Шамдагы согушкер жамааттар бузгунчулук жана зулумдукта өз кожоюндарын ээрчишүүдө

135
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Шамдагы согушкер жамааттар бузгунчулук жана зулумдукта өз кожоюндарын ээрчишүүдө

 Устаз Мухаммадсаид Абуд

Араб мамлекеттеринин режимдери Халифалык кулатылгандан кийин куфр мамлекеттеринин жардамында түзүлүп, алардын ошол убактагы абалы бүгүнкү күндөгү Шам жамааттарынын абалына өтө окшойт. Ошол убакта Мекке шарифи Хусайн Хашимий, Сауддар үй-бүлөсү жана башка араб мамлекеттеринин жетекчилери Франция жана Британия сыяктуу донор мамлекеттер менен алака кылышкан. О.э. Жамал паша тарабынан өлтүрүлгөн «алтынчы май» малайлары о.э. ошол мамлекеттер бийликке алып келип, мыйзам жана конституцияларды түзүп берген башка малайлар да ушундай болушкан. Ооба, кечеги күн бүгүнкү күнгө өтө окшойт!

Бүгүнкү күндөгү Шам согушкер жамааттары да донор мамлекеттердин план жана долбоорлорун аткарып жатышат. Бул долбоорлор Женева конференцияларына жана №2254-резолюцияга негизделген Американын саясий чечими долбоорлору.

Бул жамааттардын жетекчилери ар бир топ үчүн өзүнчө өкмөттөр түзүштү, Инказ өкмөтү жана убактылуу өкмөт сыяктуу. Калган «согуш амирлери» да өздөрүнүн таасир региондорун пайда кылып, салык салуу о.э. өтмөк пункттары, тосмолор жана жолдорго төлөм колдонуу аркылуу адамдарга үй-жай жана жашоо таризине басым өткөрө башташты. Бул басымдардын баары Американын саясий чечимине адамдарды ыраазы болууга мажбурлоо үчүн кылынды. Негизи, кээ бирөөлөр абалдан мына ушул чечим менен чыгабыз деп ойлошууда. Бирок, бул чечим «согуш амирлерин» адамдардын желкесине миндирип коёт. Мындан тышкары, бул саясий чечим жараксыз болуп, адамдардын проблемаларын чече албайт. Себеби, ал кемчиликтүү адамдар, колонизаторлор о.э. Ислам жана мусулмандарды жек көргөн адамдар тарабынан иштелип чыккан.

Биз Шам өлкөсүндөгү калкыбызга эстетип коюучу нерсе, бул согушкер жамааттардын жетекчилери донор мамлекеттерге козголоңдун курмандыктарын сатып, чечимдерин күрөө кылып коюшту, өздөрү жана перзенттери үчүн финансылык империяларды куруп алышты. Шейиттердин перзенттеринин абалына ыйлай турган эч ким жок! О.э. Сочи жана Астана конференцияларынын токтомдору аткарылышы катары региондорду душманга тапшырган бул жетекчилер калыс мужахиддерге ушул региондорду кайра азат кылуу үчүн фронтторду ачуусуна тоскоолдук кылышты. Абу Хавла окуясы буга ачык далил.

Демек, качкындар лагерлериндеги шамдык калкыбыз ушул абалга жетүү үчүн козголгон беле?! Алар шаар жана айылдарынан алыста, Түркия чегаралары жанында аянычтуу абалда жашоо, көптөн бери кордукта жашап жаткан фалестиндик качкындарга окшоп калуу о.э. Түркиянын улуттук коопсуздугун коргогон демографиялык өзгөрүү факторлоруна айлануу үчүн козголоң кылышкан беле?!

Шам калкы илманий режимди илманий режимге алмаштыруу же малай өкүмдардын ордуна «согуш амирлерин» отургузуу үчүн козголоң кылышкан беле, акыры, чет мамлекеттер менен алака кылышкандар, адамдарга салыктарды салып, өз капчыктарын адамдардын кайгысы акысына толтургандар, акыйкат сөздү айтып, алардын зулумуна каршы чыккан адамдарды камакка алгандар ушул залим жетекчилер эмеспи?!

Шамдагы козголоңчу калкыбыз түшүнүп жетиши керек болгон нерсе, согушкер жамааттардын жетекчилерине, алардын залим токтомдоруна о.э. козголоңчулардын максаттарын сатышына унчукпай коюу Аллахтын каарын келтирет жана төгүлгөн кандарга кыянаттык болуп эсептелет… Бул нерсе акыбетте донор мамлекеттердин, «согуш амирлеринин» жана америкалык кожоюндарынын кызыкчылыгын жүзөгө чыгара турган илманий башкаруунун пайда болушуна, козголоңчулар берген курмандыктардын текке кетишине алып келет.

Мындан тышкары, Ливан, Ирак сыяктуу ийгиликсиз бир Сирия мамлекетиндеги коррупциячыл режим астында жаман абалдын дагы да жамандашышына, жакырчылык, оору, сабатсыздык жана муктаждык сыяктуу азап-кыйынчылыктардын дагы оорлошушуна о.э. залим өкүмдарлардын репрессиясы күчөшүнө алып келет… Негизи, Шам калкы мына ушундай өкүмдарларга каршы козголушкан эле.

Калыс козголоңчуларга эстетип коюучу дагы бир нерсе, бул жамааттардын жетекчилери Америка жана анын малайлары менен саясий чечимди баскыч-бачкыч колдонууга келишип алышкан жана адамдар бул баскычтарды басып өтүшү үчүн алдап, пикирлерин уулап жатышат. Ушул себептен улам, алардын козголоңчулардын тагдыры менен ойношууларына жол бербөө керек. Себеби, аларга сүкүт кылуу ачык мункар иш.

Америка жана анын зыянкеч жана залим малайларынын саясаты согушкер жамааттардын жетекчилерин аларга кызмат кыла турган, иштер тизгинин алардын колуна бере турган жетекчилерге айлантты. Чындыгында биз жамааттардын жетекчилеринин көп аракеттеринде ушуга күбө болдук, алар өз кайрылууларында Америкага достук жана ыраазылык билдиришкенин, муътадил аракет сунуш кылышканын, АКШнын Мартин Смит жана башка өкүлдөрү менен жолугушуп, аларда өз муътадилдиктерин, ал тургай жан берүүчү мусулман экендиктерин далилдешкенин көрдүк.

Асад режими – Америка малайларынын бири. Ал бизди кыргын кылышында, өлкөбүздү ойрон кылып, калкыбызды кууп чыгарышында дал ушул Америка жардам берди. О.э. душмандарыбыз жана «досторубузду» – ушул канкор режимди дагы эле коргоолору жана тирүүлүк каражаттары менен ар дайым камсыздап туруулары үчүн – үстүбүздөн өкүмдар кылып койгон да мына ушул Америка болот. Жамааттардын жетекчилери муну түшүнүп жетишкен. Ошондуктан, АКШнын кызыкчылыктарын коргоо жана өлкөбүздөгү саясий долбоорлорду аткарууда Асад режиминин ордуна малай кылып алышы үчүн Американы ыраазы кылууну каалап жатышат. Бирок, тарыхта ар кандай саткын жана малайлардын акыбети эмне менен аяктаганынан үлгү алышпады! Кудум залим режимдер ишенишкендей, алар да кудум нусрат жана чечим Аллах Азза ва Жалланын колунда эмес, Американын колунда деп ишенишүүдө. Негизи, өз калкына кыянат кылган саткындын дини калбайт, өз кызыкчылыгын дин кылып алат. Анда убада-шерт да, абийир да болбойт. Себеби, динин дүйнөнүн арзыбаган матасына сатып жиберген болот.

Американы ээрчүү, анын кербенине кошулуп, кыйратуучу саясий чечимин жана илманий конституциясын кабыл алуу, шексиз, Исламга, Умматка жана козголоңго каршы кылмыш о.э. Аллах, Расулу жана момундарга каршы согуш.

Биздин мубарек Шам жериндеги элибизге айтуучу сөзүбүз, маселе өтө олуттуу жана коркунучу жайылууда. Демек, Аллах рахмат кылгырлар, көзүңөрдү ачкыла. Акыры, бул азап-кыйынчылыктан кутулуунун роббаний исламий чечиминен башка чечим жок. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык болгон Ислам башкаруусун тиккелөө үчүн аракет кылып жаткандарга кошулгула.

Дагы эстетип өтмөкчү болгон нерсе, тогут залим режимдер да пайда болушунда чет мамлекеттер менен алака кылган жамааттардын баскычын басып өткөн. Ко-ош, биз да бул жамааттардын жетекчилеринен кудум адамдар каршы козголуп, алардан кутулуу жолунда өз өмүрлөрүн жана перзенттерин курман кылган режимдер чыгарышын күтөбүзбү?! Же аларды сөзүндө, амалында, саясий долбоорунда Аллах жана Расулуна садык, Уммат жана динине калыс, Аллах жана Расулун ыраазы кыла турган, Уммат кызыкчылыктарын жана азиздигин жүзөгө чыгара турган адамдарга алмаштырышыбыз керекпи?! Уга турган жана кабыл ала турган кишилер барбы?!

 

Роя гезити, №395, 2022-жыл, 15-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here