Хадистин саясында Беш нерседен баанек суралган хадис

226
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хадистин саясында

Беш нерседен баанек суралган хадис

Абдуллах ибн Умар розияллаху анху риваят кылат: Биз Расулуллах ﷺдын алдында элек, ал мындай деди:

«كَيْفَ أَنْتُمْ إذَا وَقَعَ فِيكُمْ خَمْسٌ؟ وَأَعُوذُ بِاللهِ أَنْ تَكُونَ فِيكُمْ أَوْ تُدْرِكُوهُمْ: مَا ظَهَرَتْ الْفَاحِشَةُ فِي قَوْمٍ قَطُّ يُعْمَلُ بِهَا فِيهِمْ عَلَانِيَةً إلاَّ ظَهَرَ فِيهِمْ الطَّاعُونُ وَالْأَوْجَاعُ الَّتِي لَمْ تَكُنْ فِي أَسْلَافِهِمْ، وَمَا مَنَعَ قَوْمٌ الزَّكَاةَ إلاَّ مُنِعُوا الْقَطْرَ مِنَ السَّمَاءِ وَلَوْ لَا الْبَهَائِمُ لَمْ يُمْطَرُوا، وَمَا بَخَسَ قَوْمٌ الْمِكْيَالَ وَالْمِيزَانَ إلاَّ أُخِذُوا بِالسِّنِينَ وَشِدَّةِ الْمُؤْنَةِ وَجَوْرِ السُّلْطَانِ، وَلَا حَكَمَ أُمَرَاؤُهُمْ بِغَيْرِ مَا أَنْزَلَ اللهُ تَعَالَى إلاَّ سَلَّطَ اللهُ عَلَيْهِمْ عَدُوَّهُمْ فَاسْتَنْفَذُوا بَعْضَ مَا فِي أَيْدِيهِمْ، وَمَا عَطَّلُوا كِتَابَ اللهِ وَسُنَّةَ نَبِيِّهِ ﷺ إلاَّ جَعَلَ اللهُ بَأْسَهُمْ بَيْنَهُمْ»

«Башыңарга беш нерсе түшсө, абалыңар кандай болор экен?! Мен ошондой күндө болушуңардан же ошол күнгө жетип барышыңардан Аллахтан баанек сурайм: Кайсыл коом мурун ачык кылынбаган фахш иштер менен ачык эле алектене турган болсо, аларда ата-бабаларында болбогон өлөт жана оорулар көбөйөт. Кайсыл коом малдарынан зекет бербесе, жамгырдан куру калат. Анткени, мал болбогондо, жамгыр таптакыр жаабай коёт эле. Кайсыл коом тараза жана өлчөмдөн уруп калса, кургакчылык жана берекесиздикке о.э. акимдердин зулумуна дуушар болот. Эгер, өкүмдарлары Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзбөсө, аларга душмандарын өкүмдар кылып коёт. Ошондо душмандар алардын колундагы байлыктарын тартып алат. Эгер, Аллахтын Китебин жана Расулу дын сүннөтүн бекер кылышса, Аллах алардын кээ бирин кээ бирине душман кылып коёт». (Ибн Мажа жана Табароний риваяты).

Ушул беш нерсени Расулубуз ﷺ айтып, алардан Аллахтан баанек сурады, коомдун түзүлүшүнө жана негиздерине кыйратуучу таасир көрсөткөндүктөн бизди бул абалдарга билбей түшүп калуудан эскертти.

Бул беш абалдын биринчиси ижтима түзүмүнө, экинчиси жана үчүнчүсү экономика түзүмүнө, төртүнчү жана бешинчиси башкаруу түзүмүнө байланыштуу.

Биринчи: « Кайсыл коом мурун ачык кылынбаган фахш иштер менен ачык эле алектене турган болсо, аларда ата-бабаларында болбогон өлөт жана оорулар көбөйөт».

Бүгүн фахш (бузукулук) иштерди кеңири жаюу, ачык-ашкере кылуу, муну менен мактануу Батыш мамлекеттериндеги чөйрөдө басымдуу болууда. Бирок, бизде басымдуу эмес. Себеби, өлкөлөрүбүздөгү массалык маалымат каражаттары, ар кандай рекламалар фахшты кеңири таратып жатышкан болсо да, бирок, мусулмандар буга ыраазы болушпады. Аларды четке кагып, бийликтин ыплас рекламаларына жооп беришпеди. Ошондуктан, биз фахш иштерди ачык-ашкере кылган жана аны пикир эркиндиги деп билген Батыш мамлекеттеринде жаңы-жаңы оорулар тынымсыз жайылып жатканына күбө болуп жатабыз. Акыбетте, аларда сифилис, гонорея, тиф, СПИД жана жакында чыккан маймыл чечеги сыяктуу жаңы-жаңы жугуштуу оорулар пайда болду жана булардын баары мына ушундай айбанча жасалма эркиндиктин акыбети болуп эсептелет.

Аллах Субханаху мындай кырсыктуу ижтимаий (социалдык) балээлерден мусулмандарды сактады. Батыш бузгунчу эл аралык уюмдары аркылуу муслима аялды бузуу, мусулман өлкөлөрүндө арамза, уятсыз баалуулуктарга үгүттөө максатында ашынган кампанияларды алып барышса да, бирок, мусулмандар коом жана жеке адам катары, Батыштын мындай порно кампаниясынан – азчылыгынан тышкары – таасирленишкен жок. Иисламий ижтимаий баалуулуктар мусулман перзенттеринин жүрөгүндө тамыр жайганынын фазилетинен улам Аллах аларды сактады. Натыйжада, исламий өлкөлөрдөгү коомдорду ойрон кылуу, муслима аялды бузуу жана Батыштагы үй-бүлөлөр сыяктуу биздин үй-бүлөлөрүбүздү да ойрон кылуу үчүн CEDAW жетекчилигинде жүргүзүлүп жаткан маалымат кампанияларынын таасирине түшүп калуудан үй-бүлөлөрүбүз аман калды. Исламий үй-бүлө айбандык жыныстык эркиндик баалуулуктарын үгүттөгөн Батыштын ырайымсыз кампанияларына каршы акыркы чек ара болуп калды.

Экинчи: « Кайсыл коом малдарынан зекет бербесе, жамгырдан куру калат. Анткени, мал болбогондо, жамгыр таптакыр жаабай коёт эле».

Зекет Исламдын маанилүү негиздеринин бири. Ал маанилүү финансылык ибадат жана Ислам экономикасынын негизги түркүгү. Зекеттин бериле турган сегиз орду Исламдагы экономикалык турмуштун маанилүү негиздеринен болуп, зекетти токтотуу же тыйып коюу Исламдын маанилүү аркандарынын бирин бекер кылуу жаан анын экономикалык түзүлүшүн ачык ойрон кылуу гана эмес, мусулмандардын чоң бөлүгүн финансылык укуктарынан куру калтыруу дагы болуп эсептелет. Зекет Аллах жолундагы жихадды каржылайт. Жихад жизя, хирож, олжо, анфал жана ушр сыяктуу байтулмалга ири кирешелерди алып келет. Зекеттин токтотулушу, зекетти берүүгө буйрубоо, жыйнап алынбастыгы оболу Исламдан чыгуу эсептелсе, кала берсе, Байтулмалга келүүчү үлкөн булактардын жоголушуна да себеп болот.

Акыбетте, зекетти токтотуу асмандагы жамгырды чынында токтотот… Көрүп турганыбыздай, адамдарга жамгырдын жаап жатканы – бул айбандардын берекеси. Бул болсо, зекетти токтоткондор үчүн айыптоо жана ачуунун эң оор көрүнүштөрүнүн бири. Себеби, алардын ырыскысы айбандардын ырыскысына байланыштуу кылынды!

Үчүнчү: «Кайсыл коом тараза жана өлчөмдөн уруп калса, кургакчылык жана берекесиздикке о.э. акимдердин зулумуна дуушар болот».

Тараза жана өлчөмдөн уруп калуунун көп көрүнүштөрү бар. Алардын бири баарына белгилүү т.а. айрым сатуучулар таразадан жана өлчөмдөн уруп калган абал. Дагы бири мамлекеттин дыйкандар жана жумушчулардын эмгегинен уруп калышы. Мамлекеттин уруп калышы адамдын уруп калышынан зыяны чоң-коркунучтуу. Ушул себептен улам, бүгүнкү күндө көптөгөн мусулман перзенттери өндүрүш жана түрдүү кызмат көрсөтүү жаатында тер төгүп эмгектенип жатышканына, бирок, алардын бул эмгегин мамлекет жана анын компаниялары баалабай жатканына күбө болуп жатабыз. Өндүрүлгөн продукцияларын мамлекет өтө арзан баада сатып алып, аларга өтө чоң салыктарды салышууда. Алар өндүрүш жана жумушта кыйынчылык менен аракет кылышканына карабастан, жакыр бойдон калышууда… Өкүмдарлар аларга зулум кылышууда, ушул себептен бүткүл коом кургакчылык, жакырчылык жана коррупциядан башы чыкпай жатат.

Төртүнчү: «Эгер, өкүмдарлары Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзбөсө, аларга душмандарын өкүмдар кылып коёт. Ошондо душмандар алардын колундагы байлыктарын тартып алат».

Бул маселе негизинен төрт түрдүү адамдарда көрүнүүдө:

1)   Таъвил кылуучулар;

2)   Кафирлерге жасакерленген ыйманы алсыз мусулмандар;

3)   Мунафыктар.

Таъвил кылуучулар (бурмалоочулар) демократия Исламда бар деген жалган аркылуу Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзүүнү бурмалашууда. Кафирлерге жасакерленгендер өкүмдарларды ыраазы кылуу үчүн алардын куфр башкаруусун жалган далилдер менен акташууда. Мунафыктар болсо, куфр мыйзамдары Исламдан деп айтышууда. Бул үч тайпа адамдар «конституцияда мамлекеттик дин Ислам деп жазылган жана адамдар мусулман» деген нерсени шылтоолошуп, «заманга карап өкүмдөрдү өзгөртүүнүн зыяны жок» дешүүдө.

Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзбөөнүн акыбетинде кафир душмандар өкүмдар болушту жана Фалестин, Кашмир, Чеченстан, Чыгыш Түркстан, Мьянма жана Кипр сыяктуу өлкөлөрүн тартып алышты… Алар мусулмандардын көптөгөн байлыктарын талап-тоношту, акыбетте исламий өлкөлөр колонизатор мамлекеттердин башкаруусу астында калды.

Бешинчи: «Эгер, Аллахтын Китебин жана Расулу дын сүннөтүн бекер кылышса, Аллах алардын кээ бирин кээ бирине душман кылып коёт».

Аллахтын Китебин жана Расулу ﷺдын сүннөтүн бекер кылуу Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзбөөдөн айырмаланат. Себеби, шарияттын өкүмдөрүн бекер кылуу аларды ачыктан-ачык жокко чыгаруу жана адам ойлоп тапкан мыйзамдарды ачыктан-ачык колдонуу дегени. Ал эми, Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзбөөдө «Аллах түшүргөн өкүмдөргө тескери келбейт» деген таъвил, шылтоолор көрсөтүлөт. Мисалы, мамлекеттик дин – Ислам, мамлекет мыйзамдарынын булактарынын бири – Ислам деп конституцияга жазылган деген негизсиз далилдер келтирүү сыяктуу.

Бекер кылуу – бул Исламды түздөн-түз өзгөртүү жана алмаштыруу о.э. анын турмушта өкүм сүрүшүн ачык-ашкере жана расмий четке кагуу. Ал эми, Аллах түшүргөн өкүмдөрдөн башка нерселер менен өкүм жүргүзүүдө Исламдын мыйзамчылыктагы ролун үстүрттөн болсо да моюнга алуу бар.

Аллахтын Китебин жана Расулу ﷺдын сүннөтүн бекер кылуунун акыбетинде ич ара согуштар келип чыгат, арзыбаган себептер менен өз ара согуш болот, кийин мусулман өлкөлөрүнүн армиялары бири-биринин канын төккөн куралдуу топторго айланат!

 

Роя гезити, №396, 2022-жыл, 22-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here