Борбор Азия лидерлеринин 4-консультативтик жолугушуусу өтөт

32
0

Борбор Азия лидерлеринин 4-консультативтик жолугушуусу өтөт

Кабар: 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөрүү пландаштырылган жолугушууга Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын өлкө башчылары катышат.

Буга чейинки жолугушуу 2021-жылдын август айында Түркмөнстандын борбору Ашхабад  шаарында өткөн. Кезектеги жолугушууда аймактык жана эл аралык маселелер каралышы күтүлүүдө.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусун өткөрүү демилгеси Шавкат Мирзиёев тарабынан көтөрүлгөн. Алгачкы саммит Астана шаарында, экинчиси Ташкент жана үчүнчүсү Ашхабад шаарларында өткөн.

 Комментарий: 2018-жылы Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары Астанада жолугушуп, Өзбекстандын президенти Мирзиёевдин демилгеси менен аймактагы мамлекеттер ортосунда консультативдик жолугушуу уюштурулду. 2019-жылы Ташкентте Борбор Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусу өттү. Жолугушуудан кийин АКШ мамлекеттик катчысынын Чыгыш жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Элис Уэллс Ташкентте өткөн аталган жолугушууну алкыштаган. АКШнын ошол кездеги Өзбекстандагы элчиси Дэниел Розенблюм болсо: “С+1” жакшы, бирок, С5 эч кандай кошумчасыз андан да жакшыраак! Өзбекстандын аймактык кызматташтык тармагындагы жетекчилиги мактоого татыктуу”, – деген. Мындан тышкары, 2021-жылдын 5-августунда өткөн консультативдик жолугушууга БУУнун өкүлү Наталья Герман да катышкан. АКШ расмийлеринин жана Америка кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлгөн БУУнун өкүлдөрүнүн консультативдик жолугушууларга катышуусу жана колдоп-кубатташы бекеринен эмес.

Себеби, Борбор Азия мамлекеттеринин интеграция аракеттери АКШнын кызыкчылыктарына туура келет. Ал “С5+1” форматынан Борбор Азия мамлекеттерин Афганистан аркылуу дүйнөлүк базарга алып чыгууну о.э. ушул аркылуу аймактагы саясий-экономикалык кызыкчылыктарга ээ болууну көздөйт. 2021-жылдын 15-16-июль күндөрү ушул максатта конференция өткөрүп, анда аймактагы мамилелерди бекемдей турган “Термиз-Мазари-Шариф-Кабул -Пешавар” темир жолун курууга чакырыктар болду. АКШ бул кызыкчылыктардан тышкары аймакта Кытайга каршы маанайды күчөтүү жана Россиянын таасирин чектөө үчүн олуттуу аракет кылууда.

Россия аймактагы таасирин сактап калуу үчүн кол алдындагы КМШ, ЖККУ, ШКУ жана ЕАЭБ уюмдарынан пайдаланып келет. Бирок, учурдагы саясий, экономикалык жана аскерий абалында АКШ менен Кытайдын кирип келишине олуттуу каршылык көрсөтө албайт. Мындан тышкары, Россиянын Украинадагы ийгиликсиз согушу аймактагы мамлекеттердин батымдуураак кадам ташташына шарт түзүүдө.

Кытай болсо буга чейин калыптанган кеңейүү саясатын жүргүзүүдө. Ушул максатта аймактагы мамлекеттерди карыздар менен кишендеп алууда. Акыркы кездерде ШКУдагы таасирин күчөттү жана Борбор Азияда экономикалык эле эмес, коопсуздук тармагындагы кызыкчылыктарын да ишке ашыра баштады.

Консультативдик жолугушуу экономикалык жактан региондогу мамлекеттерге пайдалуу болушу мүмкүн. А бирок, бул кызыкчылыктар алгач колонизатордун жана эл аралык саясатта таасири бар мамлекеттердин кызыкчылыктарына дал келиши керек. Антпесе, түзүлгөн келишимдер кагазда кала берет. Ошол себептен, регионду бириктирүү үчүн алгач учурдагы эл аралык куфр түзүмүнө кашы тура алуучу идеологияга ээ болушубуз керек. Андан соң аны коомчулукка жеткирүү талап кылынат. Мындай кубатка ээ идеология Исламда гана бар. Демек, Ислам көлөкөсүндө биригүүдөн башка ураандардын бардыгы  малайлыктан башка нерсе эмес!

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here