авсат). Расулуллах муну өкүмдар болуп турганда айткан. Т.а. эгер адилетсиздик менен дарралаган болсом же малын зулум менен алган болсом, демекчи.

Бүгүнкү күндө мусулмандар жашап жаткан абалга карай турган болсок, мусулман өлкөлөрүндөгү зыянкеч өкүмдарлар бийликти өздөрүнүн олжосу жана мал-мүлкү деп билишет. Ошондуктан, бул өкүмдарлардын көзгө ачык көрүнгөн илдети – адамдарды кысымга алуу жана атайылап жазалоо болуп калды.

Мындан улам, Хизб-ут-Тахрир мусулмандарга сунуштаган «Халифалык мамлекетинин дастур долбоору» китебинин 13-беренесинде мындай делет: «Негизи, ар бир адам күнөөсүз. Эч ким соттун өкүмүсүз жазаланбайт. Адамды кыйноого салуу таптакыр жайиз эмес. Бул ишти кылган ар кандай адам жазаланат». Бул беренеден көрүнүп тургандай, экинчи Халифалык мамлекети жөн гана мамлекет эмес, адамдар үчүн адилет жана рахмат мамлекети болот. Аллах Субханаху ва Таала айтат:

﴿وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلا رَحْمَةً لِلْعَالَمِينَ

«Биз сени бардык ааламдарга рахмат кылып жибердик»                                             [21:107]

﴿إِنَّ اللَّهَ يَأْمُرُكُمْ أَنْ تُؤَدُّوا الأمَانَاتِ إِلَى أَهْلِهَا وَإِذَا حَكَمْتُمْ بَيْنَ النَّاسِ أَنْ تَحْكُمُوا بِالْعَدْلِ

«Албетте, Аллах силерди аманаттарды өз ээлерине тапшырууга жана адамдар арасында өкүм кылганыңарда адилет менен өкүм кылууга буюрат»                                                           [4:58]

 

Роя гезити, №396, 2022-жыл, 22-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here