Тунис кошуундары «AFRICOM» командачылыгы астында аскерий машыгууларга катышуусу чоң кылмыш

30
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Тунис кошуундары «AFRICOM» командачылыгы астында аскерий машыгууларга катышуусу чоң кылмыш

Тунис үстүбүздөгү жылы 16-июндан баштап «Африка арстаны 22» аскерий машыгууларына катышат. 2022-жылы 6-июндан 1-июлга чейин улана турган жана Марокко, Гана, Сенегал жана Тунисти өз ичине алган бул машыгуулар «AFRICOM» (АКШнын Африкадагы Командачылыгы) көзөмөлү астында өткөрүлөт. АКШ жана Европа мамлекеттери биригип 13 мамлекеттен 7500 аскер, 28 мамлекеттен аскерий байкоочулар катышат.

Бул кылмышка түшүндүрмө берип, Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү мындай деди: «Ошентип, Тунис өкүмдарлары эч уялбастан жана жоопкерчиликтен коркпостон, экинчи ирет офицер жана аскерлерибизди кресттүү Америка армиясынын жетекчилигине киргизүүдө… АКШ башчылыгындагы Батыш армиясы Атлантика кресттүүлөр армиясы болуп эсептелет. Бул армия мусулман калктарды, алардын катарында Тунис калкын душман деп билет жана душмандарча мамиледе болот. Американын мусулмандарга кандай гана душман экендиги далил талап кылбайт, себеби, анын Ирак жана Афганистандагы жырткыч кылмыштары алыс жана жакындагы баарына жакшы белгилүү. Яхудий вужудун ачык колдоп-кубатташы да сыр эмес. Тунис өкүмдарлары офицер жана аскерлерибизди машыгуудан өткөрүү үчүн жөнөткөн бул «AFRICOM» Америка тарабынан 2007-жылы түзүлгөн. Америка аны өзүнүн кресттүү жүрүштөрүн улантуу үчүн дүйнөдөгү башка америкалык командачыларды колдоп-кубаттап туруу максатында түзгөн. Аны ошол убактагы улуу Жорж Буш, кийин кичүү Жорж Буштар жарыя кылышкан. Ал жалаң гана согуштук миссия алып барбастан, аны менен бирге, туруктуу коопсуздук чөйрөнү жаратуу үчүн «жумшак күч логикасына» ылайык да аракет кылат. Бул көз караш Америкага Жер ортолук деңизди толук көзөмөлдөө, өз кызыкчылыктарын сактап калуу о.э. Тунис, Алжир жана Ливия сыяктуу саясий таасири болбогон мамлекеттерге кирип барууга мүмкүнчүлүк берет. Бул биргелешкен аскерий манёврду «терроризм жана кибер чабуулдарга каршы күрөш» деп актоо бир маска гана. Түпкүлүгүндө, андан Африкадагы аскерий аралашууга мыйзамдуулук түсүн берүү, ал жердеги илманий режимдерди колдоп-кубаттап, бийлигин коргоо о.э. Батыш жана анын жергиликтүү куурчактарынын кутулууга болгон эл козголоңун алдын алуу сыяктуу максаттар көздөлгөн. Түрдүү коопсуздук программалары деп жатышкан нерседен да ошол режимдердин аскерий кубатын Америка армиясынын көзөмөлү астында бекемдөө көздөлгөн. Муну менен Кошмо Штаттарды Ирак жана Афганистан согуштарындагы ийгиликсиздиктери артынан Африкада түздөн-түз аскерий аралашууга кирүүдөн сактоо жана проблемаларга прокси согуштар аркылуу күрөшүүсүн камсыздоо көздөлгөн.

Армиялардын милдети чоң. Исламий Халифалык заманында армия Исламды бүткүл дүйнөгө рисала катары жеткирүү, кордолгондорго нусрат-жардам берүү жана чегараларды коргоо аракетинде болгон. Бүгүн болсо режимдер армияларыбызды өздөрүнүн тактыларын коргоочу полиция күчтөрүнө айлантып алышты. Аларды басып алынган Фалестинди жана туткун Аксаны азат кылууга аракеттендирүүнүн ордуна, яхудий вужудун колдоп жаткан Уммат душмандарынын машыгуусуна жөнөтүшүүдө. Шексиз, бул – аларды тактыларынан кулатууну жана урандылары үстүндө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөөнү шарттаган кылмыш.

 Роя гезити, №396, 2022-жыл, 22-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here